Урматтуу мусулман бир туугандар ?
Агалар, достор .
Көпчүлүк адамдар баян айтып жатканда
"урматтуу мусулмандар" деп өз сөздөрүн башташат.
Чындыгында, жакшылап маани бере турган сөз.
Мусулман урматтуубу деген суроону коюп,
ал нерсеге жооп таба алган адам кандай гана бактылуу.
Бүгүнкү күндө эмне үчүн
адамдар арасында, коом арасында, дүйнө арасында,
досторубуз арасында, ал эмес
үй ичи туугандарыбыздын арасында урматыбыз жок?
Мусулман урматтуу болушу керек эле ..
Бүгүн мусулман мусулман менен урушуп жатат.
Бүгүн мусулман мусулман менен мушташып жатат .
Мусулман уул кыздарыбыз мусулман ата энесин таштап каарылар үйүнө калтырып кетип жатканына
күбө болуп жүрөбүз .
Анткени биз ыймандуулуктан алыстап
заманбап жашоону ээрчип баратабыз .
Динден бирөө кеп айтса
суу сепкендей өзгөрүп таңыркап калбадыкпы?
Туурабы туура эмеспи ?
Улутчулдук маселеси, бул оору дагы да бар .
Ош, Баткен эли өзбекче сүйлөйт же аралаш деп
кейип кетебиз . Туура, кыргыз кыргыз тилинде
сүйлөшү керек. Өз тилин, мекенин, жерин сүйүү
бул бөлөк маселе .
Бирок эч ким айтпадыго борборубузда адамдар
англисче сүйлөп кетти деп .
Биз ушул ооруну жок кылсак . Анткени,
улутка бөлүнүү бизден эмес дейт куттуу хадисте.
Түшүнүктүү болуп жатабы .
Кандайдыр бир деңгээлде улуттарды жаман көрүү сезиминен айрылып, бир үммөт болууга аракет жасасак .
Азыр биз урматтуу мусулмандар деп кайрылып жаткан менен мусулмандык урматыбыз андай деңгээлде эмес.
Себеби достор, биз мусулманбыз деп
өзүбүздү эсептеген менен
мусулман жасай турган ишти жасабай калбадыкпы?
Момун бир туугандар
деп кайрылган менен момун болууга
канчалык деңгээлде аракет жасап жатабыз
деген суроону биз өзүбүзгө бербесек
оңолуубуз кыйын болушу анык .
Азирети Умар родияллооху анху:
Кыямматтагы сурактан алдын
өзүңөрдү суракка алгыла !
Кыяматтагы сурак жеңил болуусу үчүн - деген
маанидеги кебин эске салсак ...
Мусулман экенибизди билип туруп бизге тиешеси жок майрамдарды биз деле кошулуп майрамдап жүрөбүз .
Бул албетте өкүнүчтүү көрүнүш .
Кино сериял, андагы каармандар,
дүйнө жүзүндөгү белгилүү спортчуларды айтып берчи десең чекеден такалбай айтып берүүгө кудуретибиз жетет.
Бирок, эң зарыл болгон Куранды
андагы жок дегенде Фаатиха сүрөөсүн окусак
андан толтура ката чыгат . Анан биз,
мына болот мына болбойт, динде манандай,
мен жакшы билем деп чыга келебиз .
Сен фаатихадан 30 катаң бар, намазың күндө каза болот,
сен дааватчыларга, аалымдарга карата сөз айтпай элекой.
25 жыл мурда ката окуйт элек...
Азыр деле ката окуп жүрөбүз . 35-40 жашка кирсек деле
намаз, орозобуз ошо ошо бойдон .
Аай, кайда кетти мусулмандык сыпат ?
Эмне үчүн шар окуп, туура окуганды үйрөнө элекпиз?
Мусулманбыз, билебиз,
угуп жатабыз, аалымдардын баяндарын көрүп жатабыз .
Эми ошол айтылгандарга, уккандарыбызга
аракет кылып өзүбүздүн жашоодо амал кылууга аракет жасап жатабызбы жокпу ?
Ошол айтылган баяндар бул илим .
Илимди алган адам амал кылат, аны башкаларга
жеткирип берүүгө милдеттүү болуп эсептелет .
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз
Мухаммад саллаллооху алайхи уа саллам :
Күнөө ишиң сени кайгыртса,
сооп ишиң сени кубантса сен момунсуң -дейт.
Маакул, сооп иш кылсак кубанабыз,
мактанабыз, садака берсек да селфи кылып
эл көрсүн болуп калуудан коркойлу .
Бирок, күнөө иштер бизди кайгыртып жатабы?
Эрте менен кол телефон үйдө калып кетсе
көчөдө жүрүп ушунчалык кыжаалат болобузго .
Эрте менен багымдат каза болсо,
телефон жоготкондой кыжаалатчылык жокго ...
Күнөө кылып алсак кайгырайлы, тооба кылалы .
Сооп иш кылсак шүгүр кылайлы .
Адам баласы унутчаак, бул табиятында бар .
Кээде унутуп, кээде адашып күнөө жасап алат .
Биздин айта турган кеп ошол күнөөдөн кийин канчалык деңгээлде жүрөгүбүздө кайгыруу болуп жатат ?
Күнөөнү күнөө деп билбесек күнөөлөр ачыкка чыгат .
Пайгамбарыбыз алайхис салаам өзүнүн хадистеринде
"Уялуу дагы ыймандан"
"Уялууну билбесең каалаганыңды жасай бер" дейт .
Бүгүн биз сооп деген эмне, күнөө деген эмне
баарын билебиз бирок, жашообузда уяттуулук жок
болуп жаткандыктан каалаганыбызды жасап калдык .
Көчөгө чыкканда досторубуз менен,
адамдар менен кандай жакшы мамиледе болобуз туурабы?
Үйгө келгенде да ошондойбузбу ?
Анткени көчөдөгү адамдардан сөз кылат деп уялабыз,
үйдө бири бирибизден уялуу жок да .
Баардык жерде Аллахтан уялуу болсо
жашообузга, жүрөгүбүзгө ыйман келет .
Көчөдө ыймандуу болуп үй ичинде ыйман менен жашай албасак бир канаттуу куш сыяктуу,
бир канаты сынык куш сыяктуу бийик көтөрүлө албайбыз.
Бийик уча албайбыз .
Кадырыбыз жок болот, урматтуу боло албайбыз .
Демек, эмнеге бүгүн мусулмандар урматтуу болбой жатат десе анын жообун кыскача бир сөзүбүздөн байкасак .
Биз динден алыстап кеттик . Алыстап отуруп,
динге карап өзүбүз таң кала баштадык .
Бул дин Ислам дини ! Мусулмандар үчүн .
Сиз биз үчүн ! Келиңиздер, жок дегенде бүгүн
жашообузда кетирген күнөөлөр үчүн көз жаш төгүп дуба кылып, кечирим тилеп,
мусулманчылык жолубузга кайталы.
Ойлоно турган кез туугандар .
Мусулмандар бүгүн бир нерсени жакшы түшүнүп алалы.
Исламда 18+ деген түшүнүк жок !
Динсиздер бүгүн эки цифра менен мусулмандын башын ойго салып койду .
18+ дегени демек адам 18 жаштан ашса зына кылса болот экен, зынааны көрсө болот экен деген түшүнүктү алат .
Исламда 7 жашка келгенде балдарыңарды намазга буюргула дейт .
Ислам дини адамды жашынан тарбиялуу болууга чакырат .
Европа, 18 жашка келгенде да туура эмес жолго үйрөтөт .
Адам ак караны ажыратып, эми жашоону түшүнүп калганда
18+ деп караңгылыкка түрткөн жолдон алыс болсок,
биз мусулманчылык жолубузду
бекем карманган болоор элек .
Пайгамбарыбыздын өмүр баянын,
ар кандай илимдерди окуп, Куран окуганды үйрөнүп
кулк мүнөзүбүздү оңдосок европа таң калмак .
Мусулмандар бүгүн динин терең түшүнүп баштаптыр,
илим ала баштаптыр деп .
Биз европадан үлгү ала турган эмес европа мусулмандардан үлгү алган эл .
Бул нерсеге тарых күбө .
Бизге сырттан жаңылык керек эмес .
Биздин шариятыбыз бар .
Чечмелеп жазсаң ааламга батпай кетүүчү Куран китебибиз барго .
Анан, ага да маани бербей кайда бара жатабыз .
Биз мусулманбыз, мусулман болуп адеп, ахлак,
маданиятты башкаларга көрсөтөлү .
Мына ошондо биз урматтуу болобуз !
Али Маматов ~
"БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
*8' * '*89*,