Предыдущая публикация
Тоо тирелет бийикте, тоо тирелет,
Кучагына шумкар-кушун ийиктирип.
Жер эненин киндигине тиркелгендей,
Асман-жерди бир-бирине бириктиктип.
Кар жамынган коктуда жашыл арча,
Алай-дүлөй бороонго сестенишет.
Тамырларын жайылтып көбөйүшүп,
Көктү карап кылымдарды эскеришет.
Алмаз таштай чагылган тоңгон мөңгү,
Күн нуруна көз кысып солк да этпейт.
А булагы жер түбүн тешип чыкса,
Майда чыбыт, көк чөптөр өсүп көктөйт.
Жаз да келди карачы, күн ачылып,
Кыш узады буулуга ашып кырды.
Көз жаздымда калтырбай кереметти,
Оо, акындар жазгыла сонун ырды.
Кундузбү Маматова
Куку
16.03.24.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1