2-КИТЕП 5-БОЛУМ
Кандуу спорттун кандуу оюну
Биринчини женип чыккандар эми экинчи кармашка даярданып атышты. Беттешүүгө катышкан жыйырма төрт адамдын он экиси калды. Биринчи мушташтан кийин Алмаз бир топ тажрыйба алып калды. Тизме боюнча экинчи бет-тешүүгө буйрукка жараша Алмаз менен алиги тажикстандык жигит туура келип калыптыр. Балким тигил өзү суранганбы, белгисиз. Ал эми 11антера болсо экинчи каршылашын болгону төрт гана мүнөт убакытта аёосуз сокту. Катуу урулган соккудан каршылашынын оң жаагы чыгып кетти. Анысы аз келгенсип сол колун да тындырып, жараксыз кылып таштады. Анын бул жоругуна көрүүчүлөр ирээнжий түшүштү.
Алмаз ортого чыкканда кокусунан биринчи катарда отурган Ян Густу көрүп калды. Ал тажик жигитке күйөрман болуп келип
отурганын сезди. Экөөнүн мушташы катуу башталды. Тажик жигиттин соккуларынын баары Алмазга тааныш болчу, ошол себептен андан жеңил гана буйтап кетип, соккусун жеңил гана тосуп, кебелбестен туруштук берип турду. Андан эки-үч жолу кокусунан бетке да катуу жеп алды. Башы тегеренип барып оңолду. Улам-улам көзүнүн кыйыгы менен Ян Гусь тарапты карап коюп атты. Ал өзүнүн жигитине ыраазы боло Алмазды шылдыңдай карап турганын көрүп, ачуусу келе түштү. Эми ага кытай окутуучусу Мэй Линин ыкмаларын Колдонууга өттү. Бул тигил жакка карап тууган Ян Гусь үчүн күтүлбөгөн ыкмалар эле. Эки-үч жолу талуу жерге катуу сокку жеген тажик жигит кичине сестене түштү. Буга чейин ага үстөмдүгүн көрсөтө аны теңсинбей аткан. Эми экөө чындап мушташканга өтүштү. Алмаз катуу секирип келип, эки бутун бириктире моюнун кыса тепкенде, тигил дароо жерге шалак дей түштү да, оозунан кан агып кетти. Турайын деп келатып кайра турганда мындан да катуу сокку жээрин билип, ошол боюнча былк этпей жатып калды. Алмаз Ян Гусь тарапты карады, ал ордунда жок экен. Бул жолку экинчи беттешүү биринчиден да ырайымсыз, кандуу болду. Жеңилгендердин көбү дээрлик катуу запкы көрүшүп, оор жаракат алыша жапа чегишти.
Үчүнчү беттешүү Алмаз үчүн өтө кыйын, оор болду. Анткени атаандашы - кытай жигити, ушунчалык шамдагай, аябай тез кыймылдайт экен. Экөө кеминде эле жарым саатка жакын тең тандашты. Кытай жигити бирде маймыл болуп, бирде бүркүт, бирде ажыдаар, бирде мышык болуп кубулуп атты. Анын кыймыл-аракеттери бүт жаныбарлардыкын туурап согушат экен. Акыры аны да Мэй Линин үйрөткөн ыкмаларына салып көк беттенип атып, араң дегенде жеңишке жетишти. Андан соң ортодо үч күн антракт берилди. Алмаз бөлмөсүнөн сыртка чыкпай эс алып атты. Иргелип отуруп беттешүүдө төрт гана адам калган эле. Булар эң тандалманын тандалгандары болчу. пакистандык жигит, Алмаз, япон жигити анан "черная пантера". Алмаз болсо пакистандык жигит менен мушташмак. Бөлмөсүндө шашпай кофе ичип телевизор көрүп отурду. Жалгыз болчу, жанындагылар иштер менен сыртка чыгып кетишкен эле. Бир кезде эмнегедир айланасы тумандап жер айлан-көчөк боло шалдырап алы кете баштады. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй ордунан козголоюн деди эле, өзүнүн денесин өзү кармай албай жерге кулап .түштү.
Бир маалда эсине келип көзүн ачса, эки колу артына катуу байлануу, буттары бириктирилип таңылуу, көзүнө да кара чүпүрөк оролуу экен, оозуна скотч чаптап коюшуптур. Жыгач тактайда көмкөрөсүнөн жатыптыр. Каякта жатканы белгисиз, кыймылдайын деп көрдү эле, эч майнап чыккан жок. Бир маалда ары жактан "эсине келдиби?" деген кулагына тааныш үндү укту. Бул Ян Густун үнү болчу.
- Көзүн ачып койгулачы?
Көзүндөгү таңылган жипти чечкенде өзүн тегеректеп турган беш-алты кишини көрдү. Араларында Ян Гусь, алиги өзү менен мушташып жеңилип калган тажик жигит, андан сырткары өңдөрү жылуу учураган беш-алты жигит турган эле.
- Кандай, эс алдыңбы Алмаз мырза, - анын бет маңдайына Ян Гусь басып келди.
- Көрүшпөгөнүбүзгө көп болду го дейм. Ооба, ооба, баса, айтмакчы, Кандуу Ордодон туш-тушка чачырап кеткенден бери көрүшө элекпиз да. Ошол эле боюнча экенсиң, өзгөрбөптүрсүң. Чыгыш элдеринин да мушташуу ыкмаларын катуу өздөштүрүп алыпсың, баракелде. Азаматсың, сенден бир нерсе чыкчудай экен. Бирок, эми мындан ары эч ким менен мушташа албай каласың го. Анткени мен, өзүмдөн жогору тургандарды жаман көрөм. Менден жогору болом деп мага асылып жүргөн Спартагыңар эмне болду. Сөөгү эчакта сөпөт болуп, өзү тиги дүйнөдө тозоктун отунда кайнап жүрөт. Бирок мен сени тозоктун отуна кайнатпайм. Кадырын жан болсун, коркпой эле кой, бирок бул дүйнөнүн тозогунун отуна кайнайсың. Шприц менен ийне сайып коебуз бүттү, ошол боюнча түбөлүк майып болуп каласың. Кандуу спортто сага эмне, суутуп коюптурбу, башкалар бүтүп калгансып. Менин кишимди го жолун тосуп жеңип койдуң, бирок сени "черная пантера" бүкүлү жутмак. Биз ага жеткирген жокпуз, ошого ыраазы бол. Эми беттеш бүтүп, баары жай-жайына тарагыча сен ушул жерде жатасың. Албетте, жөн жатсаң эригип кетесиң. Сага наркотик сайып коебуз, эч нерсени ойлобой кайф кармап, жыргап жата бере-сиң.
Алмаз бир нерсе деп жооп берейин деди эле, оозу скотч менен катуу чапталгандыктан эч нерсе деп жооп бере алган жок. Муну байкаган Ян Гусь оозун чечип койгула дегендей белги берди.
- Сага эмне керек, максатын эмне, Ян Гусь, мени эмне себептен бул жакта кармаган келип атат? - деп оозу бошогондон кийин Алмаз тигиге суроолуу карады. Ян Гусь анын так бет маңдайына басып келип, акырын эңкейип бетине тике карады да, мыйыгынан жылмая "күңк" этти.
- Мага эч. нерсенин кереги жок Алмаз мырза, мен тек гана түз жүргөндү жакшы көрөм. Адамдарда субординация деген бар. ошону сактап жүрүш керек. А силер болсо өзүңөр катылып алдыңар мага. Мындайча айтканда ажыдаардын куйругун бастыңар, анын ачуусуна тийдиңер. Эми ал силерди аябайт. Силер болсо четинен бирден, экиден жок болуп отуруп эч кимиңер калбайсыңар. Азыр силер үчүн кайда барсаңар да мамайдын көрү, менден качып кутула албай-сыңар. Азырынча наркотик™ кабыл алып кайф кармап жата тур, соолукканда дагы сүйлөшөбүз. - Ал ары жактагы столдун үстүндө турган кагаз ко-робкаларды көрсөттү, - тээтигил жерде тургандар эмне экенин билесиңби. Албетте билесиң, билгенде да менден жакшы билесиң. Ал деген героиндер, баягы Душанбенин четиндеги дүкөндүн жер төлөсүндөгү силер жок кылган героиндин калдыктары. Анын баркын жакшы билбесең эми билесиң, бир-эки сайынгандан кийин. Кой, болуптур мырза, эмки көрүшкөнгө чейин жакшы эс ал, - анан ал ары жактагы мурутчан жигитке кайрылды. - Абидулда, бүгүн сен Ахмед экөөңөр дежур болосуңар, буга биринчи дозаны бүгүнкүгө жеткендей кылып сайып койгула. Кечке жуук да бир келип текшерип кетем, - ал ошол боюнча шарт этип артына бурулду да дароо чыгып кетти. Алиги Абдулла дегендин жанындагы жигит Алмазга жакындап келип эңкейе анын жүзүнө шыл-дыңдай карап койду.
- Душанбедеги келемиштерди унуткан жоксуңбу ыя, кандай гана таландыңар эле аларга ха-ха-ха!
- Бул алардын арасында жок болчу, аларды өлүмдөн ушул куткарып кетпедиби, - ортого Абдулла кийлигише кетти.
- Аа, ошондой де. Болуптур, сен аларды куткарыптыр- сың. Эми көрөбүз го алар сени кантип куткарганын. Ташкендин ичин милиция менен түп көтөрүп тинтишсе да эч жерден таба алышпайт. Ошондо келемиштерди көрбөй калганың кандай өкүнүчтүү. Шеф улуксаат берсе азыр деле сени келемиштерге талатып таш-тамакмын. Кыйналып жатып өлмөксүң да. Аябай ыраазы боло моокумум канат эле.
Ага Абидулда басып келди да чөнтөгүнөн акча алып чыгып колуна карматты.
- Ушинтип кечке чейин аңырайып муну карап чакыйып отура бермек белек. Ме, кичүү эмессиңби менден бир топ эле, кичи пейилдик кылып дүкөнгө барып банкадагы пиводон, тамеки, арак закүскөлөрү менен алып келе койчу, мен муну күзөтүп турайын. Ахмед бир аз турган соң акчаларды алып унчукпай сыртка чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Абидулда столдо турган шприцти алып ага наркотиктин суюктугун толтура кылып өлчөп сордуруп алды да, Алмаз жакка басып келип экөө бир азга тиктешип калышты. Алмаз колдон келишинче ага каршылык көрсөткөнгө даярданып калды. Эки буту, эки колу мойнуна чейин катуу чырмалуу болчу, каршылык көрсөтмөк тургай кыймылдаганга да мүмкүн эмес эле. Тигил баса калып сайып ташташы да мүмкүн болчу. Эгер бул баңги заттардын эң эле күчтүүсү - героинди кабыл ала турган болсо анда эле анын иши бүтмөк, эрежесиз мушташууга, "кандуу спортко" экинчи катыша албай калмак. Анын ушуга көзү жетип турду, ошо себептен кандай болсо да каршылык көрсөтүүгө аракет кыла баштады. Алмазды тиктеп турган жигит арт жагын жалт эте бир карап алды да эңкейип Алмаздын кулагына шыбырады.
- Мен дагы кыргызмын. Душанбеде жашаган кыргыздарданмын. Бирок ойлобо мени бошотуп жиберет экен деп. Ал менин колумдан келбейт, анткени мен Ян Густун эң ишенимдүү кишилеринин биримин. Кечээгүнү кытай жигити менен мушташканынды көрүп, өзүмчө баа бердим сага. Менин душманым болсоң дагы кыргыздардан да ушундай кыйын жигиттер чыкканына сыймыктандым.
- Баса, айтмакчы, мен кандайча силерге колго түшүп калдым?
- Анын жарасы жеңил го, бөлмөңө үстүңкү кабаттан акырын уктата турган газды тешик аркылуу жөнөтүп койдук, бүттү, сен уктап калдың. Сенин бөлмөңдүн ичинин ар бир кый-мыл-аракетин биз көрүп турабыз.
- Эмне, видеокамераңар барбы ал жакта?
- Ал секрет, андан көрө менин сага көрсөткөн жардамым ушул, бобул наркотикти сайбайм, азыр сайгандай кылып жасап коем да тигил жакка төгүп салам. Ошо себептен каршылык кылба, жок дегенде ийне менен кан тамырыңды сайып тешип коеюн. Тигилер келип текшергенде ишенгендей болсун. Менин бул чын сөзүм, каршылык көрсөтпө, убакыт тар, тигил келгиче ишти ылдам бүтүргөндөй болоюн.
Анын сөзүнө Алмаз анча ишенбей турса дагы баары бир каршылык көрсөткөн жок. Эгер алдап туруп чындап сая турган болсо ийнеси сынып кетсе да каршылык көрсөтмөк. Ал жигит Алмаздын күрөө тамырын кармап туруп ийнени сайды да андагы суюктукту ары көздөй куйбай кайра акырын сууруп алды, анан бөлмөнүн бурчундагы кол жуучу кранга агызып таштады. Ошол маалда сырттан төрт-беш банка пиво, колбаса, бууга бышкан тооктун этин бир бөтөлкө арак, тамеки көтөргөн Ахмед келип дароо эле анын колундагы шприцти карап калды.
- Эмне, ага наркотик сайганы жатасыңбы?
- Уже сайып койдум...
Ахмед ага ишенбей көзү жумулуп турган Алмаздын жанына басып келип колу менен анын көздөрүн ачып көрдү. Алмаздын көзү аңтарылып жатканын көрүп анан колдорун сыйпалады.
- Кайсы жерине сайдың?
Абидулда анын сайган колун көрсөттү эле, күрөө тамырындагы сайылган кичинекей кара чекитти көрүп таңгала башын чайкап койду.
- Кантип жалгыз сайдың муну, бул каршылык көрсөткөн жокпу?
- Колу-буту таңылуу болсо кантип каршылык көрсөтөт. Мунун колу-буттары таңылуу, мууздала турган койлордон айырмасы эмне. Биз да мындайлардын далайын көргөнбүз. Же мени эч нерсеге жарабаган, бир кемпай деп ойлоп атасыңбы. Менде да Кудая шүгүр күч бар, күнүнө гантел, гиралар менен бекер машыгып жүрөт дейсиңби. Бобул төш, булчуңдар ушундайда кызматка жарабаса, анда машыгып кереги не, туурабы? - Ал колун түйө мактана булчуңдарын көрсөтүп койду, - булардай болуп муштайт албасам да Кудая шүгүр, менде кара күч бар. Анын сөзүнө ишенгендей беркиси көчө тараптан алып келген нерселерин столдун үстүнө койду да тамекисин күйгүзө кетти.
- Шеф качан, кайсы маалда келем деп кетти?
- Кечке жуук саат алтыларда келет. Экөө өздөрүнчө сүйлөшө арак ичип жайма-жай отурушту.
- Кандай ойлойсуң, шеф муну да өлтүрүп көзүн курутабы, же өлтүрбөйбү?
- Ким билет, менимче өлтүрбөйт болуш керек, негизги нервдерин өлтүрө турган укол сайып таштайбыз деп атпайбы. Анда бул шордуу майып болуп колу-буту иштебей атүгүл сүйлөй да албай калат. Биздин шеф алиги Спартак дегендин командасын түп орду менен курутуп Орто Азиянын криминалдар чөйрөсүн өзүм башкарам деп жүрбөйбү. Ким билет, тигилер да оңой жоо эмес, мунун мушташканын көрдүңбү, кандай кыйын. Тигилери да андан кем калышпайт. Бирок эң башкы нерсе булардын саны бизге караганда он эсеге аз. Аз адамдар көптөргө каршы узак убакытка дейре туруштук бере алышпайт.
Кечке маал Ян Гусь келип баарын бир сыйра текшерип чыккан соң кетип баратып дагы тигилерге эскертип кетти.
- Жети-сегиз сааттан кийин бул тарай баштаганда кайрадан укол сайгыла, кыскасы эсине келтирбегиле.
Экөө түндүн бир оокумуна чейин арак, пиво ичип отуруп ары жактагы орунтукка кыйшая кетишти.
- Баса, биз уктап калганда, бул бошонуп кетпейби?
- Кайда-ан, биринчиден мунун колу-буту аябай чырмалып катуу байлануу, экинчиден биздин пистолеттерибиз бар, үчүнчүдөн бул азыр эч нерсени сезбей кайф кармап жыргап жатат, эс алганча бир топ бар. Так что, эч нерседен кам санабай койсоң да болот.
Экөө эки жерге жумшак креслого кыйшая кетишти. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө Абидулда акырын ордунан турду да ары жактан шприцти алып баңгизат даярдалган суюктукту ага толтуруп анан суу агызчу мурунку ордуна төгүп таштады. Анан Алмаздын күрөө тамырына ийнени сайып кайра сууруп алды. Ахмедди атайын ойготуш үчүн катуу-катуу жөтөлүп койду эле, ал дароо ойгоно тигинин жанына жетип келди.
- Эмне, экинчисин сайып атасыңбы?
- Чш-ш акырын, көрбөй турасыңбы, уже сайып койдум. Эми тан атканча эч нерседен камырабай тынч уктасак болот.
- Эрте эмеспи?
- Айырмасы кайсы, бир-эки сааттын, зато биз тынч уктайбыз.
- Дозасынан ашык сайып жиберген жоксуңбу, өлтүрүп алып шефтин алдында жооп берип калып жүрбөйлү?
- Мынакей, бобул дайындалган норма боюнча эле куюлуп атат.
- Байкуш мунун иши бүттү го, эми даана наркоман болуп калат, героиндин таасири аябай күчтүү эмеспи.
- Ким билет, эгер эрки күчтүү болсо, кайра эле баарына чыдап туруштук берип кете берет.
- Ишенбейм, андай сөзгө, миңдин бири эле болбосо...
-- Эми аны убакыт көрсөтөт, - экөө кайрадан кыйшая кетишти.
Таңга жуук эки-үч кишини ээрчитип Ян Гусь келди.
Жерде чалкасынан сулап жаткан Алмазды карап мыйыгынан жылмайып койду.
- Муну издеп мейманканадагылар аябай ызы-чуу болуп жатышат. Ал жакта качып кетти деген да кеп болуп атыптыр, мейли ошонусу кайра жакшы. Булардын төртүнчү беттешүүсү бүгүн кечинде саат жетилерде башталат. Көрөбүз го, дагы кандай окуя болорун. Муну качып кетти деген сөздөрдү тымызын жайылттырабыз. Күйөрмандардын баары ишенип калышсын, - Ян Гусь ары жакта сөз угуп турушкан экөөнө кайрылды.
- Экинчи уколду канчада сайдыңар эле буга?
- Көрсөтүлгөн убакыт боюнча эле, белгиленген өлчөмдө сайдык, - Абидулда тигинден мурун оозунуп жооп берди.
Ян Гусь саатын карап бир аз турган соң экөөнө эскерте кетти.
- Дагы эки сааттан кийин мунуң эсине келет. Ошондо силерди бошотуп сменди алмаштырам. Ага чейин сак болуп жакшылап кайтарып тургула. Муну менен дагы соолуккан кезде жакшылап сүйлөшөм. Же ары кылам, же бери кылам, - өзүн коштоп жүргөн жан жөкөрлөрүн ээрчите кайра чыгып кетип калды. Абидулда өзүнчө катуу ойго чөмүлүп турду. "Эмне кылсам, муну бошотуп качырып жиберсемби? .. Жо-жок, болбойт. Анда Ян Гуска чын дилимден ак кызмат кылганым кайсы, анда эле ишеничтен кетип калам. Ишеничтен кетмек тургай бул үчүн катуу жазага да татыктуу болом. Ушул боюнча калтырсам, байкуш жигитке убал. Кыргызстандыктар же тагыраак айтканда "кыргыздар качып кетти" деген шермендечилик эл арасында тарайт. Эмне кылсам?" Ал эки анжы боло кыйналып көпкө отурду. Анан саатына карады, эртең мененки сегиз болчу. Он сааттан кийин эл аралык беттешүү кайрадан башталмак. Циркке көрүүчүлөр менен күйөрмандар мурдагыдан да аябай көп болуп билеттер эртең менен эле кымбатына карабай сатылып кеткен болчу. Ал жакка жалаң жергиликтүүлөр эле эмес, алыскы республикалардан, мамлекеттерден да аябай көп келишкен эле. Көпчүлүгү атайын "Черная пантераны" көргөнү келишкен. "Эмне кылсам?" ал өзүнчө катуу кыйналып атты. "Эгер ушул боюнча калтырсам, "кыргыздар коркок экен" деп бүткүл дүйнөгө шерменде болушат. Бошотсом дагы болбойт, эмне кылсам?" акыры ойлонуп отуруп бир чечимге келди. Ахмед дааратканага кеткен маалда Абидулда Алмаздын жанына жетип келди дагы акырын кулагына шы-бырады.
- Мен байлануу жиптин бир жак учун эч кимге билбегендей кылып акырын жандырып коем, калганы өзүңдүн ишиң. Чыгып кеталсаң чыгып кеталдың, чыгып кеталбасаң. .. мен ага эч нерсе дей албайм. Кыргыз катары менин сага көрсөткөн жардамым ушул, - ал Алмаздын артындагы жиптин учун акырын чечип бошотту да, кайра учун жай эч ким байкабагандай кылып илип, ороп койду. Ахмед сырттан келгенде билмексен боло өз ишин жасап калган эле.
Ян Густтар келишкенде Алмаз көзүн ачып чалкасынан жаткан. Ян Гусь анын жанына басып келип көзүнө тике карады.
- Кандай ден-соолугуң, Алмаз мырза, дале сыр билгизбей, кебелгиң келбейт го. Эч нерсе эмес, дагы эки-үч жолу укол жегенден кийин менин айтканымды гана жасап жалдырап каласың. Андан көрөкчө менин силер менен сүйлөшөйүн дегеним, "экинчи силерге катылбайбыз, баш көтөрбөйбүз, силердин айтканыңарды аткарып турабыз" деп жигиттик сөзүңдү, атүгүл чөгөлөп туруп ант бер. Ошондо гана сени бошотуп жайыңа коем. Бирок тигил беттешүү оюну бүткөндөн кийин. Эгер макул болбо-соң, өзүңө-өзүң күнөөлүүсүң. Кана, ойлон беш мүнөт убакыт күтөм, анан кетем...
Баары аны беш мүнөттөй жымжырт болуп күтүп турушкан соң Ян Гусь ага дагы кайрылды.
- Убакыт бүттү, эмне болду, ойлондуңбу? o
Алмаз жооп бергендин ордуна анын бетине катуу түкүрүп жиберди. Ян Гусь ачуулана бетиндеги шилекейлерин акырын аарчыды.
- Сенин ушинтээриңди билгем. Жакшылык кылайын дедим эле болбодуң, "эшекти отко айдаса бокко качат" болдуң, буга өчүн күнөөлүүсүң, эми түбөлүк майып болуп жата бер көрүнгөндүн көзүн карап. Менин сага айтаар акыркы сөзүм ушул, - ал ызырына артына кылчайбай дароо сыртка чыгып кетип калды.
Арадан жарым саат өткөндөн кийин смена алмашылып жаңы жоосу келишти. Абидулда чыгып баратып аны сынай бир аз тиктеп турду да анан унчукпастан чыгып кетип калды. Кийинки беттешүүгө алты гана саат убакыт калган эле.
Жаңы алмашылган күзөтчүлөр мурункуларына караганда бир топ эле сак, кыраакы турушту. Алмаз кичине кыймылдап койсо эле жалт эте аны шектүү карап калып атышты. Бирөөсү ары жактан шприцке героинди толтуруп келип жаңы эле саяйын деп келатканда арткысы аны токтотуп калды.
- Эмне кылганы жатасың?
- Наркотикти сайганы...
- Келесоо десе, токтот мунуңду, Абидулда кетип баратып эскертип кетпедиби "буга сайбагыла, жаңы эле сайдым. Эми кечки саат алтыларда барып сайгыла. Антпесеңер дозасынан өткөрүп, өлтүрүп аласыңар" деп. Эмне, аны уккан жоксуңбу?
- Кудай урсун, укканым жок.
- Ал сүйлөп атканда сен каякты ойлоп отурдуң?
- Билбейм, кана текшерип көрөлүчү... Экөө Алмаздын колундагы кан тамырларынын сайылган жерлерин карашты. Абидулда үчүнчүсүн да мурункудай кылып сайып, атайын жасап кеткен эле. Алар Алмаздын жумулуу көздөрүн ачып каректерин текшерип көрүштү. Анын тетири аңтарылып турган каректерине карап күлүп коюшту.
- Бүттү, бул башка дүйнөдө саякат жасап жүрөт. Колундагы кан тамырларын эле карабайсыңбы, үч точка турат. Экөө кечөө сайылган, бирөөсү эртең менен жаңы эле сайылды. Бошоп турган үч кичинекей бөтөлкөлөрдү эле көрбөйсүңбү, сен дагы сайган бар. Мунун үстүнө дагы сайып эмне, өлтүрө албай турасыңбы? Бул үчүн биз керт башыбыз менен жооп беребиз, билдиңби? Тим гой аны жайына.
Экөө ары басып кетишип столго барып отурушту.
- Саат канча болду?
- Он.
- Беттешүү канчада башталмак эле?
- Кечки саат жетилерде го сыягы...
- Ага чейин дагы бир топ убакыт бар экен да...
Алмаз көзүн жумуп арамзаланып жатканы менен баарын угуп турду. "Та-ак, беттешүүгө чейин дагы тогуз саат бар экен. Кандай болсо да бошонуп чыгыш керек эле", ал ичинен ушуларды ойлоп, билгизбей бошогон жиптин учун колунун манжалары менен издей баштады. Ичинен Абидулданын ушундай идеяны ойлоп тапканына ыраазы да болуп атты. "Чын эле ал болбосо таптакыр эле ишим бүтмөк экен да. Эми кечки саат алтыларда дагы ийне сайышат. Буларды ошого жеткирбеш керек". Акырын болор-болбос көзүн ачып кирпиктеринин арасынан экөөнү карады. Экөө тамекилерди бурулдата тартыша карта ойногонго киришиптир. Арты талып кеткенинен акырын кыймылдады эле, тигинин бирөөсү жалт карады.
- Ага эмне мынча чочулап жалт карадың? Тим гой ары-бери оодарылып кайф кармап жата берсин.
Экөө кайрадан ойногонун улантып киришти. Анан кайра-кайра ойноп жатып тажашты окшойт, бирөөсү экинчисине сунуш кылды.
- Мындан көрө давай акчага ойнойбуз, кызыктуураак болот.
- Болуптур.
Дароо эле акчаларын чөнтөктөрүнөн алып чыгып столго коюшту да, картаны кайрадан тарата башташты. Алмаз бери оодарыла колун тигилерге көрсөтпөй кырынан жатты. Тигилер эмне болсоң ошол бол деп таптакыр ага көңүл бөлүшпөй калган эле. Анын үстүнө баңгизаттын таасири аны акыл-эсинен ажыратып салды деп ойлоп ал жөнүндө анча кабатыр болушкан жок. Экөө таптакыр оюндун кызуусуна кире башташты. Улам чөнтөктөрүнөн акча алып чыгышып столго таштап жатышты. Бул Алмаз үчүн эң оңтойлуу учур болду. Анын колунун манжалары гана кыймылдаганы болбосо бүт тулку бою аябай бекем таңылуу болчу. Колунун манжалары менен алиги Абидулда айткан жиптин учугун таба албай убараланып жатты. Жарым сааттай убараланып жатып араң дегенде таап, жаңы эле аны катуу тартып бошотууга аракет кыла баштаганда кокусунан эшикти шарт ачып Ян Гусь жан жөкөрлөрү менен кирип келди. Беркилер акчаларын чөнтөктөрүнө сала ордуларынан атып тура калышты.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2