Аарылар эч качан укташпайт.
-Аарынын 5 көзү бар.
-Үч көзү башынын үстүңкү, ал эми экөө астыңкы бөлүгүндө жайгашкан.
-Бал аары мүнөтүнө 11 миң 400 жолу канат кагат.
-Жарым килограмм бал чогултуш үчүн 10 миллиондон ашык гүлдүн ширесин чогултушу керек.
-Бир күндө 7 миңден ашуун гүлдүн ширесин чогултат.
-Гүлдүн жытын 1 чакырым алыстыктан сезе алат.
-Бир бал челектен орточо эсеп менен 10-20 килограммга чейин бал алынат.
-Аарылар тубаса «математик» жана «куруучу» болушат.
-Бир уюкту курууга миңдеген аарылар катышса да, чиймеси жок болгону менен, баарынын формасы жана көлөмү бирдей болот.
-Күчтүү “үй-бүлө” бир күндө 5-10 килограммга чейин бал чогулта алат.
-Уянын ячейкаларынын алты бурч болушу, биринчиден, бош жер калтырбоо, экинчиден, “курулуш материалын” үнөмдөө болуп саналат.
-Уюгун куруп баштаган аарылар бир жерден эмес, ар тараптан башташат да, бир жерден бүтүрүшөт. Ошого карабастан, эсеби таптак чыгат.
-Аарынын уюктун жанына келип айланып “бийлегени” – анын ширелүү гүл тапканынын белгиси.
-Жүндөн токулган жана кара түстөгү кийимдер аарыны дүүлүктүрөт. Ошондуктан аары менен иштегендер ачык түстөгү кийимдерди кийишет.
-Аары түтүндү аябай жактырат. Түтүн аарыларды тынчытат. Чакпай калат.
-Бал аары чаккандан кийин өлүп калат. Анкени анын ийнеси орокко окшош келип, бүт денеси менен туташкан.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7