Албетте ар бир бөбөк ата-энеси үчүн эң мыкты жана өзгөчө болуп саналат. А бирок алар, айланадагылар үчүн кадимки эле ыйлак кичинекей бала. Алдыда чыныгы ааламды таң калдырган, өзгөчө балакайлар тууралуу кеп кылабыз.
Тентек Лизи Кларк
8 жаштагы Лизи Кларк эң тентек бала деп табылган. Ал жашына карабай ата-энеси жаны алган Кадиллак автоунааны бычак менен оюуп “мени жуугула” деп жазган. Булар Лиза кылган кылыктардын бири гана. Алардын эң укмуштууларын айтып берсек: 500 долларды факелге айландырып , АКШынын ак үйүнө бир нече жолу чалып Бил Клинтондун кызын чакырууну талап кылган. Андан соң иттин куйругун кесип, үйүндөгү эки кичинекей мышыкты антиприсперанттардын жардамы менен сокур кылып салган. Бул нерсенин баарын көргөн ата энеси албетте кызын жазага тартууну кааласшса да, анын жаш өлчөмүнө карата эч ким жазалоого укуктуу эмес.
Теректей бойдун ээси Каран Сингх
Индиядагы 5 жаштагы Каран Сингх өзүнүн тең-туштарынын жана ааламдын көптөгөн балдарынын жанында бою менен өзгөчөлөнүп турат. Балакайдын бою азыр эле 1метр 81 сантиметрди тузот. Ал мектепке барбай туруп, 9 класстын баласы менен тең тайлашууга жарап калды. Айтсак Карандын апасы да Азия чөлкөмүндө эң узун бойлуу айым болгон. Анын бою 2 метр 20 см түзөт.
Эң толук бала Луи Хао
Кытайлык Луи Хао азыр эң толук бала деген рекорд жаратты. Ымыркай төрөлгөндө анын салмагы нормалдуу болуп, бирок убакыттын өтүшү менен ал толуп баштаган. Луи 3 кө чыкканда анын салмагы 60 кгды түзгөн. Таң калычтуусу балакайга тамак бермейинче, ал кыйкырып ыйлаганын эч токтотбойт. Баланын ата-энеси көптөгөн доктурларга көрүнсө дагы азырынча туура диагноз коюла элек.
Күчтүү Джулиана
Видео удалено или не является публично доступным
Румыниялык Джулиана азыр планетадагы эң күчтүү бөбөк. Ал жашына карабастан 2009 жылы Джулиана бир колдоп “отжимание” кылганы үчүн “Гиннес” китебине киргизилген. Эксперттер баланын ата энесин аны кыйнап машыктырып жатат деген кепти айтса дагы, балакай машыгууга сүйүүсүн көрсөтүп келет. Андан тышкары ал азыр кадимки балдардай эле мультфильм, компьютер оюундарын жакшы көрөт.
Дүйнөдөгү эң улуу бөбөк Джей Лин
Ал эми дүйнөдөгү эң улуу бөбөк Джейли Лин! Ал 28 жашта. Бирок жашына карабастан анын акыл эси, дене түзүлүшү 2 жаш бойдон сакталып калган, анын бою 84 см, салмагы 11 кг. Окумуштуулардын айтымында Джейли чанда кездешкен оору менен жабыркап келет. Ал эми бөбөктүн жашын анын тиштери гана аныктап турат.
Дүйнөдөгү эң акылдуу бөбөк Оскар Ригли
2-жаштагы Оскар Ригли дүйнөдөгү эң акылдуу балакай болуп саналат. Анын igue коэффициенти 165 көрсөткүчтү түзөт. Мындай көрсөткүчтү убагында Альберт Эйнштейн жараткан. Ал бир көргөн нерсени унутпай жаттап калуу касиетке ээ. Кичинекей балакай бүгүн “Oxford” университетинин алдындагы, дүйнөнүн эң акылдуу адамдардын тобунда мүчө.
Аэлита Андре замандын Пабло Пикасосу
Австралиялык Аэлита Андре 9 айынан баштап сүрөт тартат. Ал эми анын алгачкы сүрөт көргөзмөсү 2-жашында болгон. Ал убакыттан бери Аэлитанын картиналары миллиондорго бааланып, Лондон, Нью Йорк, Париж өңдүү шаарларда сүрөт көргөзмөлөр байма бай коюулуп келет. Ал эми эксперттер Аэлитаны Пабло Пискасо менен салыштырышат. Бүгүн жаш сүрөтчү 9 жашта.
"Макала жактыбы? ой-пикир билдириңиз!"
Комментарии 1