Бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу жолдордун бири болуп Кытайдагы «Асман жолу» эсептелет. Ал Кытайдын Хунань провинциясында жайгашкан. Жолду куруу 1998-жылы башталып, сегиз жылга созулган. Жолдун узундугу 1300 метр жана 99 бурулуштан турат. Айта кетчү нерсе, 9 - кытайлардын бактылуу саны.
Швецариядагы Гримсел ашуусунун орточо бийиктиги 2190 метрди түзөт. Ашуу 1890-жылдары курулган жана өтө кооз жерлердин арасында жайгашкан. Өзүңүздөр байкагандай, бул ашуу абдан бийик болгондуктан, жүргүнчүлөргө коркунучту туудурат.
Италиядагы Стельвио жолу машина менен жарышып шоу өткөрүүгө ыңгайлуу жер. Ошол себептен бул жолго көптөгөн туристтер келип машиналары менен жарышка түшүп турушат.
Норвегиядагы эң белгилүү жолдордун бири бул - Атлантик роуд. Кошумча, бул жолго Сторсезан көпүрөсү көрк кошуп турат, бирок анын атайын аягы жок болгондуктан адамдар аны “дарексиз жол” деп аташат. Ушундай сырдуу жолду көрүү үчүн бул жерге жылына көп сандаган туристтер да келип турушат экен.
Лос Караколес ашуусу – Аргентина менен Чилини байланыштырып турган жол. Бул ашууну жылына бир жолу калың каар басып тургандыктан мындай мезгилде айдоочуларга өзгөчө этияттык талап кылынат. Бир чети жол абдан мыкты абалда салынгандыктан, жүк жана туристтерди ташуучу машиналарга гана этияттык талап кылынаары айтылат.
Тоолуу серпантин Норвегиянын улуттук трассасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.
Норвегияда туристтерди өзүнө тартып турган бул белгилүү жолдун тогуз пайыз абдан чоң эңкейиштерден жана он бир ийри-буйру чукул бурулуштардан турат. Анын жогору жактан кароого мүмкүн болгон балкончо да курулган. Бул жерден жолдун кооз көрүнүшү жаратылыштын кооздугу алаканга салгандай көрүнүп турат.
Бул бийик тоолуу ашуу белгилүү Альп тоолорунда жайгашкан. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 1542 метр бийиктикте турат. Бул жерге толук асфальт салынган эмес, шагыл төшөлгөн жерлери бар. Тоодо бир нече көчкүлөр менен кырсыктар болгондуктан, ага машиналардын кирүүсүнө тыюу салышкан. Ал эми велосипед тепкендер үчүн мурункудай эле ачык. Бул жол он төрт ийри-буйру чукул бурулуштары менен белгилүү.
Макала жактыбы? ой-пикир билдириңиз!
Комментарии 2