8-БОЛУМ
Уланга азыр Назиктин кайда экенин айтып коюп, ал кеткенде өзү да анын артынан аңдып бара жатты Гули.
Кыздар сыртка чыгып коштошуп ар кими өз унааларына карай жоношкондо Улан Назиктин алдын торой басты. Мындайды күтпөгөн ал так маңдайынан чыга калган Уланды тиктеп эле катып туруп калды. Анын абалы эң эле жудонку, боор ачырлык, кабагы буркоо азыр эле ыйлап сооронгондой көздөрү кызарган, эки колу чонтогундо өзүнө жылмайып карап турат. Бул жылмайуу анын акыркы күчүндөй туюла турган, уурту эле бир аз жайылганы болбосо көздөрү жалооруй тиктеп. Назик акылын токтотуп бир деме ойлонгончо Улан жетип келип аны кучактап калды.
Бир нерсе дейин деп өзүн тартууга аракет кылганда,
-жаным, жалгызым унчукпа, бир аз да болсо боорун ооручу мага, ушул жыргалды ыраа көрчү жок дегенде, балким бул акыркы кубанычым акыркы жыргалымдыр, деп кулагына шыбырап андан бетер катуу кыса кучактады.
-Бул эмне дегенин? деп бар күчүн жумшап андан бошонуп алып анын көздөрүнө караганда ал ыйлап жаткан экен.
Улан өзү да жөн гана аткаруучу болуп жатам деген, бирок сүйүктүүсүнүн жытын жыттаганда гана катуу сагынганын сезип эрксизден көзүнө жаш келип кеткен эле.
- Сен менсиз да бактылуу боло алат экенсиң көрдүм, бирок мен анте албадым жаным, мен жеңилдим, мага эч нерсенин, жашоонун да кызыгы калбады. Сени менен бирге бүт дүйнө жүзүн менден буруп кетти, хы жада калса турак жай да мени сыйдырбай койду. Кулкулуу ээ, качанкы керсейген сенин жигитиң бүгүн мынтип көчө тургуну болуп калганы, болгондо да арманын өзүңө келип айтып турганы. Макул жалгызым, мен сенин жалгызын боло албадым, бирок сен мен үчүн жалгызсын. Жалгызым менин, кош! Сен бактылуу бол, экөөбүз үчүн бактылуу бол! деп анын колдорунан кармап жыттап алып ары көздөй басып кетти. Беш алты кадам таштаганда артынан - Улан! деген чакырууну угуп, тык токтоп, бирок артына бурулбастан бир аз турду да кайра басыгын улай берди. Ал билет, мындай сөздөрдөн кийин Назик эч нерсе укпагандай басып кете албашын, өзү Назиктин көзүндө ким экенин да жакшы түшүнөт. Назик үчүн ал намыской, айтканын аткарган кежир жигит, так ошон үчүн ал азыр аны таштап кете албайт, мындай абалда ал өз жанына кол салат деп коркот. Ал эч бир оюнан адашпаган экен, дагы эки үч кадам аттаганда Назик артынан жетип келип алдын торой туруп калды.
-Улан өзүнө кел, азыр кайда бара жатасың? журу бул жайга кирип суйлошолучу, деп азыр эле өзү чыккан кафени коргозду.
-жалгызым мен сага жок деп айта албайм дечи, бирок эл көрсө сени эмне дейт, кийин менин мындай жайларга киргенге кудуретим да жетпейт.
Назик ушуну эле күтүп тургандай аны колдон ала кафени көздөй жөнөдү.
-мени элин кызыктырбайт. Бул сөздөр өзү Уланга таандык сөздөр, ал дайым ушинтип айтчуу, а азыр ал такыр башка адам болуп алыптыр.
Ичкери кириши кирип алып сөздү эмнеден баштаарын билбей экөө тиктешип гана отуруп калды. Азыр Назиктин көзүндө сүйүү эмес айоо жана коркуу гана бар эле. Муну ал өзү да сезди, жүрөгү баштагыдай кабынан чыгып кетейин дебейт, болгону канткенде күнөөмдү тазалайм деген гана окунуч коштогон ойлор мээсинде калкып учат. Өткөндө анын оозунан уккан сөздөрү кыйла жүрөгүн муздатып койгондой, же ал орунду башка ээлей баштаганбы.
-сен ушунча кыйналдынбы Улан, эмнеге мынтесин? Сенин алдыга койгон максаттарын чоң эмес беле, эмнеге аракет кылууну токтоттун? Эмнеге өзүңдү мынча кыйнайсын? Аякка тур, жумушуна кайт, жашоону улант, али баары бүтүп калган жок. Мына муну ал, жок дебе, баарын башынан башта деп сумкасында бар акчасын чыгарып алдына койду.
-ай Назигим менин, боорукерим, сен мени али да билбеген өңдүүсүн. Мага акча керек болгондо иштеп тапмакмын, мага азыр мунун эч кереги да кызыгы да жок. Досторум да убараланып бир кыйла акча топтоп беришиптир, ал байкуштар да көңүл ачып алаксысын дешсе керек, кайдан билмек элеңер менин конулумду бир гана нерсе ача алаарын. Алардын бергенин алдымдан чыккан биринчи адамга карамата салгам муну антпейт деп ойлойсуңбу?
-жок антпейсин, өзүнө иштетесин, анткени бул менин колдорумдан өтүп жаткан акчалар, аларды мен каалаган адам гана иштетүүгө акысы бар. Эгер жок деп баш тартсан, менден, мени эстоодон баш тарткан болосуң, деп акчаны алып анын колдоруна карматып койду.
Бул учурда алардын ар бир кыймылы суротко тартылып жатканынан экөөнүн тең кабары жок эле.
Назик ушунча сүйлөп кубаттап жатып бир да жолу эркелеп же экөөнө таандык жалгызым деген эркелетуу сөзүн колдонбоду. Бул үчүн жигиттин жүрөгү туйлап алды, сүйүктүүсүнун өзүнөн алыстап баратканына. Баарын жыйыштырып жашоого очошууну токтотуп жанында отурган өмүрүнүн маңызын жетелеп дайынсыз алыстарга кетип калгысы келди, бирок анын жумшак сапатын катуулугу жеңип кетти. Бул жашоодон өчүн албаса коксоосу суубачудай, ансыз да баары ал каалагандай болот, ушул ойлор жеңип кетти жигитти.
Ал жерден экөө бир бирин тушунгондой жоошуткандай болушуп чыгып өз жолдоруна түшүп кете беришти.
Назик желкесинен оор жүктү тушуруп бир мидетин аткаргандай жеңил кадам таштап уйуно кирип келген, азыр Жанарга баарын айтып берем андан да баарын сурап билем деп ойлоно, бирок жолдошу үйдө жок болуп чыкты.
Гули алардын коштошунун күтпөй акчаны берип жаткандагы учурду акыркы кадрга алып өзүнүн инисине жөнөтүп жиберген, Жанардын номурун айтып ушул номурга жөнөтүп кой деп, өзүнүн телефонунан жөнөтүү кооптуу эле Назик билип коймок, кийин Жанар аны саткын эмес жакшы кыз катары тааныш керек. Иниси баарын аткардым дегенде гана чоң жумуш бүтүргөнсуп жолуна түшкөн, муну коруп Жанар сөзсүз бир тыянак чыгарат деген ойдо.
Жубайынан көңүлү тынчып, Уланды эсине да албай иш кагаздарын үстүнөн иштеп жаткан Жанардын көңүлүн телефонуна келген тынымсыз кат алуучу конгуроосу буруп, ал каттарды текшерип коюуну чечип телефонду колуна алып андагы сүрөттөрдү көрүп нес боло түштү. Алар бей тааныш номурдан келген Назик менен Уландын кучакташып, бирге отуруп, акча берип жаткандагы суроттору экен. Жанар мунун азыр жаңы тартылып жөнөтүлгөнүн келинчегинин кийиминен түшүндү, ал кечээ экөө бирге алган кийимде эле. Жакшылап сүрөттөрго карап кай жерде тартылганын аңдап дароо ордунан туруп ал жакка бет алган, кечигип жетип келиптир . Суроттогу кафенин алдынан Назиктин унаасын да өзүн да таба албай калды, бирок Улан көп узабаган экен андан бир аз өтүп жолдун жегинен аны көро коюп, унааны ыңгайсыз эле жайга токтото сала Уландын артынан жугурду. Жанына жете келгенде гана аны көрүп басыгын токтотуп туруп калды Улан.
-эмне мынча куйугуп, же менин артымдан аңдып жүрөсүңбу? деди эки жагын карап дагы ким бар экен, жалгызбы дегендей.
-коркпо мен жалгызмын. Кана ойлондунбу мен айтканды же аял кишини аздан тоногон жагып жатабы сага?
-демек аңдып жүрөсүң. А эмнеге ошол учурда токтотуп калбадын, баарын көрсөң сөзүбүздү да уккан болсоң керек, ал мен үчүн бул акчаларды эмес жанын берүүгө даяр экенин тушундунбу, сен үчүн эмес мен үчүн!
Жанар чынында сүрөт Улан тараптан жөнөтүлгөн деп ойлогон, өзүнүн кечээги айткан сөзүн эстетиш үчүн жасап жатат деп. Бул сөздөрдөн кийин эки анжы ойдо болуп калды, балким бул эмеспи, ошентсе да текшерип көрүү керек.
-бирок сага анын жаны эмес акчасы керек болуп жатпайбы ээ? Түшүнгөндо эмне, сенин колуңдан жакшылык келбесин алда качан түшүнүп болгонмун. Эми бар дартынды айт, каалаганынды ал менден Назиктен утуру майдалап алып жатпай.
-а эмнеге мен сенден акча сурайт деп ишенимдүү турасың, балким мага акчанын кереги жоктур.
-хы, акча керек болгон үчүн алдагынтип мага сүрөт жөнөтүп мактанып отурасын да. Менин айтканымды эстетип.
Улан анын сөздөрүнө жакшы түшүнө бербеди, бирок ага токтолуп отурбай өзүнүн максатына өтүүнү туура көрдү.
-мага сенин үйүн керек.
Жанар тобосунун үстү менен карап, ундобой туруп калды. Улан чынында аны ынай коёт деп деле ойлогон эмес, болгону өзүн Жанар ойлогондой оңой адам эмес экенин билдирейин деген...-Оң жооп күтпөй элесин аны билип турам. Назик үчүн, аны жаман колдон куткарып бактылуу кылыш үчүн жанымды да берүүгө даярмын дечи. Бирок менин балалыгым өткөн, ата энемдин элеси бар үйдө сендей адам жашап калышын каалабайм. Ал үйго жалаң гана жакшы адамдар кируусу керек. А сага ал үйдүн баасынча акча берейин, рас Назик сенин бай болушунду каалап жаткан болсо ошондой болсун.
-Демек мени ал үйгө киргенге татыксызсын дечи. Анда неге Назик татыктууну эмес татыксызды тандап жатты болду экен.
Жанар ага жакын келип колун чонтогуно салып, жүзүн өйдө көтөрүп сөз баштады.
-Белгилүү сен аны менен бир жыл эмес андан кобуроок мамиле курдун, ал убакыт ичинде анын жаштыгынан пайдаланып мээсин уулап бүткөнсүн өзүңдүн кедейлигинди бетине кармап. Акылдуулар эмес жолдуулар байлыкка жетишет, алар жөнөкөй карапайымдарды адам ордуна көрбөйт деп көп айтсаң керек, анткени сен алдыда эмне болоорун жакшы түшүнгөнсүн. Ал сенин алдында өзүн байдын кызы болуп калганы үчүн күнөөлүү сезип, болушунча сенин чойроно тартыла берген, аны ошончо кыздын ичинен эң жонокой Гулини жакын курбу кылып алганынан түшүндүм. Эми мына сенин коркуп күткөн күндөрүн келип отурат, эмнеге бейгам жүргөнүнду да билем, анткени Назикти бул күнгө даярдап койгонсун. Ал азыр акчалуунун баарын, атасын да жек көрүп жүргөн учуру. А мен сага айтаарым, жолдуулар гана акылдуу боло алат, себеби акылсыздар гана өзүн жолсузмун деп эсептейт. Байлар жөнөкөй жашоого оңой конушу мүмкүн башка аргасы калбаганда, а мына сендейлер байлардын жашоосуна коно албайт. Кана андай эмес десең далилде, аялга окшоп кыялынды гана көргөзө бербестен кучунду да корсот, кандай жашоого татыктуу болсоң ошону аласың акырында. А баса асмандан түшкөн акча көп турбасын эскертип коёюн.
Ал муну атайын эле айтты, териксин, Назикти куу катынча арбабай эркекче ортого чыксын, деп. Ал канча байлык топтосо да калыптанган кыялы озгорбосун түшүнүп , Назикке Уландын кемчилдиги кедейлиги эмес анын өзү экенин ушинтип далилдегиси келди.
Уландын,
-өтө акылдуу болуп кеткен жоксунбу? А балким Назикке кудум мына мен татыктуудурмун. Менин деңгээлим өзгөргөндо ал мага кайтаарын ойлонуп көргөн жоксунбу? деген созуно Жанар аябай күлдү.
-мен сенин ушундай экенинди билгем, бирок сен мен ойлогондон да анкоо экенсиң. Назик сени билбегендей эле сен да аны такыр билбейт турбайсынбы, анан кантип ушунча убакыт бирге болдунар дейм да. Ал адамдын материалдык абалына кызыкканда менин этегимден уучтап эч коё бермек эмес.
Жанар сөзүнүн ушул жерине келгенде, Улан сол колун көтөрүп токто дегендей ишаарат кылды.
-мен да сендей ойлогом, ишенгем, бирок баары башкача болду. Ал сенин гилтейген үйүндөн чыгып менин батириме барып жашаштан коркуп гана сени менен жүрөт. Келиштик, айткан акчанды бер мен аны тынч коём, бирок сен бир күн келип менин абалыма түшпөйм десең байлыгынды бекем сакта, аялдар байлыкты ээрчийт эскерттим, деп он колун сунуп калды.
Жанар анын колун карап өзү кол сунууга шашпай турган.
-эмне оюндан кайтып калдынбы? Же сага да байлыктан ажыраш кыйын болуп жатабы, деди Улан мыскылдуу.
-жок, болгону бул кол алыша турган иш эмес, журу мен сага азыр алып берейин ал акчаны деп унаасына кол жаңсай жол баштады.
Алар тууру эле Жанардын үйүнө келишип, Уланды ичкери киргизбей өзү кирип көп өтпөй элүү миң Америка долларын алып чыгып анын алдына таштады.
Беш боо гана акчаны көргөн Улан,
-эмне үйүңдү ушунчага эле баалайсынбы? деди кытмыр күлүп.
-коркпо, мен сен эмесмин алдайын деген оюм жок. Мен үйүмдү эмес бакытты баалап жатам, менин бактымдын баасы жок болчу, бирок сенин бактындын баасы канча болоорун билгим келген. Адилеттүү болуш керек, мен бактыма жетип башканы унутуп калбайм, ар бир адамдын бактысы толук болуш керек. Кантип анан сенин бактынды жарты кылмак элем, үйдө болгону ушул, жарымын эртең банк ачылганда алып берем.
Анын бул сөздору чучугуна жетип турса да мынча акчадан баш тартып кете албады Улан. Акчаны алды да,
- сөзүнө турасың деген умуттомун, деп унаадан түшүп кете берди.
Ал укпай турган аралыкка узап кетсе да,
-албетте! деп жообун айтып, бир аз анын артынан карап туруп дарбазадан кирип кетти Жанар.
Ар ким өз ойлору менен алек болуп бири бирин түшүнбөгөну, ар биринин өзүнүн чындыгы бар болгону менен, азыр алар түбөлүк тирешүүну баштагандарын байкашкан жок. Балким Назик да ошон учун бул эки эркектин бирин тандай албай жаткан чыгаар, алар курошконду жактырган, женилууну каалабаган эркектер эле, болгону ар кимдин өзүнун ыкмасы бар.
Назик Жанарды күтүп уктабай жаткан өз бөлмөсүндө, ал баары бир кирет деп. А Жанар жубайынын тамактанып бүткөнүн угуп өзү табити жок болгондуктан дароо эле өз бөлмөсүнө кирип кеткен. Ал жашоо, өмүр тууралуу ойлонуп кыйлага чейин отурду. "Адамдар кандай гана турлорго болунбойт, ошондой эч бир окшоштугу жок, жашоо көрүүсү, ой жүгүртүүсу такыр башка эки адам бир эле адамды катуу сүйүп калуусу мүмкүнбу? А ал адам бир учурда эки адамды сүйө алабы? Адам өзүнүн баштапкы каалоосунан баш тарта алабы, же утурумдук ал каалоосун басандатканга гана күчү жетеби? Ал такыр каалоосунан баш тартуу үчүн эмне кылуу керек, коркутуп уркутуу же алдоо азгыруубу? Андай жолдун өмүрү кыска болот эмеспи, качан андай сезимдерден кутулганда баштапкы каалоосу кайрадан үстүнкү катмарга которулобу? Адам баарын сатса болот жада калса өзүнө таандык болбогон абаны да, бирок аң сезимдин каалоосун сатып болобу? " деген суроолордун кучагында эле. Анткенинин да жөнү бар, ал бүгүн Уландын көзүнөн да өзүнүкүндөй эле сүйүүнү көрө алды, болгону аны кирдетип үстүн коркунуч, очошуу, ишенбоочулук деген кумондуу ойлор менен жаап алган экен. Ал ишенбоочулук Назикке эмес өзүнө эле, мындай сезимдеги адамдар биринчи эле толкунда жыгылып беришет, бирок алар өздөрү эле кете беришпей жанындагыларды да тарта кетишет, анткени аларда коркунуч да жашайт, алар өз кылгандарына жооп бериштен коркуп башкага шылтой жүрүү үчүн ошондой кылышат.
Жанардын ички туюму, бул менен эле бутпосун сезип турду, бирок аракет кылуусу керек, ордунда отуруп алып эмне болушун күтүү бул акмакчылык. "Жашоо бул курош" бул анын жаштайынан угуп келген урааны, кийин анын азыр курошкусу келип турат, болгондо да күчтүү каршылаш менен. Ошондуктан да Уланды ошол күчтүү деңгээлге жетелеп жаткандыр. Ар бир күчтүү эркектин ичинде карышкыр жашайт эмеспи, чыныгы карышкыр түлкү менен алышпайт, азыр Жанарда да ошол карышкыр ойгонду белем.
*****
Бир убакка чейин жолдошунун кирип келишин күтүп жаткан Назик качан уктап калганын сезбей калыптыр, эрте менен ойгонуп Жанарды издесе жок болуп чыкты. Кечинде үйгө келгенин билген, "кызык эрте менен ал кайда барышы мүмкүн" деген ой менен кайра өз бөлмөсүнө кирип келип, столдун үстүнөн акча жана анын алдында "мен сени суйом" деген кичине баракчаны тапты. Жүзүн жылмайуу аралап, кечээки күн эсинен чыгып бактылуу боло сабагына жөнөдү. Ал бугун Жанар менен сүйлөшүү оюнан баш тартып, кечээки күндү, уккан сөздөрүн баарын эсинен чыгарып салууну туура көргөн. Уланды акыркы жолу көргөндөн баштап өзүн жеңил сезе баштады, эмнегедир өзүнүн мурдагыдай экиге болунбой бир бүтүн болуп калганын байкап. А Жанар менен Гулинин мамилеси болушу мүмкүн деген ой акылына да келбеген, болгону андан эмнени билгиси келип чакырганын сурайын деген эле. Жакшы сөз менен башталган күн баарын унуттуруп, алар бугун маанисиздей сезилип калды.
Гули бүгүн Назикти көрөм, болгондо да ушундай бактылуу жүз менен деп ойлогон эмес. Анын кубанычтуу жүзүнүн себебин биле албай бушайман болуп жатты. Ал Уланга телефон чалып кыска гана суз жоопту алганда андан бетер өзүнөн чыгып, "Буларга эмне болгон, баары келишип алып өздөрүнчө бактылуу болуп мени оюндун сыртында калтырууну чечкен өңдүү. Корсотом силерге, эч бирине тынч жашоо бербейм. Тигиниси Жанардан каалаганын алса керек, менин керегим жок болуп калганына караганда. А Жанар Уландан кутулдум деп мунусуна жакшы белек жасагандыр, ошон үчүн буту жерде эмес калкып жүрөт", деп тиштенип жатты.
*****
Арадан тынч бири бирине окшош күндөр чуурулуп өтүп жаткан, баары өз нугуна түшкөндөй. Бирок бул сырттан гана караганда ушундай туюлмак. Анткени Назиктин жолдошуна карата кылган кумону күмөн бойдон эле калып, үй булоону бекемдөөгө кадам таштай элек, али да экөө эки башка бөлмөдө укташат. Жанар болсо Уландын тынчтыгына ишенгиси келгени менен ички туюму айтып жатат бул тынчтык убактынча эле деп, ошондуктан баш оту менен жумушука киришип кете албай көңүлү эки анжы. Атасынын иш кагаздарын толуктай албай бизнеси артка кетип баратат, кимдер алынган дарылардын акчаларын бере электиги жөнүндө далил таппай, чет өлкөдөн алынып келинген насыя дары дармектердин акчаларын чыгара албай убара. Бул учурда Улан Жанардан алган жүз миң долларын ишке салып кобойтуунун аракетинде болуп убактылуу башка нерсеге убактысы жок чуркап жүргөн. Ал Жанардын бизнесин билип анын жолун тосу менен алек, ал чөйрөдөн тааныш таап четтен дары дармек ташышты баштады. Бир гана Гули тынчтана албай, негизги маселеден алыстабай тыпырап жүргөн кербези. Ар күнү Назиктин жылмая күлүп жүргөнүн көрүп кыжаалат. Окуу жылы да аяктап баратат, окууну бүтүп кетишсе Назикти көзүнүн алдынан жоготот, ал деген Жанарды да жоготту дегени эмеспи. Аны ойлогондо өзүн коерго жай таппай куйланат. Эртелетпесе болчудай эмес, а балким Жанар, Назик окуусун бутушун күтүп жүргөндур, алар чет өлкөгө кетип калышсачы. Муну ойлогондо ал акылдан азды, арты эмне болоорун ойлобой тез бурулуш жасоону чечип Назикке келип Улан жөнүндө сөз баштады эле ал кайдыгер гана,
-баары жакшы деп койду.
-а сен баары жакшы экенине ишенимдуусунбу?
-а эмнеге жакшы болбошу керек? Назиктин чындап эле ачуусу келе түштү, анын такып суракка алганына.
-мен жөн эле, балким сени билеби дегем ал кайда экенин, достору таппай жатышыптыр көп күндөн бери.
Назик шалдырай түштү. Чындап эле ал көптөн бери кабарсыз кеткен. Акыркы жолу көрүнүшү жакшы эмес болчу, сүйлөгөндөру да башкача. Ал өз өмүрүнө кол салды бекен деген ой денесин титиретип жиберди. Анда ага муздак мамиле жасап койбоду беле, бирок аны түшүндү деп үмүт кылган. Уландын качандыр "сен менин бар жогумсун, сени жоготсом баарын жоготкон болом" деген сөзү эсине келип, ал чын эле өлүп алды деди.
-анын батирине барышыппы достору?
-барыптыр бирок эч ким ачпай жатыптыр, балким эч кимди көргүсү келбей жаткандыр, же ал жерде жоктур. Сенден сурап көрчү балким кабары барбы дешкенинен сурагам, сени билбейт экен деп коёюн ээ?
-жок Гули сен анын дарегин сура, биз барабыз, ал мени көрсө сөзсүз ачат эшикти, деди Назик анын тируулугунон үмүт кыла. Ал эгер Улан өлүп калган болсо мен өзүмдү кечирбейм, мен ошого жеткирдим деп өзүн күнөөлөп жемелей баштаган. Азыркы курбусунун сөздөрү менен Уландын акыркы айтылган сөздөрү дал келип жатса анан кандай ойлонушу керек.
А Гулиги ушул гана керек болчу, ал дароо анын дарегин таап Назиктин унаасына түшүп бирге жөнөп калышты.
Назик көздөгөн жерине жетип келип төртүнчү кабатка кандай көтөрүлгөнүн да билбейт, каалганы эч ким ачпаганына карабай ургулай берди. Бул учурда Гули анын ар бир кадамын суротко алып турган. Эч ким жок батирдин каалгасынын артында жарым сааттай соолуп отуруп эми гана жоноордо лифт ачылып Улан көрүндү. Анын тируулугунон үмүт үзүп койгон Назик ага кандай жетип бой урганын билбей калды, жүзүнөн кармап денесине колун тийгизип үн сөзсүз эле ыйлай берди.
Улан да коркуп кеткен.
-эмне болду жалгызым? Сен эмне мындасын?
Ал Жанар экөөнө бир деме болду бекен деп ойлогон.
-сен тируусун, сен барсын, деп кыз ага түшүнүксүз эле сөздөрдү сүйлөп ыйлай жатты.
-а эмнеге тирүү болбошум керек?
-сени досторун таппай жатыптыр, Гули айтканынан коркуп кеттим.
Ал эми гана Гулинин бар экенине маани берип түшүнбөгөн жүз менен ага карап калды. Гули мойнун кыйшайтып билбейм дегендей ишаарат кылганда ачуусу келип барып кайра сүйүктүүсү менен жолуктурганына кубана ундобой калды. Назиктин кылыгын ал өзүнө болгон сүйүүсү уланууда деп түшүнүп туура эмес кабыл алып алган эле. Алар Уландын ичкери чакырганына ынабай аны көргөн көздөрүнө ыраазы боло жолуна түшүштү.
Эртеси күнү Гули сабакка келбей калды, аны эч ким деле жоктгон жок, кечээки күндү эске албаганда Назик да андан алыстай түшкөн . Бул учурда ал өзүнүн үйүндө Жанардын жанында отурганынан кабары жок эле...
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2