Ар учурда бийик мага кадырың,
Ак-Жол айылым бүтпөй калган жаңы ырым.
Кара башым жок болсо да өзүңдө,
Катмарыңа сиңген терең тамырым.
Жылыйт көңүл жоготконун тапкандай,
Жыргал жоктур чаңын кечип баскандай.
Балапандай мени жериң аярлап,
Бабаларым эркелетип жаткандай.
Өзөн дайраң көңүл кирин жуугандай,
Өскөн гүлүң тал терегиң туугандай.
Кайран атам дөңсөөдөгү мүрзөдөн,
Карап мени канат алып тургандай.
Кышта жылуу, жайда салкын шаң мекен,
Куттукташкан куштар сайрап таң менен.
Ата-Журттун ырдап турган ажарын,
Ал булбулдар азыр аман бар бекен.
Булбул кайда... улам муун жашарып,
Бейтааныш көп, тааныш жүздөр азайып.
Жүрөгүм бир тыз этет да эх анан,
Жаш муунга сапар каалайм ажайып!
Акын дешет мени мыкты калааңда,
Ак-Жол айылым, сен баа бер балаңа.
Керек эмес болсо ырым мекенге,
Кетмен чаап кетиш керек талааңа.
автор. Зайырбек Ажыматов.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7