Предыдущая публикация
Оо энеке ак сүтүңүз менен бактыңыз,
Түн уйкуңуз төрткө бөлүп карадыңыз.
Чатак салып,чыр чыгарсам,
Ошондода мага катуу айтпадыңыз.
Оо эреке алпештеп мени бактыңыз,
Мээрим төгүп саамаиымдан сыладыңыз.
Эгер менин күчөп калса жөтөлүм,
Аиыгуумду бир кудаидан сурадыңыз.
Оо энеке баарын мага арнадыңыз,
Жетелеп мени жакшы жолго салдыңыз.
Мен окууга кетерде аман бол деп,
Бердиңиз алакан жая ак батаңыз.
Оо энеке акыңыз көп менде сансыз,
Ак сүтүңүз актайм мен калдыңыз.
Жараткандан жалдырап күндө дайым,
Өмүр тилеп жүрөт сизге өз балаңыз.
Автор: Б.Кенеш
5.01.2008 Хорог шаары.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2