Алтын велосипед
Улуу Британияда эң кымбат велосипед жасалды.
Ал толугу менен алтындан жасалганын жергиликтүү басылмалар жазды. Отургучу атайын жумшак тери менен капталып, кээ бир жерлери бриллиант менен да кооздолгон. Бул транспорттук каражаттын баасы - 400 миң долларды түзөт.
Дүйнөдөгү эң тиши көп бала
Индиянын Мубай шаарында Ашик Гаваи деген бала төрөлгөндө эле ооз көңдөйүндө тиши бар болгон. Чоңойгон кезде анын алдыңкы жаагында шишик пайда болуп, ата-энеси тынчсызданып ооруканага кайрылышкан. Дарыгерлер карап көрүп таңгалышкан. Өспүрүмдүн ооз көңдөйүндө берметтерге окшогон көп тиш бар экен. Адистер диагноз койгондон кийин операция жасашат. Жети саатка созулган операциядан соң өспүрүмдүн 232 тишин стамотологдор араң жулушуп, 28 тишин калтырышкан.
Коркунучтуу куурчак аралы
Коркунучтуу тасмаларда көрсөтүлүп жүргөн Isla de las Muñecas деп аталган куурчак аралы Мексиканын борбору Мехиконун четинде жайгашкан. Анын пайда болуу тарыхы өтө кейиштүү. Бир нече жыл мурда кичине бир кыз чөгүп кетип, бул жер аны эскерүү жайына айланган. Бул аралдын коркунучтуулугу – ал жер жалаң асылган куурчактарга толгон. Мындан 62 жыл мурун мексикалык Жулиан Сантана Баррера аттуу жаран киши эл жашабаган бул жерге кароолчу болуп көчүп келген. Бир күнү ал каналдардын биринде чөгүп бараткан наристенин кыйкырыгын угуп жетип барат. Тилекке каршы, кечигип калып, кыз чөгүп кетет. Бир канча күндөн кийин ошол каналдын үстүндө калкып бара жаткан куурчакты көрүп, аны суудан чыгарып, каза болгон кыздын элесине арнап бакка илип коёт. Мындай жагдай кайталанып, Жулианды таң калтырган. Ырымчыл кароолчу "бул жогору жактан келген белги, өлүп калган кыздын жаны көп куурчак илүүгө чакырып жатат" деп чечкен. Жулиан оюнчуктарды бардык жерден, каналдардан, таштандылардан издеп, тапкандарынын баарын иле берип, колу, буту, башы жок куурчактар бардык жерде пайда болгон.
Жергиликтүү тургундар куурчак аралына жакындоодон корко баштаган. Алар "куурчактын башы кыймылдайт, көзүн ачат, кечинде болсо коркунучтуу үн угулат" дешет. Белгилей кетсек, куурчак аралында жайгашкан көл ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине кирген. Бирок туристтик агенттиктер ал жерге барбоону сунушташат. Анткен менен бул жай туристтерди магниттей өзүнө тартат. Бул аралга келген туристтер куурчак алып келе башташкан. Бирок жаңы, татынакай куурчактар жаан-чачындан улам кебетелери кетип, коркунучтуу болуп калышат. Азыркы убакта аралда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген миңден ашык куурчак илинип турат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев