Предыдущая публикация
Сен мени эпсиз алдап, эркелетпе,
Сезимге текеберлик уусун сеппе.
Айланып бир бүтүндөй сулуулукту,
Азгырып алыстарга алып кетпе.
Сен мени жакшы амалдан жолум тоспо,
Саргайып зар болоормун өмүр өтсө.
Токтотуп, туруктуумун деп айтпачы,
Өлүмгө бир гана дем турат тосмо.
Оо, жаштык! Оттой жанып жалындаган,
Кыялың бийик учуп, багынбаган.
Өткөрүп бир заматта алыс калып,
Адам жок, жаштык сени сагынбаган.
Балалык, балдай болсо бала кезим,
Сен жаштык, күлө карап турган кезиң.
Бейишке ар көз ирмем ашыгайын,
Бейнамаз жер бетинде жүрбө дегин.
Нафсимди эскерт дайым, багынбайын,
Каткырып капары жок күлбө дегин.
Нур Билал кызы
22.10.2016
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9