2-болум.
Ушу созду тил тилине тийбей шуулдай кудундап суйл0п жаткан досунун созун жанатан бери угуп тиштенип турган Нурбол болду.
- мен эмне сенден кыз сурадымбы?!
- сурабадын. Эми...эми... Нуке ушундайын жаманда! Акыркы кундору апасынын баласы б0луп эле уйундон чыкпас болдунго назданып!
- сага о0рчулук жаратып жатамбы?!жиндене ачуулу да какшыктуу да суро0 берип жатты.
- озун менен озун б0лбой бизге к0шулуп к0йс0н б0лот элего деп досу таарынгандай суйлоду. Нурбол озун бир аз токтотту да анан кайра:
- таарынба досум, ичип чегип журо бергенде пайда жокта. Ошол к0нул ачкан убакытыбызды келечеке жумшасак озубузго эле жакшы го. Мурунку кун отту, кетти. А эми ар кайсы гулго конуп журо бербей бир гулдун тамырын аяр кармап ошону гулдотуп остуройун.
- Жанара менен суйлошуп жатасынбы?
- ооба. Бугун жолугушум керек эле бирок маанайым бир аз ч0гуп турат.
- ичпей , чекпей калганына кубанычтамын Нуке.
- рахмат досум. Жаман корбо келечекти туура тандайлы, озубуздун жакшы жаш0обуз учун. Анан адам атка да к0н0буз, убакыттын отушу менен сый урматка да татыйбыз анан шашпай кийин деле ичип жетишебиз деп т0кто0 суйлоду. Бул создорду досу угуп туруп намыстана тушту бир четинен Нурболго чалганына ынгайсы3данып да жатты. Бирок намыстанганын, ынгайсыз абалда турганын байкатпай созго буруп башка нерсени суйл0п кетти. Нурболдон мындай созду биринчи жолу угушу эле. Нурбол буга чейин шайыр шатман, ачык айрым эки кундун биринде отуруш кечелерди уюштуруп шуулдап турган жигит болсо а азыр таптакыр озгорду. Жашы деле 21де. Же жашо0 адамды ушинтип тарбиялап коебу же б0лбосо адам эс тартып акылга киргенде озу эле озгоруп кетеби эч тушунуксуз. Мынтип айтып бул ойго кошулайын десекта бирок орто жашка жетип аз да акылга ээ боло албагандар канча... Нурболда акыркы кундору тунт адамга айланып озу менен озу болуп кеткен...
***
Жаныдан гана ойг0нуп башы сынып кетчудой о0руп магазинге телтендей басып келген бул кишини магазинчи аял жек к0ро карап арактан 100грамм куюп андан сон кишиге карап "биринчи акчасын толо" дегендей тур корсотту. Калчылдай козун жалдырата магазинчи аялды карады да андан кийин кир болуп ылайдын чачырандысы синген курткасын антара ч0нтокторун карап жатты. Ч0нтоктору да айрылып, ичине кагаз кугаздын айрындылары да толуп калыптыр. Кыязы жамгыр , карга суу болуп эзилип кайра кургап ч0нт0кторунун бурч бурчтарына такалып да калган. Колу ошол кагаздарга тийген сайын суйунуп алып карайт да бирок кагаз экенин коруп кайра маанайы тушо жерге таштап кийинки ч0нт0кторун карайт. Эгер азыр ч0нт0кторун0н акча чыкпай калса эки кадам нары жакта стаканга куюлуп турган ичимдике жетпей калчудай тытмаланып жатты. Магазинчи аял жактырбагандай карап сынай тиктеп турду. Карызга эле берип койм0к бирок толонбой калып кетет. Тиги киши эч нерсе таппаган с0н магазинчи аялды коздорун жалдырата карады да жалдырай баштады:
- олг0ну жатам, берчи?
- жок бере албайм, акчан б0лг0ндо кел.
- азыр ичпесем жаным узулчудой, аяп к0йчу.
- ар бирин эле аяй берсем а мени ким аяйт?
- бир аздан кийин балам келсе эле алып келем.
- ой жок кереги жок. Балан менен урушуп ит мышык б0луп буттум.
- аракты куюп да койдун ке бер эми жутуп жиберейин, алып келем акчасын.
- зыяны жок кайра артка куюп коем, жалдыраштын кереги жок акчанды алып кел анан иче бер. Мен дагы балдарым деп олтурам бул жерде. Магазинчи аялдан жалдыраштын деле кажети жок экенин билди да анан кайрадан ч0нт0кторун антара баштады. Чындыгында ишеничтен да кеткен, акчасын эртен берем деп алып ичип бирок акчанын жоктугунан улам алып келе албай к0п жолу алдаган. Бул нерсеге магазинчи аял к0нуп бутсо да баласынын жаман создорун0 ызаланып карызга бербей турган б0лг0н. Дайыма ушинтип жалдырап жалынып келип турса анан кантип бербей кое алат. Бирде бербей да койсо а бирде б0ору о0руп берип да к0йчу. Бугун да берип койм0к бирок баласынын создорун0 жини келип отурду. Бул создорду мурун деле угуп жург0н, а бугунку созу ото таасирдуу анан кату тийди. "алдап ичирип, кайра мас неменин карыздарынын устун0 эки эселетип кошуп жазып конг0нсун!" деген создору дагы да кулагына жанырып турду. Тиги киши акча издо0 менен алек, бир убакта ички ч0нтогун0н майда м0неткалардан тапты окшойт жаш балача суйунуп санай баштады. Бирок 6 сом эле экен, 100граммды ичиш учун дагы 9 сом керек. Чыгып калаар деген ой менен умуттонуп кайрадан издеп баштады. Бирок болг0н т0лг0н ч0нт0гун антарып чыкты, жыйынтык чыкчудай эмес. Магазинчи аял жактырбагандай тигилди да анан акчаны алып стакандагы аракты сунду. Энеси уул торогондой суйунуп муздак ачуу суусундукту тамагы кургай жутуп жиберип айрылып кир болгон курткасынын женин жыттай мурдуна басты да магазинчи аялга ыраазычылыгын билдирип жоноп кетти. Тейтендеп жол бою келе жатты, кошуна колондор таанып бутк0н алардын жаман карап отуп жатканын оюна да алгысы келген жок. Элдер бири ишке шашып, бири садикке баласын жетелеп, бири маршрут кутуп оз тиричилиги менен алектенип жатышса а бул киши аракты гана ойл0п анын ачуу даамынан ырахат ала келе жатты...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6