
—Мусулмансыңбы?
—Алхамдулиллах мусулманмын.
—Мусулманчылыгыңа күмөнүм бар?
—Менин күбөлүгүм бар.
—Күбөлүгүң эмне?
—Күбөлүгүм "Ашхаду алла илааха иллаллооху,ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуллоллох"
—Качантан бери мусулмансың?
—Алмийсактан бери мусулманмын.
—Алмийсак деген эмне?
—Алмийсак— деген Адам аллейхи салламды жаратып,оң жана сол аркасынан Аллахым өз кудурети менен бардык адамдардын жандарын жаратып мындай деп суроо салды;"Аьузу биллаахи минаа—шойтонир рожиим","Аласту бироббикум"(Силердин тарбия кылуучуңар эмесминби)—деп айтты.
"Каалуу балаа"—(Сен биздин тарбия кылуучубузсуң)—деп айтышты.Ошол учурдан бери мусулманбыз..
—Ыйман деген эмне?
— Ыйман деген "Лаа иллааха иллаллоху Мухаммадур расуулулох"—деген келмени тил менен айтуу,жүрөк менен ишенүү,тастыктоо,ырастоо,жана бүт денеси менен иш жүзүнө ашыруу,амал кылуу.
—Кимдин кулусуң?
—Алланын кулумун.
—Кимдин үммөтүсүң?
—Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салламдин үммөтүмүн.
—Кимдин миллетиненсиң,элиненсиң?
—Ибрахим Халилуллах аллейхи салламдын элиненмин.
—Миллеттин,элдин мааниси эмне?
—Дин жана шарият.
—Кимдин досусуң?
—Төрт достун,досумун.
Абу Бакир Сыддык,Умар Адыл,Усман Зун— Нуурайн,Али аль— Муртазаа разияллоху анхулар...
—Кимдин мазхабынансың?
—Имам Аьзам Абу Ханифа Нуьман рахимахуллоху аллейхини мазхабынанмын.
—Кимдин урпагынансың?
—Адам аллейхи салламдын урпагынанмын.
—Кыбылаң кайда?
—Кыблам "Каьбатуллахи"Ибрахим аллейхи саллам Алланын буйругу менен тургузган"
—Негизги мазхаб канча түрдүү?
—Үч түрдүү :Илим,амал( эьтикад) ишеним мазхабтары.
—Илим мазхабы кандай?
—Илим мазхабы:"Каламуллахи Кураани Карим"жана Расул аллейхи салламдын хадистери.
—Амалда кимдин мазхабындасың?
—Амалда Имам Аьзам мазхабындамын.
—Ишенимде кимдин мазхабындасың?
—Ишенимде:"Ахли сүннөт вал жамаат"мазхабындамын.
—Ахли сүннөт вал жамаат мазхабынын имамдары кимдер?
—Абу Мансури Матрудий жана Абул Хасан аль—Ашаьрий.
—Диниң кайсыл?
—Диним Ислам.
—Китебиң кайсыл?
—Китебим Кураани Карим.
—Мухаммад аллейхи салламдын ата теги кимдер?
—Мухаммад аллейхи салламдын атасы Абдулла,анын атасы Абдулмуталиб,анын атасы Хаашим,анын атасы Абдулманаф жана энеси Амина Вахаб кызы.
—Оозуңда эмне бар?
— Оозумда шахаадат, күбөлүк келмем бар.
—Ал кайсы?
—®АШХАДУ АЛЛАА ИЛЛААХА ИЛЛАЛЛОХУ ВА АШХАДҮУ АННА МУХАММАДАН АБДУХУ ВА РАСУУЛОЛЛОХ"
ЭҢ ОБОЛУ АР ДАЙЫМ УШУЛ КЕЛМЕ ТИЛИБИЗДЕ ,ЖАНА ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ ЖАШАСЫН...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев