"Илгери бул Карабулак аймагында бир бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгул аттуу кызы болуп озунун наздыгы,сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептуулугу жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка болоп келет. Айгул бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып,ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти суйуп калат.Эки жаштын ата-энеси да балдарынын купул сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын коро башташат.
Бирок, какаганга муштаган болуп бир ирет баскынчы душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап женилип, баатыр Козулан багынып бергиси келбестен кашык каны калганча салгылашып жатып каза болот.Жолдоштору анын журогун айылга алып келишет.Бул кайгылуу кабарды укканда чыдабай ыйлаган бойдон дарыянын жеегине келип отурат да суйгону менен ушул дарыянын жеегинен таанышканын эске тушурот.Ал жерден уйуно келип курбу кыздарын ээрчитип тоону коздой жонойт.Тоого жетип курбу кыздар менен коштошот да ,озун бийик аскадан томон карай таштап жан берет.Ал аскадан таштын борчугунан кыздын канына боелгондой кочкул кызыл ,саргыч тустогу ото кооз гул осуп чыгат.Ал гулду "Айгул гулу" деп кыз боюн таштаган асканы "Айгул таш"деп,ал эми Айгул таштын бет мандайындагы тоону "Козулан тоосу" деп аташат.Баатыр жигит козуландын журогу кыз менен кошо жерге жашырылат. Ошентип тируусундо тагдырдын буйругу насип этпеген бул эки жаштын тилеги тигил дуйнодо биригип ,алардын каны жанынан Айгул гулу жаралып калган экен.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 33