1-китеп 6-БӨЛҮМ
Кемел "Чагылгандын" курунун ички бетинен бир нерсени оң уучуна алганын байкап калды. Чагылган кайра чабуулга өттү. Оң колу көздөрүнүн түбүнөн шуу өткөндө бетине түзсүз чаң чачылганын Кемел даана сезди. Көздөрү кадимкидей көрүп турса да бир нерсени түшүнбөй калган кишиче эки жагын карап көздөрүн ушалап туруп калды. Белиндеги курга байланган эки бычакты тең кынынан сууруп алды да жан далбастай түшкөнсүп асты жагын карай максатсыз аба жара шилтегилеп жиберди. Анан дабыш тыңшагансып делдейип буттарын талтайта кыймылсыз туруп калды.
Эмне болуп кеткенине түшүнө бербеген "Каражылан" тарапта отургандар дуу деп дүргүй түшүп кайра "Каражылан" колун көтөрө "Шартташкан тартипти сактайлы" деген талабынан кийин демдерин ичине ала отуруп калышты. "Ак аюу" тараптагылар "Чагылган" оң бутунун томугун кокустатып алганда коопсуна түшүштү эле эми Кемелдин абалын көрүп "Дьявол" ишиң бүткөн экен" дешип кымылдап калышты. Ал түгүл "Ак аюу" чекесинен чыккан терди алаканы менен шыпыра аарчып күрсүнө жылмая эки жагындагыларды карап койду. Кемелдин артист болуп жатканын эч кимиси сезген жок.
Бутунун учу менен дабыш чыгарбай баскан "Чагылган" Кемелдин арт жагына чыкты. Нечен жолу өзүн өлүмдөн алып калып далайдын жанын алууга жардам берген ыкмасы бул жолу да так иштедиби, жокпу аярлай Кемелдин кыймылын баамдай кичинеге туруп калды. Беттешкен адамдарынын көзүн чукуп, тилин сууруп өлтүргөнүнүн сыры шартта жок ыкма колдонгону эч кимге билинбесин дегени эле. Оң бутунун томугун оңдурбай муштаган "Дьяволго" жини кашайып калгандыктан, экинчиден көзгө чачкан дарыдан бир да жолу жаңылбагандыктан Кемелдин кууланганын байкабай калды. Анын үстүнө көздүн карегине пластинка салуу анда чет элде урунула баштаганы менен СССРде аты да угула элек болчу. Алгач оң колун мүрүсүнөн сындыра уруп, анан сол бутун тизеден сындырып туруп жанын алайын деп чечти да артынан мерчемдүү жерге жакындап келип түйүлө секирди.
Кыйгач далысын салганы менен көз кыйыгында ар бир кыймылын жаземдебей байкап турган Кемел шарт буйтай берип коргонууга камы жок аба жара секирип келаткан "Чагылгандын" кекиртегин туштап канжарды ылдам шилтеди. "Чагылган" абада каалгый түшүп жерге күп түштү. Кекиртегине унгусуна чейин батып, кежигесинен карышча чыгып калган канжардын сабын кош колдоп мыжыга сууруп алууга аракеттенип бир бут серпти да денеси какыйып түптүз боло чиренген абалында көздөрүн чекчейтип жатып калды. Кемелдин "Чагылган" тарапты карагысы келген жок. "Чагылган" эмес нак шайтандын өзү болсо да ичээр суусу бүткөнүн билгендиктен өзүнүн паханы "Каражыландар" отурган тарапка төрт-беш кадам аттай "Биз жеңдик" деген белги берип эки колун көтөрдү.
"Ак аюу" тараптагылар эмне болуп кеткенине түшүнбөй орундарынан дуу тура калышты.
"Каражылан" ордунан атып туруп;
- "Ак аюу" шартты туура сактоону унутпайлы. Тартип бузган тарапты аео жок, - деди үнүн катуу чыгара залды жаңыртып.
Аңгыча эшик шарт ачылып автоматчан он солдат кирип келди. Түрмөнүн начальниги өзү отурган балкондон туруп;
- Биз силердин ички тартибиңерге кийлигишпей шартыңарды аткардык. Эгер өзүңөр ич ара макулдашкан шартыңарды бузсаңар шартты бузган тарапты жазалоого биз жардам беребиз. Болбосо өзүңөр билесиңер жалпы лагерде тартип болбойт. Ошондуктан ушул жерден мындан аркы чечимиңерди кабыл алгыла. Ага чейин солдаттар кетпейт, - деди өкүм сүйлөй. Сырттан келгендер "кызыктуусу бүттү" дешкенсип чыгып кетишти. Түрмөнүн начальниги "Жыйынтыгыңарды мага билгизесиңер анан силерди эшке чыгарууга уруксат берем", - деди да өзү да кетти.
"Ак аюу" менен "Каражылан" түрмөнүн начальниктери отурган балкондо сүйлөшүүгө отурушту. Бул жолу "Каражылан" маселени кабыргасынан койду:
- "Дьявол" менен же мени менен беттешүүгө чык. Эгер бирибиз менен беттешүүгө чыга турган болсоң экөөбүз билген жашыруун сыр жазылган пакетти жакын деген жигитиңе калтыр, ошондо сенин артындагы уулуңа, кызыңа жана алардын балдар-кыздарына зыяның тийбейт. Беттешүүгө чыксаң сени сөзсүз соо коет деп эч ким кепил боло албайт. Болбосо менин шартыма көн. Мен жаныңды аман калтырууга убада берем - деди.
"Ак аюу" эмнеси болсо да экинчи сунушка макул болууну туура көрдү. Эрөөлгө чыкканы түз өлүм экенин көрүп турду. "Каражыланбы", "Дьяволбу" кимиси болсо да он минутага жеткирбей жайлашчудай. Ишенгени "Чагылган" эле - ал тигинтип өлдү. Демек кезеги келген экен ордун бериши керек. Жанынын аман калаарына деле ишенген жок. Болгону артындагы тукумуна баласы менен кызына, алардын тукумдарына зыяным тийбесе экен деди.
"Каражыланды" жекире тиктеди да;
- Мен экинчи сунушуңа макулмун. Бир суроом бар "Бриллиант жылан" менде экенин билген жандын баарын жайладым, деп ойлодум эле. Кандайча сага угулуп калды. Ушуну айтып берчи? Жан адам билбейт. Эгер сырын ача албасам өз башым менен кете берсин деп ойлочу элем.
- Анда эч кандай деле татаал сыр жок. Сенин жигитиң "Чагылган" Кытайда канча жыл жүрдү жыландын сыры жазылган китепти издеп. Экөөбүз Хун аттуу кытай чалдын колунда чогуу чыгыш күрөшүнө үч жылга жакын машыктык. Сөздүн маңызына түшүнгөн кишиге түшүнүктүү го дейм.
- Жыланды жанга билгизбей ката алам деген мен да акмакмын, -деди. "Ак аюу" өз чекесин өзү муштай. Жаңжал ушу менен бүтүп Пахандыкты "Ак аюу" өз эрки менен бергенин жарыя кылды.
х х х
Көп өтпөй "Ак аюу" түрмөдөн бошонду. "Каражылан", Кемел, "Каражыландын дагы бир жанынан чыкпаган "Протез" аттуу кличкасы бар жигити болуп "Ак аюуну" Челябинскиге узатып барышты. "Кара" жылан "Ак аюу" менен акыркы соодасын ошол жерден бүттү. Эмне соода экенин Кемел менен "Протез" билишпеди. Түндөп "Кара жылан" жалгыз башка жакка учуп кетти. Экөө кайра лагерге келишти. "Ак аюу" эртеси асылып өлүптүр деп угушту. Аз күн өтпөй "Кара жылан" келди. Бүт лагердин ички тартибин "Кара жылан", Кемел менен "Протезге" башкартып койду да өзү болсо эки-үч жумалап жоголуп кетип кайра келип жүрдү.
х х х
Ысык-Көлдүн апийиминин даңкы көлгө апийим айдала баштаганынан бир жыл өтпөй дүйнөгө угулду. Кылмышкерлер дүйнөсүндө өзгөчө баркка ээ боло баштады.
"Каражылан" өзү түрмөдөн бошонгондо ордуна Пахан кылып Кемелди калтырып кеткен эле. Күндөрдүн биринде күтүүсүз пайда болду да сен түрмөдөн чыгышың керек. Бүт сүйлөшүлдү - деген жаңылык айтты. Кемел "Каражыландын" жоруктарына таңданбай да калган. Экөө түнү менен сүйлөшүп отурушту.
Түрмө Кемелди таптакыр өзгөрткөнүн, баягы эмне десе көнүп, жумшаган жагына барып, шилтегенин аткарчу Кемел эмес маңдайында ар бир сөзүн салмактаган, өз талабын кое билген адамдын көзүн тикчийип тике карап ички сырын окуган, машыккан кылмышкер отурду. "Каражыландын" таң калганы беш жыл түрмөнүн даамын татып жүрүп нашага да ичкиликке да оободу. Бүткүл Сибирдеги түрмөлөрдө Кемелдин баркы дүңгүрөп турду. Өзүнүн формасын сактай билгендиги, кара кылды как жарган калыстыгы, өлүмдөн кайра тартпаган тайманбастыгы ага атак-даңк алып келди. Муну "Каражылан" да жакшы билет. Бул жолугушууда Кемел бирок, "Кара жыланга": "Мен баягы эмесмин, керек болсо кылмышкерлер дүйнөсүндө атым сенден кем эмес" деп кербезденген да жок. Жөн гана иштин жайын сурады да өзү аткара турган милдетин ийне-жибине чейин тактады. Акырында, "Ар бирибиз өз сөзүбүздү так аткаралы. Мен сизди окутуучум катары катуу сыйлайм". Сиз менен келише албай калып "разборго" түшкөндөн оор мен үчүн эч нерсе жок" деген сөзү "Каражыландын" жүрөгүндө өмүр бою калды.
Чындыгында эле бул эки эркек өмүр бою бири-бирине болгон убадаларын бузган жок. Ар бири өз сөзүнө так турушту.
х х х
Айрымдар "Бриллиант жыландын" артынан сая түшүп жетпей жүрсө жеткендер өз өмүрлөрүн сайып араң жетишкен. Кемел болсо "Бриллиант жылан" улам ага жемин аңдыган ажыдаарча акырын жылып келатканын билген жок. "Чагылган" экөө жандарын ооздоруна тиштеп чапчышканда эле жылан Кемел жака оогон.
Чындыгында Кемел "Бриллиант жыландын" ээси болуп калууну каалаган да эмес. Окутуучусу "Каражыландын" тилинен чыга албагандыктан гана макул болду.
х х х
Азияттын кытай тараптан биринчи алган жаңылыгы китептин бир бөлүгү Кыргызстанда экен. Болгондо да кытайдын эң байыркы, азыр дээрлик жок болуп бараткан чыгыш күрөшүнүн бир түрү болгон "ок жыландын" эң мыкты чебери өтө коркунучтуу Кадыр аттуу чалда экендигин укканда оозу ачыла таң калды. Жыландын да жыландын сыры жазылган китептин да Кыргызстанда айланып калышында кандайдыр бир сыр жаткан жокпу деп ойлонуп калды.
Жыландын жасалышындагы чеберчиликке нечен жолу лупа менен карап отуруп таңданчу. Өзгөчө ачкычтын жасалыш татаалдыгы укмуш эле. Ачкыч эки сайдан турчу. Сырты түтүкчө келип, капталдарында түрлүү татаал тешикчелер боло турган. Ачкычты кулпуга салгандан кийин гана ички сайы буралып, татаал тешикчелерден кулпуну ачуучу түрткүчтөр чыгат болсо керек.
Ачкычты кармалганда "Бриллиант жылан" тирилип келаткансып денесиндеги бриллианттарын кычыратып кыймылдап турчу. Көздөрүнөн кадимкидей нур чачырап кетчү.
Неченди башынан өткөзүп өлүм жанында турса да селт этпеген Азият апкаарып кетээр эле. Мына ушундай татаал чеберчилик мындан нечендеген кылым илгери жерде жашаган устанын колунан келе коеруна ишенбей кетчү.
Мунун сырткы дүйнө менен так айтканда "инопланетяндар" менен сөзсүз байланышы барына өзүнчө ынанчу.
Ал түгүл асыл таш жана алтынды айрып таануу боюнча дүйнөгө аты чыккан адамды апкелип көрсөткөндө мынчалык таза изумрудду да, бриллиантты да көрө электигин айтып таңдана, ал түгүл жыландын денесиндеги асыл таштардын айрымдары жер бетинде али ачыла электигин, ал эми алтын чынжыры менен алтын өзөгү укмуштуудай тазартылган алтындан тураарын балким алтын эмес алтындан да кымбат өзгөчө металлдын түрүдүр деген жыйынтык айтты.
Мына ушулардын баары Азият Тибетте жүргөндө уккан легенда менен кандайдыр байланышы бардай туюлчу. Легендада минтип айтылчу;Күндөрдүн бир күнүндө асмандан жалбырттап күйгөн бир нече өтө чоң тоодой-тоодой болгон шарлар келип чытырман токой баскан Тянь-Шань тоолоруна келип түшөт. Алар жерге келип түшкөндө жер силкинип титиреп, аска тоолор жарылып, түз болуп түз жерден тоолор жаралып алай-дүлөй түшөт да айлап көнөктөгөн жамгыр төгөт. Мына ошол жамгырдын күчү менен өрөөндөрдү каптаган өрт өчүп, жер сууйт.
Анан баягы шардай болгон кемелердин ичинен бойлору узун, чачтары кызыл, көздөрү көгүш түстүү өздөрү сары адамдар чыгып келишет. Алар жер бетиндеги жашоого көнө алышпай аябай кыйналышат. Жергиликтүү тоолуктар аларды "Асмандан түшкөн адамдар" деп атап алышат. Алгач аларга ыйык адамдар катары сыйынып жүрүшсө кийин жылдар өтүп аларга көнө баштаган сайын "Шайтандар" дешип ар түрлүү жолдор менен көптөп өлтүрө башташат.
Кийин алар өздөрү келген асмандагы планеталары менен байланыш түзүшүп баары кайра учуп кетишкен" деп айтылат. Адамдардын илимге умтулуусу, тамгага үйрөнүү, дарыгерлик, биринин башына иш түшсө экинчиси жардам берген боорукерлик ошолордон калган дешет. Болбосо ага чейин адамдар карышкырларча жашоо өткөрүп бири-бирине боор ооруну, жардамдашууну билчү эмес экен. "Асман адамдары" өзгөчө Тибет чөлкөмүнө көп байыр алып нечен сырлуу үңкүрлөрдү казышып анын ичине табышмактуу курулуштарды курушкан экен. Нечендеген жер титирөөлөр болсо да ал үңкүрлөрдүн бири да кулабай курулуштары да кылым кечип сакталып турушу адамдарды таңдандырат.
Кийин "Асман адамдарына" окшогон балдар Азиянын тоосун да түзүн да кыдырып көчүп жүргөн кыргыздардын арасында көп төрөлчү экен. Жергиликтүүлөрдүн каны жеңип, акыры алар да жок болушуптур. Чачтары кызыл, өздөрү сары, көздөрү көгүлжүм асмандай өтө акылман, боорукер алп адамдар ал мезгилде жерге эмне максат менен келишкен, же күтүүсүз учуп жүргөн корабльдери кырсыкка учурап конууга аргасыз болушканбы. Кайра качандыр бир учурда келеби чыныгы сыры балким "Бриллиант жылан" каткан ачкыч ачуучу кулпунун ичинде жаткандыр. Бул да белгисиз табышмак.
Азият Кадыр чалды издетүүгө өзү баш болуп киришти. Тишине чейин автомат, пистолеттер менен куралданган жигиттерди ээрчитип жолго чыкты. "Ок жыландын" чебери эмес ракета болуп уча алса да көрөйүн деп койду. Азият өзү Кытайды нечен жыл иштегендиктен чыгыш күрөшүнүн чеберлери деген кимдер экенин мыкты билет. Анын ичинде "Ок жыландын" чеберлери тууралуу да окуган. Булар колдорунун манжалары менен адамды өлтүрө же эсин оодарып уктата ура алуучу адамдын денесиндеги точкалары өтө мыкты өздөштүргөндөр. Алардын көпчүлүгү колунун бир манжасынын тырмагын жыландын тилиндей учтуу өстүрүп туруп, учун жыландын уусу менен уулап коет. Душманы менен беттешкенде кан тамырга мына ошол учтуу тырмагы менен сайып кетет. Кан тамырлардын жайгашышын алардан мыкты билген эч ким болбос. Уу канга жетээри менен кандай адам болсоң да сенин жаныңды эч ким сактап кала албайт. Мына ушундай өтө коркунучтуу чеберчиликке ээ болушкандыктан "Ок жылан" атка конушкан.
Чыгыш күрөшүнүн кандай гана чебери болбо ок деген ок. Чыгыш күрөшүнүн мыкты бир чебери отуз "десантникмин" деген далдайган жигитке карматпай курчоодон чыгып кетиши мүмкүн. Бирок, бир автоматтан кутула албайт. Муну Азият жакшы билет. "Баатырдын жаны бир октук" деген ошо да.
Кадыр кытайдан келген гражданин болгондон кийин КГБнын архибин көтөртүп, Кадыр чалдын кайсыл айылда экенин оңой эле таап алды.
Капкара "Мерседес" минген жигиттер Кадыр чалды издеп келгенде раматылыгы болгурдун өлгөнүнө беш жыл болгон экен. Эч ким менен жакын байланыш түзбөптүр. Үйлөнбөптүр. Жалгыз жашап өтүптүр. Мыкы аттуу жетим бала гана үйүнө барып суу-пуу алышып калчу экен. Кыскасы Кадырды айылдагылар эчак унутушуптур. Жарым жылча мурда кытайдан келген бир досу да издеп келгенин жаңылык кылып айтып беришти. Өлгөндө өлүгүн койгондор эч кандай кытайча жазылган китеп көрбөгөнүн айтышты.
Эмнеси болсо да деп Азият Мыкыны издетти эле анысы сууга чөгүп кеткендей дайынсыз. Айылдан кеткен боюнча эч жерге учетко турбаган. Тааныш-туунуштарынан Россияда коммерция кылып жүрөт дейт беш-алты жылдан бери дайнын билбейбиз дегенден башканы уга албады. Россия болсо кенен. Кайсыл тешигинен издейсиң. Бир учурдагы СССР аттуу улуу империянын аймагындагы баш аламандыкка Азияттын кыжыры келди.
Анда ар бир адам кайда басса паспортун колдон түшүрбөй барган жеринде каттоодон өтүп турчу эмес беле. Азыр паспорт сураган жан жок. Коммерсантмын деп кой да каалаган кылмышыңды жасап коюп башың оогон жакта жашынып жүрө бер. Сени менен эч кимдин да иши жок. Чиркин СССРдин учурунда КГБ бирөөнү издетип калса көрдө жаткандан бери казып ийишчү эмес беле. Башка-башка өмүр бою КГБнын тармагында иштеп КГБ айтты десе башкалар себебин, жалган-чынын сурабай аткара беришерин мыкты өздөштүргөн Азият колдон келишинче пайдаланды го. Ал түгүл өзүнүн эң жакын деген жигиттери да катардагы эң оор кылмыш иштерин жасап жатканда "Кылмыш жасаган жокпуз. КГБнын кезектеги тапшырмасын аткарып жатабыз", - деп ойлошчу да өздөрүн мамлекеттин кызыкчылыгы деп башын сайып жүргөн эр көкүрөк жигиттердей көрүшчү.
Азият да эч шек билгизбей ар бир тапшырма аткарылгандан кийин мамлекеттин атынан түрлүү сыйлыктарды тапшырып ого бетер жээликтирип коер эле.
"Бриллиант жыланды" Азиятка алып келип бергендер да так ошондой эле мамлекеттик тапшырманы тап-так аткардык дегендердин бирлери болчу.
Мамлекеттик сыр өтө жашыруун калышы үчүн алар таптаза иштешкен болчу. Болгону кезектеги сыйлыктын ордуна баштарынан айрылышты.
х х х
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7