*** Бакыт жолу узакпы же жакынбы? Деп издейбиз бакыт жандап турганда. Саргайтабыз чачыратып акылды, Туш тараптап сыноо камчы урганда. Кашаң аттай убакыт да кыбырап, Жылбай калат күтүү алса жакадан. Бакыт эмне? Азап эмне шыбырап, Сабыр гана сактайт бийик аскадан. Үмүт колдон алыс жакка жетелеп, Жөнөгөндө бакыт издеп барабыз. Бакыт бизди ороп жүрөт жетелеп, Пендебиз да, аны кийин билебиз. Кундузбү Маматова Куку
*** Алтындын эмне кереги? Асылдар турса жаныңда. Акыл кеп айтып коштосо, Кошулат нектар каныма. Күмүштүн эмне кереги? Колдосо калкың жаныңда. Кызыгын айтса өмүрдүн, Кошулат өмүр жаныма. Жыгылган жерден тургузуп, Жылмая карап берип кол. Өбөктөп калсам таяган, Өрнөктүү жакшым аман бол. Кундузбү Маматова Куку
БИШКЕК-ТҮРКСТАН Түйшүктүү сан ойлордон бүгүн качып, Баратам Түркстанга сапар тартып. Өзгөрүп кетсе экен сыноолорум, Кайрылып келгичекти өңдөн азып. Бакыттын бир учугун үзбөй улап, Ураган максаттарды бирден курап. Дубана болуп жерди кезсем дагы, Кудайдан адилеттик турам сурап. Түркстан калаасына баратамын, Түркүн ой, санааларды таратамын. Кайрылып калкыма мен баргычакты, Уулумдан санаам тынбай, азаптамын. Зыярат кылып элдин эсенине, Кайтамын эки күндө мекениме. Көп аман, көп ичинде уулум аман, Азаттык нуру тийсин чекесине. Түйшүктүү сан ойлордон бүгүн качып, Баратам Түркстанга сапар тартып. Өзгөрүп кетсе экен сыноолорум, Кайрылып келгичекти өңдөн азып. Кундузбү Мама
ТАҢКЫ ТӨГҮЛҮҮ Алып калем колума, Ыр жазууга олтурам. Кемтигимди дарылап, Ырым менен толтурам. Ак баракка тигилип, Сан оюмду бөлөмүн. Булгап жазып алууда, Келечегим көрөмүн. Тагдырымды жазгандан, Коркуп турам, абайлап. Жакшы жакка ой бөлүп, Өз-өзүмдү даярдап. Калем деген калем да, Сыя толсо төгүлөт. Көкүрөктө эргүүлөр, Көөдөнүмдөн бөлүнөт. Чымыраган колдорум, Чыйыр салат алдыга. Чийип ката оңдоймун, Алкыш айтып жакшыга. Мүдүрүлөм, жыгылам, Тик бет, таштак жолдордо. Жылаңайлак жылгада, Нелер келбейт ойлорго. Ирең-бараң күүгүмдө, Күн нуруна зар болом. Түн баласын кайтарып, Түндө төккөн ыр болом. Жылдыз чыкса суктанып, Жаш балача кубанам. Оюм кылт деп б
ОЙЛОР Күн көрүнбөйт көз жазгантып уялтчу, Булут жылат сапар улап тынымсыз. Мага жашоо токтоп калган сыяктуу, Ак баракка төгүп жазчу ырымсыз. Узун сапар… жол түгөнө көрбөгүн, Мен жолоочу терип келем ырыскы. Сапарлаштан адаштырып бөлбөгүн, Бапестейин кудай берген ырысты. Түрдүү түмөн адамдарга жанашып Автобуста ойго батып баратам, Айрымдары көзүн салса карашып, Аяр болуп аяр ырды жаратам. Аялдама..., чыгат-түшөт сапарлаш, Жол сапары өмүр сапар билгенге. Өмүр, өлүм үзөңгүлөш, катарлаш, Аялдама алыс өмүр сүргөнгө. Күн көрүнбөйт көз жазгантып уялтчу, Булут жылат сапар улап тынымсыз. Мага жашоо токтоп калган сыяктуу. Ак баракка төгүп жазчу ырымсыз. Кундузбү Маматова Куку 2
МЕЛЕК Кожоюн (атам) мени ишке киргизди. Кожоюндун менин өзгөчө жөндөмдүүлүгүм тууралуу маектеринен кийин үйдөгүлөр эле эмес, бүт туугандарым, жада калса айылдагылар мени чыныгы жазуучу деп эсептешет. Мисалы, качантан бери биздин мектептеги бардык иш-чаралардын көркөм бөлүгү мен айткан ыр айтыш менен аяктап калды. Темалар дээрлик бирдей, жаркыраган келечек үчүн дүйнөлүк пролетариатты бириктирип турган Коммунисттик партиянын эл, анын ичинде балдар жөнүндөгү аталык камкордугу, эмгекчилерибиздин эрдиги, биз жете турган жакшы күндөр жана совет элинин жана башка асыл иштери. Мектепте чыгармачылык жолумдун башталышы кожоюндун мен тууралуу ойлоруна түздөн-түз байланыштуу бо
ӨЗҮҢ КЕЛ Баратам ийри жолдо ойго батып, Санаалар ээрчип алган оролошуп. Күбүлгөн көңүлүмдүн тигиштерин, Тепчиймин кирпик менен жашым катып. Сөгүлүп кетпесин деп кабыргалар, Белиме белбоо тагам катар-катар. Кайрылып келбейм уулум үйдөн күтөм, Сен өзүң келип калгын тартып сапар. Сизонун эшигине төрт ай каттап, Колума эмне тийсе бекем сактап. Кудайдан тилеп келем бошошуңду, Арышым аттаганда атың жаттап. Бул сапар эң акыркы каттоом болсун, Жаркылдап өзүң үйгө кирип келгин. Алсырап жол караган апакеңди, Кучактап, беттен сүйүп кубат бергин. Баратам артка карап, оюм бүтпөй, Ичимде жалын өртүм быкшып түтөй. "Келгилик кылбасынчы ушул жерге", Дедим да арыш кердим колду шилтей.
Сия гүл ( Әңгіме) Таңғы күн шұғыласы Алатаудың қарлы шыңдарынан асып жайлауға түскенде еріксіз көз тартар табиғат сұлулығы ерекше ажарланып кетеді. Қатар тігілген боз үйлердегі күнделікті тіршілік қозы-лақтың маңырағаны, сиырдың мөңірегені, жылқылардың кісінегенімен басталады. Сол боз үйлердің бірінде ақ жаулығын артқа тастап қойып,зырылдаған сүт мәшинесімен сүт тартқан Алима, төрде ұйықтап жатқан жеті жастағы Гүлжанға күлімсіреп, елжірей қарады. Құрман боз үйдің есігін түре кіріп ,қолындағы қамшы, жүгенін керегеге ілді де, ұйықтап жатқан қызына бір қарап Алимаға бұрылып: - Бұл әлі ұйықтап жатыр ма? Күн сәске болды ғой. - Ия қатты ұйықтап жатыр. Кешке ұзақ ойнап шаршаған да Екеуі бір-б
СЫЯ ГҮЛ (Аңгема) Жайлоонун сулуулугун күндүн шооласы коштоп ансайын кооздукту тартуулап турат. Катар тигилген бой үйлөрдөгү күнүмдүк тирикчилик колу-улактын чурулдагы, уйлардын мөөрөгөнү, жылкылардын кишинегени менен башталат. Ошол боз үйлөрдүн биринде ак жоолугун артына арта таштап, зырылдаган сүт машинеси менен сүт тарткан Алима, төрдө уктап жаткан жети жаштагы Гүлжанга карап элжирей жылмайып койду. Аңгыча күйөөсү Курман боз үйдүн эшигин түрө кирип, колундагы камчы, жүгөнүн керегеге илди да, уктап жаткан кызын көргөзө Алимага кайрылды: - Бул дагы эле уктап жатабы? Күн шашке болду. - Ооба, катуу уктап жатат. Кечке ойноп чарчаптыр да. Экөө күлүп калышты.
Показать ещё