Сынакта студенттер толтура эле. Сырттан чоң сумкесин көтөргөн, чачтары ирээтсиз таралган психология сабагынан берген мугалим сыныпка кирип келип, чөнтөгүндөгү 100 долларды студенттерге көрсөтүп: "Муну ким каалайт"-деди.
Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү. Андан кийин акчаны колу менен бырыштырып "ким каалайт?"-деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны жерге таштап, буту менен тепсеп: "ким каалайт?"-деди. Студенттер кайрадан колдорун көтөрүштү. Мугалим студенттерге: "Бул бүгүнкү сабагыңар"- деди.
Акчаны колу менен бырыштырса да, буту менен тепселесе да акча өз баалуулугун жоготкон жок. Ошондуктан, адамдар сени канчалык басынтышса да, кемсинтишсе да, сени канчалык шылдыңдашса да, сени канчалык жамандашса да - Жараткандын астындагы баалуулугуңа эч ким таасирин тийгизе албастыгына ишен! Ал эми акча адамдын акылынан ойлоп табылып, колу менен жасалып чыгарын эч качан унутпа!
Нет комментариев