Татыктуу жашоо учун курош.
Ар бир адам бул жашоодо татыктуу жашоону каалашат эмеспи.Татыктуу жашоо бул-жакшы жашоо.Жакшы жашоо учун адамга эмне керек?
Жакшы уй-булоо, жакшы шарт, жакшы акча, жакшы жумуш, жакшы ден-соолук. Биздин жашоо максатыбыз эмне?Татыктуу чын жашообу же бай жашообу, тушунуксуз....Азыр жатып алып уйкум келбестен ойлоп, ой тубуно жетпей койдум.Анткени жакшы жашоо деп Кыргызстан эли ата-эне, бала-чакага карабай жанталашып журобуз.Кыргызстанда жашоо жалгыз байлардын жашоосу болуп калгандай. Акчасы жоктор канча аракет кылбасын баардык жерде жабыр тартат.Закондон тарта ,билим берууго чейин пара болуп калды. .Жада калса врачтар колунда акчан жок болсо жардам корсотушпой калышкандай. Жакшы акчалуу жашоо учун тынбай курош уланууда..
Мен сиздерге кичинекей бир азыркы жашообуздан узунду чагылдыра кетейин.Анан озунуздор оз ой-пикирлериниздерди калтырыныздар.
Соз башынан болсун......,
Атым Зарина.Мен эл катыры эле толук бир уй-булоодо чонойдум .Кудайга шугур ата-энем,бир туугандарым,чон энем,таенем жана таятам ,кыскасы мага жакын адамдардын баарынын курчоосунда чонойдум.Ошол мектепти бутконго чейинки убагым мен учун эн бактылуу кундорум экен.Мен 19жашымда турмушка чыктым.Куйоом бири-бирибизге конул коюп эле турмуш курганбыз.Кайн журтун менен сый урматты жоготпоо учун оз уй-булоон учун турак жай кылсам дейт экенсин. Эгер пешенене кембагал уй-булоо жолукса эмне кылмаксын? Ал уй-булоо адал жол менен жашап, бироонун акысын уурдабаган,жаман иштерге барбай жашаган таза уй-булоо.
Бирок..
Жолдошумду уйлонуп, бир кыздуу болгондон сон , жокчулуктун айынан "Россияга барып 2-3жыл кыйналып болсо да ,бир турак жай кылалы озубузго "-деп айтып, иштеп келууго жонотуп жибердим.Кайната-кайненем каршы болуп : "кой балам уйубуз зангыраган байдын уйундой болбосо да,баарыбыз батышып жашайбыз.Огородду чаап,эгин эгип,мал багып болсо да жашоо отот,жакшы жагы бала-чакан, анан биз жанында болобуз "-деген эле.Мен болсо:" ата ,апа коюнуздар, сиздерге жук болбойлу , оз арабабызды озубуз тарталы, аракетке-берекет "деп туруп алдым.
Ошентип жолдошум Россияга жол тартты.
Ар бир нерседе кыйынчылык болот тура ,Россияга барып эле жыргап калбастан,бир канча ай жумуш таап,документ жасатып,конушо албай кыйналган экен.Ата-энесин,уй-булоосун ,жакындарын сагынган сезимин айтпай эле койсок болот.Россияда жолдошум иштеп,озуно квартирага,жол киреге,документке,тамак -ашка жана кийим кечесине коротуп,ошондон акчасы артса артат ,артпаса артпайт.Айылда кызым менен кайната-кайненемдердин алдында кызмат кылып,сабыр кылып,жан шеригимди сагынып ,ыйлаган кундорум коп эле болгон.Керегиме акча сураймын ,аран эптеп артканын салат.Бирок кунумдук турмуш ошентип улана берди.Сагынышып журуп 1,5жылда бир келип ,1айда кайра кетти, "иштеп акча топтоп келейин ,буюрса уй жайлуу болуп калабыз "-деп.Экинчи жолу боюмда болгон экен ,"2 перзенттуу болобуз"- деп бир чети кубансак,бир чети "иий кыйынчылык дагы деле улана берет турбайбы" деп ойлойм.Жолдошум озунун башын аран баккан, 4 баш болсок кантип багаар экен деп коер элем.Кайненем "сактансан боло кызым озунду кыйнабай ,кызын 2жашка чыгып калды ,сени да уулумдун алдына иштегени жиберет элек "-дейт.Бир чети учуп эле жолдошумдун жанында болуп калгым келет .Кундор отуп ай кунум жетип, уулдуу болдук.6 мучосу соо кудайга шугур.Балам 5ай болоордо суттон чыгарбай эле кошумча тамакка уйротуп ,азыркы заманда баары эле малютка менен чонойтуп алышып жатат.Бир эле мен эмесмин ,барып эрди катын чогуу иштеп турак жай алып,машиналуу болуп жашап жатышат.Бала, бала жолунда чоное берет.Ушулардын келечеги учун таштап кетип жатамын,чонойсо досторунан кем болбой жакшы кийинип,жакшы уйдо жашай турган болсун -деп алыска сапар аттана бердим.Ошол куну эртен менен уулумду тойгончо эмизип,башын сылап уктатып,жыттагылап сыртка чыктым.Кызымды кайнсиндиме "алаксытып турунуз ,мени корсо ээрчийт "-деп качып жонодум.Кызым баарына эси жетип калган болчу, чынырып "апаа "-деп артымдан ыйлап кала берди.Жолдо балдарымды элестетип ,ичимде бир нерсе тургандай болуп аран бара жатсам,кайненем чалып "кызын менен суйлош "-дейт.Ыйлаганы дагы деле басылбай ,бир нерселерди эле айтып жатты.Козумдон молтурогон жаштар агып,айылдан Бишкекке жетип келдим.Жолдо кокурогумдун канчалык ооруганын айтпай эле коёюн .Балам ыйлаганда катуу ийип кетчу эле, бир канча жолу ошентип олтуруп шаарга жетип келдим.Озумдун апамдар каршы болсо да ,куйоо баланыздар чечет деп сапарга аттанган элем.Шаарга жетип аэропортко келсем ,оз апам чалып "кызым бекер кылдын айланайын,ушул эки наристени кантип кыйып таштап кетип жатасын? Барсам кызын бешикте жаткан инисине башын жолоп,эжен менмин, эми озум кам кором дегендей ун катпай бир чекитти тиктеп туруп калды .А мен омурумдо мындай коз жаш токкон эмес элем,анткени силер менин коз алдымда чонойдунар,бекер кылдын "кайт кызым "-дейт.А мен "апа билеттин акчасы куйоо баланыздын бир ай мээнет териси менен иштеп тапкан акчасына келген "-деп айла жок "апа, кайненем жакшы деди балдарымды ,тируулугуно шугур калганы баары болот ,ушуларга эле шарт тузгону кетип жатпаймынбы, ойлонбонуз "-деп трубканы коюп самолетко чыга бердим.2саат эле учса да оюм балдарымда жана апамда болуп Россияга келип кондук.Жолдошум кутуп алды,андан бактылуу адам жоктой "жаным келдинби"- деп кучактай кубанып ,эми мен да эл катары ысык-ысык тамак жеп,кир кечем жуулуп,кенири уктайт экем да дейт.Ичимде бир четинен балдарым учун капалансам,бир чети жолдошума жеткениме кубанып турдум.Ошентип жумушка да орноштум.Кундо звонок кылып балдарымдын ал акыбалын сурап турамын.Кайнененем болсо"- жакшы булар,суйлошсон сени эстеп ыйласа конбой коет, андан коро жакшы маанайда иштеп ,акча топтоп уй-жай кылып алгыла "дейт.Мен кундузу жумуш менен алек болсом да, тундосу копко уктай албай кыйналып ыйлап чыгам.Анткени эненин бардык ою балада болот тура.Тундосу кызымды кучагыма кысып, эми чыккан тилинен ширин ширин создорду угуп ,эркелетким келсе,уулумду тойгончо эмизип жытын тан атканча жыттап жатмакмын -деп козумдон жаштар сызылат. Эркек киши же сыр бербейби ,же энедей куйумдуу болбойбу ,жолдошум тез эле уктап калчу.Эртен менен жумуш 10до башталгандыктан айнек астынан кочодо откон балдардын унун уксам эле чочуп ойгоно турган болдум.Журогум бат согуп, балдарым аман болсун кудайым деп аран озумо келээр элем.Жолдошум кызына мээрим берип кичине болсо да жанында болгону менен ,уулун эркелетмек тугул колуна да алып коргон эмес эле.Жада калса боюмда барда жанымда болгон эмес болчу.Кызым куйоомду тарткан опокшош.А уулум менин дал озум болуп чоноюп баратыптыр.Кээде ватсапп аркылуу сурот жонотуп калчу кайнсиндим.Ошондой эле кундор улана берип 5-6ай иштеп коюптурбуз.Акча чындап топтой алдык ,бирок миллион эмес.Ошол 6 ай ичи мен учун жалгыз гана элес,сагынуу,ичимден озумду куноолоо ,кайра эле озумду басандатуу менен отту десем ишенесиздерби?Ар суйлошконубуздо жакшы деген кайненем,бул жолку чалганымда "жакшы элее"- деп суз жооп берди.Журогум узулуп калгандай "эмне болду, эне айтыныз"- деп суранып жаттым.Энем тагыраак айтканда кайненем -"бир келип коруп кетсен да болот,булар сагынышты ,а уулум иштей берсин,самолет менен эле келип кет "-деп калса болобу.Кайненемден бул созду кутпогон жаным ,шарт эле жолго чыктым.Келсем кызым садикте экен, а уулум тилекке каршы оор абалда больницага тушуп калган экен.Корсо балам озун жоготуп, озуно келип ,талма оорусуна мен кеткенден кийин чалдыгып калган экен.Озумдун апам келип "мен да карашайын,сиздер кыйналдыныздар "-деп сураса-"жоок кыйынчылыгы жок ,уйронгон жеринде болгону кайра жакшы ,неберелеринден ойлонбо "-деп жонотуп жиберген тура.Ушунчалык кудайлап,баламдын козун ачып эмуусун кааладым,бирок айла жок экен ,барганыма 1кун болбой балам мени таштап , асманга учуп кетти.Жолдошума чалып тезинен келип калыныз десем,жону жок эле черный списокко кирип калыптыр.Айла жок ичимден кан жутуп ,ширинимди жерге бердик.Баламдын куйуту дагы деле тынчтык бербей келет.Баламды жерге берээр замат кайненем кызымды да кошо мени менен Россияга жонотту."Сен кызын менен уйдо олтурсан да балам иштейт,кунунорду откоро бересинер"- деп.Ошентип кызым, жолдошум учообуз Россияда кун кечирип журуп,боюмда дагы болду.Ушунчалык кубанып,озумо карап ,жакшы витаминдерди ичип, баламдын эсен аман торолуусунун камын коро баштадым.Ай кунум жетип больницага тушуп ,ооруп журсом байкуш алтын апакем бул дуйно менен кош айтышып кетиптир.Мага эч ким айтпаптыр.Апам авария курманы болуптур.Мен уул тородум.Уйго чыккандан кийин уктум.Куйоом азыр айтсам сут келбей койбосун, убагы келсе айтамын деп ойлогон экен.Угар замат ичим орттонгондон орттонуп
боздоп ыйлап, апама баргым келди.Аттин айлам жок белим бош,колумда чилдеси чыкпаган наристем.Апам жаш кете берди ,мени таштап.Эн окунгонум апамды жада калса акыркы сапарга жоното албадым.Тагдыр экен,айла жок.
Сиздерге айткым келгени сураныч балдарыныздарды алыска таштап,акча учун кун откорбонуздор.Бир кун мага окшоп уулум менен апамды таппай калгандай болбонуздар.Балага эне мээрими жана тарбиясы эн биринчи орунда керек экенин эми тушунуп турам .Азыр балам жана апам жанымда болсо чатырда жашаганга да даяр элем.Мен ката кетирдим.Дагы деле ичимден озумду жеп келемин.Баламды эмизбестен 5айында таштап келгениме абдан окуномун.Кудайдын буйругу экен дейт элдер.Бирок мен ичимден арман кылганым "эгер мен акчага кызыкпай,уй-булоом менен бир болгонумда ушундай болбойт беле "-деймин.Анысы аз калгансып балам атасынын эркелеткенин ,кулкусун да укпай кете берди.
Эжелерим,синдилерим эгер балдарыныздар алыста болсо дароо барыныздар же алып келиниздер.Алар сиздерге муктаж!!!Эл созу,байлык-бийлик учун жашабаныздар.Кээ бир туугандар балдарын таштап коюп жылдап акча жыйнап, элге чон той беришет.Сиздер учун балдарыныздар менен курсагыныздар ток жана ден соолукта бирге болуу ,эн чон той турбайбы.Аллахым ар бир жанды жакындарынан айыра корбо суранамын!!!!оомин деп мен оз созумду аяктайын. Кечир мени бейкуноо наристем....
Каармандын айткандарын жазып чыгарган автор:
ЗАМИРА ТЕМИРБЕКОВНА
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4