Токтосунов, Садыр Жапаровдун жактоочусу:
Садыр Жапаровдун Мекенчилдерге кайрылуусун, аманатын жарыялап коёюн.
Мага 18-сентябрь берди эле.
Убактым болбой бүгүн жарыяладым.
Урматтуу Мекенчил достор !
Тогуз толгоо бир келген кыйынчылыкта мен эле эмес, бир тууганым, уулум жана Мекенчил досторубуз адилетсиз, мыйзамсыз камалган күндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин, моралдык, материалдык жардамдарды берип, азаптуу күндөрүбүздү тең бөлүшүп турганыңыздарга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин.
Ар бириңиздердин аты жөнүңүздөр, көрсөткөн жардамыңыздар (Тизме колума тийди. Белгилүү себептер менен азырынча аты жөнүңүздөрдү жарыя кылбайбыз. Убакыт келгенде ар бириңиздер өзүңүздүн аты жөнүңүз бар экенин билиш үчүн, сөзсүз ММКлар аркылуу жарыялайбыз) Мекенчил партиясынын архивинде жана менин жүрөгүмдө тарых болуп сакталып кала берет.
Абакта жаткан 12 Мекенчилдин 8и жакында Кудайдын кудурети менен чыгышканына күбө болдуңуздар. Кудайдын кудурети менен калганыбыз да чыгабыз. Ал күн дагы алыс эмес.
"Ак ийилет, сынбайт"-дейт.
Ошондуктан, майтарылбас эрк, кажыбас кайрат, бекем ишеним менен күткүлө!
Дагы бир жолу баарыңыздарга чоң ыраазычылык!
Садыр Нургожоевич Жапаров


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев