Жолдо баратып, кайыр сурап отурган карыяны көрүп калдым. Эмне балдары жокпу деп ойлонгончо көздөрү жылуу учурап калды. Адам канчалык өзгөрбөсүн, анын көзү өзгөрбөйт деген сөзгө ынанып кеттим…
… Биринчи курста окуп жаткан учур. Окуунун башталганына 1-2 жума гана болгон эле. Үйдөн келген акча, шаардын жашоосунда эч нерсеге жетпей калчу. Бир күнү чогуу жашаган бала жекшенби күнү базарга барып жалданып иштеп туралы деп калды. Бираз кыжаалат болгон менен үйдөн акча сураганга караганда жакшыраак сунуш эле.
Жекшенби күнү базарга барып турдук. Жаш күчкө толуп тургандыктан, тез эле жумуш табылды…
Капкара машинадан толук, абройлуу жерде иштегени билинип турган бир киши түштү. Жумуш издегендер, жакшы иштейбиз, алдабайбыз сыяктуу сөздөр менен ага жагынууга аракет кылып атышты. Биз биринчи жолу келгендиктен четте турганбыз. Тигил киши да биринчи келген окшойт, бизди чакырып: “Курулуш тармагында иштегенсиңерби?”,- деп сурады. Бираз сүйлөшкөн соң, келишим түзүлдү. Жумуштун жеңил эле экенин айтып, күнүнө 500 сом бере турганын айтты. Эки саат жол жүрүп, иштей турган жерге жеттик. Жолдо келатып, балдары да жардамдашып тураарын кошумчалады. Келгенден кийин жумуштун оор экенин көрдүк. Айла жок белибиз ийилгенче, ылай кылып, курулуп жаткан үйгө ташып берип жаттык. Бир күндүк иш төрт күнгө созулду. А тиги кожоюн ошол боюнча келбеди. Жардамдашып аткан балдары эртеси күнү эле көздөн кайым болду. Оор шартка карабай жумуш да бүттү. Эсептешүүгө кожоюн өзү келбестен уулу келип айтылган акчанын үчтөн бирин гана берди. Мен оор басырыктуу болгондуктан, унчукпадым. Досум ызылдап, кожоюндун өзү келип эсептешүүсүн, болбосо кетпей турганын айтып атты. А бирок тигилер, көп кекирейбей бергенди алып кете бер деп, сыртка түртүп чыгарып жиберишти.
Колу бутубуз ылай болгондуктан, автобуска түшкөндөн уялдык. Таксиге түшөлү десек, берген акчалары таксиге эле кетип кала турган. Айла жок, 2 саат машина менен жүргөн жолго жөө түштүк. Жол бою акыбызды жеген кожоюнду каргап, аны тилдеп келе жаттык. Жолдон бизди акшыя карагандарды көргөн сайын, тиги семиз кишини сен да ушундай шылдың болуп кал деп жаттык. Мен болсо, койчу ошончо байлыгы туруп кантип кор болуп калсын дедим. Досум, жок, Кудай адилеттүү Зат, аны ушундай кылып коёт. Биз анын үйүн бүтүрөбүз деп канча кыйналдык, окуудан калдык деп ызаланды.
Андан кийин канча суулар акты, нечен жаз алмашты. Экөөбүз тең окуубузду бүтүп, ишке орноштук. Азыр ал окуянын эсиме түшүп жатканынын да себеби бар. Алдымда турган, эч ким анын сөзүнө маани бербей айланып өтүп жаткан чал дал ошол биздин акыбызды тебелеген киши эле. Бул карыя, алдында тыйын ыргытып жаткан жигит бир нече жыл мурун эмгегин тебелеп, куудуруп жиберген баланын бири экенин тааный албады. Тагыраагы, ыплас жолдорду гана көргөн көзү бул баланы таанууга кадыр боло албады.
Бирөөгө кандай гана жамандык кылбагын айланып келип өз башыңа муш болоорун эч качан унутпа!
Нет комментариев