Кош дебедин коштошбодун ардагым,
Колун кармап кете бердин башканын.
Журоктогу жалындаган жаш суйуум,
Кала берди болуп менин арманым.
Суйом дедин,кутом дедин жалжалым,
Сезбептирмин создорундун жалганын.
Мен ишенип бал чапчыган кептерине,
Айрылдым мен озундон алыс калдым.
Кош эми кош бол менин арманым,
Бактылуу бол менин сага кааларым.
Жолуксак тагдыр жазып кайрадан,
Сен мени,мен сени тааныбаймын.
Б.Кенеш 14.06.2014
Бишкек шаары..
#коштошбодун
Акыркы сөзүм.
Кечир мени ардактап сүйалбадым,
Ак сүйүүңдүн баркына жеталбадым.
Анткени тагдыр деген татаал экен,
Байкабай жакшы күнүм кырчып алдым.
★★
Билемин мен сенчелик сүйалбадым,
Берген сөзгө чынында туралбадым.
Анткени жарыктыкта жаңылышуу көп экен,
Айла канча мен өзүңдөн алыстадым.
★★
Капа болбо эми менден каралдым,
Кайрылып жолугууга баралбаймын.
Анткени көргүм жок кайра баштан,
Махабаттын мага берген азабын.
★★
Акыркы сөзүм,бир өтүнүч суранамын,
Болду эми эмнеге деп сурабагын.
Анткени себеби көп кеткенимдин,
Бирок айтпайм касташууну каалабаймын.
Автор: Б.Кеңеш.
Энеке.........Оо энеке ак сүтүңүз менен бактыңыз,
Түн уйкуңуз төрткө бөлүп карадыңыз.
Чатак салып,чыр чыгарсам,
Ошондода мага катуу айтпадыңыз.
Оо эреке алпештеп мени бактыңыз,
Мээрим төгүп саамаиымдан сыладыңыз.
Эгер менин күчөп калса жөтөлүм,
Аиыгуумду бир кудаидан сурадыңыз.
Оо энеке баарын мага арнадыңыз,
Жетелеп мени жакшы жолго салдыңыз.
Мен окууга кетерде аман бол деп,
Бердиңиз алакан жая ак батаңыз.
Оо энеке акыңыз көп менде сансыз,
Ак сүтүңүз актайм мен калдыңыз.
Жараткандан жалдырап күндө дайым,
Өмүр тилеп жүрөт сизге өз балаңыз.
Автор: Б.Кенеш
5.01.2008 Хорог шаары.