(Башталышы өткөн сандарда)
Жанаранын макаласы гезит бетине жарыяланды.
– Акыры баары бир көздөгөн максатыма жетем! - көздөрү адаттан тышкары жайнап турган курбумду көрүп, мен дагы аябай сүйүндүм. Өзү айткандай бул Жанаранын ийгилигинин башаты гана болчу. Дем-күч алып, ал ого бетер бар күчүн берип иштеп жүрдү.
Ошондой күндөрдүн биринде тагдыр мени кайрадан Дастан менен жолуктурду. Айылдагы апам менен атамдан акча сурап кыйнай бербейин деген максатта иштейин деп чечтим. Студент болсоң кайдагы башка жумуш, гезиттерди карап отуруп, «үйдү тазалап-жууп бергенге кыз керек, айлыгы жакшы» деген жарнаманы окуп, дароо чөнтөк телефонум менен чала баштадым. Биринчисинде эле коңур үн трубканы алды. Бир сааттан кийин чалышымды өтүнүп коюп салды. Жумуш мага өтө керек эле, аргасыз бир сааттан кийин кайрадан номерди тердим.
– Саламатсызбы, мен жарнама боюнча чалып жаттым эле...
– Саламатсыз, азыр бош эмесмин,- деген өкүм үн угулуп, трубканы коюп салды.
Шагым сына түштү. Ошол күнү кечке маал өзү кайрадан телефон чалды.
– Сиз жумуш боюнча чалдыңыз беле? Мага үйүмдү тазалап турганга бир кыз керек эле. Жумасына эки жолу келип-кетип иштесеңиз болот. Маянасы жакшы.
Ушинтип сүйлөп менин жообумду укпастан үйдүн дарегин айтып, кайра телефонду коюп койду. Мына сага, жинимдин келгенин сурабагыла... Бирок кызыгуубу же ошол кезде чын эле мага жумуш өтө керек беле билбейм, айтылган дарекке барганга аргасыз болдум. Заңгыраган үй экен, коңгуроосун басып, демимди ичиме алып туруп калдым. Эшик шарт ачылды, суз тиктеген аял мени башыман бутума чейин тиктеп турду да, араң саламдашты.
– Мен жумуш боюнча келдим эле...
– Кириңиз.
Жомоктогудай салынган эки кабат үйдү айланта карап алдым. Бул жерде жашаган адамдар өтө бактылуу болсо керек деп ойлодум. Тигил аял колума чүпүрөк карматып, чакаларды берип, тез эле жумушка салды.
Кечинде чарчап үйгө барсам Назик менен Жанара мага тамак жасап коюп күтүп отурушуптур.
– Ии, биринчи иш күнүң кандай болду?- деди Жанара көзүн кыса.
– Укмуш.
– Кандай үй экен?
– Ой, кыздар, айтсам ишенбейсиңер...
Насилибиз аял эмеспи, чарчаганымды, ачка болгонумду унутуп, жумушум тууралуу сүйлөй баштадым.
– Кимдер жашайт экен, ал үйдүн кожоюнунун сен чаап ала турган баласы бар бекен?- деди Назик адатынча.
– Эй, койчу, кайдагыны айта бересиң. Болсо да мени карап коюптурбу?
– Өзүңдүн бааңды өзүң билбей жүрөсүң. Азыркы заманда сендей кыздар таптакыр аз. Акылдуусуң, бирок жулунбайсың, ашкере мээрим бересиң, бирок эч нерсе талап кылбайсың. Сулуусуң, бирок таптакыр мурдуңду көтөрбөйсүң. Сен бул заманда адашып калган бир адамсың да,- деген Жанара далыман таптай берди.
Ошентип мен жогорудагы жомоктогудай үйгө кызматчы болуп иштеп калдым. Бир жумада эки жолу барып тазалап кетем. Аял болсо мени үйдүн жашоочулары жокто чакырчубу билбейм, айтор, бир да киши көргөн жокмун. Бир күнү терезелердин чаңын аарчып жатып, кимдир бирөө мени тиктеп турганын сездим. Кылчая берсем Дастан мени тиктеп туруптур.
– Салам,- деди ал жай үн менен, кудум күндө мени ушул жерден көрүп учурашып жүргөндөй. Жүзүндө кала берсе таң калуу да жок.
– Салам.
– Окууларың жакшыбы?
Дайыма ушундай. Күтүлбөгөн жерден чыга калып, кишини апкаарытып салат. Кызык, эмнеге бул адамды көргөндө беттерим кызарып, үнүм чыкпай калат?
Мен тек гана башымды ийкедим. Өзүмдүн абалыма бир чети намыстанып, экинчиден оңтойсуздана түштүм.
– Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң?
– Кызык, бул менин үйүм болсо ушул жерде жүрбөймүнбү.
Таң калганымдан оозум ачылып калды. Анткени Дастандын бир да кыймылы, кийген кийими, өң-келбети ушундай бай адамдын уулу дегендей эмес эле. Бай десе эле телегейи тегиз деп ойлойбуз го, мен анын кандай жагдайда чоңоюп өскөнүн кийин гана билдим.
– Кандайча? Сен бул үйдө жашайсыңбы?
– Таң калба, бул үй менин атамдын үйү. Демек, менин да үйүм. Туурасы, бул жакта мен азырынча көп жашабайм, бирок кийин бул үйдө жашаарым турган кеп.
– Мен билген эмесмин.
– Атамдын атын көп колдоно бергим келбейт. Атам менен апам азыр чет өлкөдө, жакында келишет. Бүгүн жөн эле келгем. Мени негизи чоң атам менен чоң апам айылда чоңойткон, өз ата-энемдин колуна кийин келдим.
Мына сага, атактуу саясатчы Темир Абышевдин үйүн тазалап жүргөнүмдү билбеген экем. Андан да кызыгы, Дастан алардын уулу экенин таптакыр билбептирмин.
Дастан бир калыптагы коңур үнү менен сүйлөп жатты. А мен ал айткандардын азыраагын гана түшүндүм. Эмнегедир бир коркунуч жүрөгүмдү бийлеп турду.
ххх
Аңгыча бизде каникул болуп калды. Атам менен апам сагынганын айтышып чала беришти эле, каникулда да иштейин деген оюмдан кайтып, айылга кете турган болдум. Анын үстүнө ал үйдө иштегим келбей калды. Дастандын өзүнө чала албадым, мени жумушка кабыл алган аялга чалып жайымды түшүндүрдүм да, айылга жол алдым.
Берекелүү апакем тим эле дасторконун укмуш жайнатып алып күтүп жатыптыр. Атам болсо апам бооруна кысып өпкүлөп жатканын жактыра бербей, кезеги келгенде гана маңдайыман сүйүп койду. Агаларым да биринен сала бири кучактап жатышты. Сагынычыбыз тарабай эркелешип, эки-үч күн өткөндөн кийин биздин үйгө конокко келгендер көбөйдү. Негедир алардын мени тиктей калып, кайра баштарын бириктире шыбырашып жатышкандары мага шектүү туюлду.
– Апа, булардын үйүндө кыларга жумушу жокпу? Эмнеге эле көп конок келип жатат?
Апам менин жинденип жатканыма күлкүсү келгендей бир сырдуу жылмайып койду.
– Кыздуу үйгө ушинтип киши көп келет...
Жүрөгүм зырп дей түштү. Булар дагы эмнени баштаган турушат?..
(ulandysyn erten okui alasyzdar). .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев