эшик каккылап босогодо турган кези .
Бул бир айга гана созулуп, бир ай конок болуп,
бир ай мугалим болуучу улуу ай .
Келиңиздер ушул мүмкүнчүлүктү бекер кетирбестен бүт ааламдардын Роббиси
Аллах Тааладан дүйнө жана акыретибиз үчүн жакшылыктарды суранып, мекенибиз үчүн,
ата-энебиз үчүн, үй-бүлөө туугандар үчүн
Аллах Тааладан кечирим сурап дуба кылайлы.
Эгерде намаз окуп жүргөн болсок,
башка мусулман бир туугандарыбыз үчүн да дуба кылайлы. Күнөөлөрдөн арылууга зор мүмкүнчүлүк. Ушул жерде айта кетчү сөз,
дубааңыздарда биздей күнөөкөрдү да кошуп коюңуздар, балким дубааңыздардын берекетинен кечиримге жетишээрбиз.
Убакыт ушундай учкан куш ал
кайра кайрылып келбес жака
кетип бараткан кези. Кечээ гана рамазанды узаткан болсок мынтип кайра тосуп турган кезибиз. Көп бир туугандарыбыз бул орозону көргөн жок. Балки, былтыркы орозо алардын өмүрүндөгү акыркы орозо болуп калды.
Бул рамазан айы балким мен үчүн
балким сиз үчүн эң акыркысы болуп калуу ыктымалы бар болушу мүмкүн !
Андыктан достор, мусулман диндештерим,
Аллах Таалага көбүрөөк ибаадат кылып,
ал Затка болгон сүйүүнү көбүрөөк күчөтүп алуучу ушул ай эмеспи ?
Дүйнөдө көп адамдар жылдап-жылдап ачка калып күн кечирип жүрүшсө,
мына ошол бир туугандардын абалын түшүнүп,
Аллах Таалам бизге канчалаган нематтарын берип койгонун сезип, шүгүр кылуучу ай !
Он бир ай курсакты тойдуруп, тамак-аштан
каалагандай жеп, напсинин каалосу менен он бир ай жашадык . Бул, айлардын султаны рамазан айы, өз каалоодон чыгып,
напси каалоосун Аллах үчүн тапшырып,
напсиге эмес Аллага кулчулук кылуу айы.
Бүт шайтандар кишенделип, кээ бир ыйманы бекем инсандар үчүн баардык шайтандар
кишенделет . Күнөөдөн алыс качайлы .
Анда эмесе орозону жемиштүү өткөрү үчүн төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз! ☝🏻Рамазан айында төмөнкү амалдарды аткарууга аракет кыл! 📌1.Рамазан айында Таравих жана тахажуд намазын оку! Таравих намазы ыйык Рамазан айында гана б.а. бир жылда бир ай окулуучу намаз. Анын руханий пайдасы, сообу абдан көп. Ал эми Тахажуд намазын орозо мезгилинде окубасаъ качан окуйсуң?! Ансыз да саарлык ичүү үчүн турасың, ошол мезгилде даарат алып, эки ирекет намаз окуудан 📌2.Рамазан айында Куран окууну унутпа!
Бул ай - Куран түшүрүлгөн ай. Бул айда пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Жибрийил периштеге Куран окуп берип турган. Курандын бир тамгасын окуган адамга он сооп иш жазылат.Ал эми Рамазан айында ар бир сооптуу иш жетимиш барабар көбөйөрүн унутпа! Эми элестетип кой бир аят,бир сүрөө окуган болсоң канча сооптун астында каларыңды ...
📌3.Рамазан айында көбүрөөк дуба кыл! Орозо туткан адамдын ооз ачар алдындагы дубасы кабыл болорун унутпа! Өзүңө, ата-энеңе, жубайыңа, балдарыңа, тууган-уруктарыңа жана жалпы мусулман элине жакшылык тилеп дуба кыл!Чын ыклас менен кылган сенин дубаңдын себеби менен, бир туугандарың динге кирип, ырыскың көбөйүп, жашооң жеңилдеп калуусу толук мүмкүн.
📌4.Рамазан айында садака берүүгө шашыл! Садака кылууга эч нерсем жок деп ойлобо.Бир чөйчөк суу табуу сага кыйынбы? Же бир курма берүүгө да күчүң жетпейби? Рамазан айында бир адамга суу, же курма берип ооз ачырса, анын курсагын тойгузгандай соопко ээ болот. Бул адам Акыретте пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) булагынан суу ичүүгө татыктуу болот.
📌5.Рамазан айында буга чейин жасаган күнөөлөрүңө тооба кыл! Биз алсыз пенделердин билип -билбей кылган күнөөлөрүбүз ат көтөргүс көп экенин өзүбүз жакшы билебиз. Рамазанда күнөөдөн тазаланып, жеңил чыгууга аракет кыл. Бул айдын алгачкы он күнү – ырайымдуулук, ортоңку он күнү – кечиримдүүлүк, ал эми акыркы он күнү – тозоктон куткаруу экендигин эсиңден чыгарба.
Дегиеле орозонун улуулугун, ыйыктыгын,чексиз берекесин сөз менен айтып калем менен түгөтө алмак эмесбиз. Анткени бул айда Аллах Таалам сообун Өзүм берем дегенин унутпайлы! Аллах Тааланын Мээриминин ,Кечириминин,Ырайымынын чеги жок! Демек биз үчүн бул табылгыс мүмкүнчүлүк! Анда эмесе келиң бир тууганым орозо кармоого биргеликте бекем ниет менен камданалы!
Орозоңуздар кабыл болсун! Биз менен бирге болуңуздар бакыттын түгөнбөгөн узун жолдорунда бирге бололу! Бактылуулук Формуласы! Бактыңыздын багыты!
Али Оши~
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/Formulasy ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ WWW.FORMULA.KG
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3