1-болум.
Мурат бугун дагы адаттагыдай ишине чыкты, бул иши кадимки кесипке айланган эле. Бул кун базар куну б0лг0ндуктан эл к0п, бут коерг0 жер жок, базарда бири шашып журот ал эми экинчиси майда чуйдо алып а ал эми учунчусу сатып айтор эл жык толгон. Кундун ысыгы меени куйкалап, адамды тердетип бар кучун алып алсыратып анча мынча о0русу барларды со0 калтырчудай эмес. Элдин к0п б0луп тыгылыш б0лг0ну чонтокчу кызматкерлери учун алда канча ынгайлуу. Мурат дагы ушул ишти аркалап ушул кызматынын артынан нанын таап жеп, кунумдук жаш0осу менен жашайт. Иш жок, жумушсуздук куч алган, маяналар аз...анан айласы жок ушул ишке ишто0ну эп коргондордун саны арбын. Башкалардыкындай к0п б0лм0луу зангыраган уйу б0лбосо да Ош базардын жанында кичинекей эки болм0луу жеке менчик уйу бар. Азыркы заманда Ош базардын жанынан эмес Бишкектин сыртында жонокой гана жер тилкесин алуу да кыйындыкты жаратат. Мурат озу шуулдап турган, жерге сууга тийбеген, к0зун0 буюм тайым корунсо акырын кармап салып кеткен бала. Жашы деле улуу эмес 25-24 куракта, жаш баш болсода орто жаштагыларга салыштырмалуу куулукту жакшы уйронго. Бирок ушундай жаман сапаттары болсо да мун0зу жакшы. Копту коруп, копту тушунуп баарына козу жетип турат. А мун0зу адамга кату айтып бир0онун к0нулун о0рутпайт. Бироо жардамга муктаж болуп турса жардам берууго шашкан жигит. Улууну да кичууну да сыйлап, айрыкча аялзатына жумшак мамиле кылып к0нулун карап ийилип турат. Достору аябай к0п, бирок к0пчулугу озун0 окшог0н ч0нтокчу ууру кески бекерчилер, Муратка эч жардамы жакшылыгы жок. Тескерисинче алып жутушат. Мурат шаарда озу жалгыз гана турат, уйунун бир б0лм0сун квартирага да берип к0йг0н. Ал эми Мураттын жеке жаш0осун айта берсе озунчо бир узун тарых. Бирок кыскача айтканда кичинесинен оз ата эне мееримин сезбей деддомдо оск0н, атасы к0п ичип апасын уруп сабап бакпай башка аялды ээрчип кеткен экен. А энеси байкуш баласын бага албай айласыздан деддомго таштап кетет. Бирок Мурат 3 жашка чыккан убакта бир кайрылып келип баласын коротда кайра кетип ошо менен кайрылбаган экен. Ошентип энесинин мееримине, жылуу созун0 зар б0луп деддомдо жашап ч0н0юп 3 - класска келгенде Муратты бир орус кемпир сатып алып кетип багып ч0н0йтот. Орус кемпирдин чалы кайтыш болуп а кызы бакпай таштап кетет. Андан кийин бул Муратты баккан. Муратты эч нерседен кем кылбай, бир о0р ишти к0луна тийгизбей, классынын алды кылып ч0н0йтуп багат. Мурат окууну аяктап бир жылдык гана училищеде окуп андан кийин со0да сатык менен алектенип иштеп баштайт. Кемпирдин эмгегин да жерге тепселебей тапканын ташып кемпирди даарылатып кареги менен тен айланып карап багат. Бирок карылыгы да жетип тамын Муратка жаздырып а озу ажалга м0юн сунуп кете берет. Ишенгени кемпир б0луп калган эле андан кийин Мурат кой ай деген эч кимиси жок терс жолдорго тушуп , достору да начар чыгып арак пивог0 азгырылып женил о0кат менен жашап калган. Жашоосунда жакында эле чон жанылык болду, базарда жаш балдардын кийимин сатып иштеген Амина менен таанышып анын сырдуу да жылуу да коз карашын жактырып ал гана эмес таанышып да жетишкен. Башында экоо бир жумада бир жолугуп сейилдеп сыр чечишип анан жылуу коштошуп кетишсе бара - бара сагынышып корушпой калса куса да болчу адат табышкан. Эми мына бугунда шашып Аминанын ишине баратты. Амина да контейнерин жаап бутуп калган экен, Муратты коруп жылмайып койду да кеттик дегендей коз кысты. Амина жайдары жургон кичипейил кыз. Мун0зу да жакшы, адам менен да бат тил табышкан бала кыял жан. Мураттын иши тууралу сураса кулуп жайнап кутулуп кетет, бирок бул маанилуу эмес эле. Негизгиси Мурат жанында мандайында болсо болду...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17