5-БОЛУМ
Кадырдын жакындары гана угушпаса узагыраак катнаштары кабарсыз калып кетишти жалгыз кызын күйөөгө узатканынан. Уккандары айран таң, кантип эле жалгыз кызына той бербейт, баланын шарты жок болсо да өзү кыз узатуу тоюн бериш керек эле да дешип. Мындай көрүнүштү ар ким ар кайсыга жооруп жатышты, бири кыз менен бала соо эмес ата энесин жоготконуна карабай шашылыш баш кошушканына караганда а Кадыр кызынын абалын копчулукко алып чыга албай тойду кечендетип жатат дешсе, кээлери Кадыр жаш баланын башын айлантып кызын бере койду эч нерсеге карабай, досунан калган байлыкты башкага кетирбестин айласын кылып дешет. Бир үй булоо экинчиге чытырман токой деген ушул да. Кадыр болсо ар кимдин тийише сүйлөгөн сөздөрүн жоопсуз калтырат, ал өзү билсе болду эмне каалаганын, башкага далилдеп отурууну кажет көрбөйт.
Бирок анын каалоосу орундалуусуна али көп барга окшойт, арадан бир ай убакыт өтсө да Назик ийге келейин дебейт, бир төшөктө жатканды кой бир дасторкондо Жанар менен чай иче элек. Ага капа болмок турсун ар бир күндөн ырахат алып өзүнө элжирей карап эркелете сүйлөгөн күйөөсүнө таң калат, бул адам эмне үчүн мунун баарына чыдап жатты болду экен же мында намыс деген жокпу дейт. А Жанар болсо бул көрүнүш түбөлүк уланбасын, албетте бир күн баары артта калаарына ишенип ал күндү сабырдуулук менен күтүп келет. Бүгүн да адатынча таң эрте Назик жаткан болмого баш бакты.
-кутман таң! Кана менин эркем турайын дейби төшөктөн деп жанына басып келип чачылып жаткан чачтарынан сылай иретке келтирип жатты. Мунун баарын угуп туюп жатса да көздөрүн ачпай уктап жаткан болуп жата берди Назик. Ал өзү тан алгысы келбеген менен азыр ушул көрүнүш ага абдан эле жагып турган, анын жасаган ар бир кыймылы жагымдуу колунун манжаларынын кыймылдаганы да эптуу эле Уландыкына салыштырмалуу. Эссиз кыз мына ушундан ырахат алып жатканын ойлобой кайдагы өтмүшүн эстеп кайгырат, аттин ушунун ордуна Уланым болуп калса кана деп. Анысын аябай сагынган экен, бир көрүп албаса болчудай эмес, ал үчүн бул үйдөн чыгыш керек.
-сен эмне жумушка чыгайын деп ойлонбой элесинби? деди акыры бар күчүн топтоп. Бул анын биринчи жолу Жанарга кайрылуусу эле келген күнүн эске албаганда.
Жанар бир аз ундобой калып, кийин шашпай жооп берди.
-кантип сени жалгыз таштап кетмек элем, биздин жумушка чыгуубуз шарт эмес эркем, ансыз да жашообуз кызыктуу болот.
-кантип? Сен эмне эч качан иштебейсинби? Ошол кантип болсун, кызыктуу жашоону кандайча курмаксын ошондо, деп ордунан тура калды. Жок, бул жумушка чыкпаса ар дайым менин жанымда болот, анда менде эч кандай мүмкүнчүлүк калбайт Улан менен көрүшүүгө деп ойлоно.
-ал менин койгоюм эмеспи. Сен эч нерсеге муктаж болбой көнгөн жашоонду улантууна мүмкүнчүлүк түзүш менин милдетим, бирок ал үчүн үйдөн чыгып сенден алыстоо кажет эмес.
-Жоок, сендеги байлык канчалык көп болсо да ал бир күн баары бир түгөнөт эгер ага кошуп турбаса, деп тыбырчылай кетти. Ал кайдан билсин Жанардын туну менен иштеп чыккандарын, үйдө отуруп атасы баштаган апасынын атына катталган бизнести улантып чет өлкөдөн дары дармек киргизүү менен алек болуп жүргөнүн.
-эркем сен эч кыжаалат болбо, андай нерселерди ойлоп башыңды орутуунун кереги жок. Мага сен керексин, а сенин керегинди табуу менин милдетим. Балким бир нерсе керек болуп жатабы сага эркем? деди анын жүзүнө тигиле.
-жок, мага сенден эч нерсе керек эмес. Болду бүгүндөн баштап мен окууга кайтам. А эмне эми ар бир кадамымды эсептеп керегимди өлчөп бересинби?
Назик ордунан туруп бара жатып, сыртка чыкканга жанында акча жок экенин эстеп кетти.
-жок, сен менин жан шерик жубайымсын кулум эмес, кайда барсан өз эркин, деп бөлмөдөн чыгып кайра келип бир тутам акчаны столго койду.
-муну керегине иштет, короодогу апамдын унаасын ал, болгону өзүңдү этият кыл ээ, сен мага керексин эркем, деп чыгып кетти.
Назик бул чындык экенине ишене албай карап эле туруп калды, столдун үстүндөгү акчаны караса өтө эле көптөй, дагы унаа айдаганга уруксат берип жатат. Атасынын байлыгы да булардан кем эмес эле, бирок эч качан мынчалык көп акчаны колуна карматып унааны башкарганга уруксат бербеген, анын айдоочулук куболугу бар экенине карабай. Айдоочусу менен унаа болуп бергенде өзү ынабай койгон эле, ар бир кадамымды сага айтып келет деп. Эми мынтип күйөөгө тийип эки бутум байланды деп турганда күтүлбөгөн жерден эркиндик келип жатат. Карап турбастан кийимдерин кийип коргозгон унаага отуруп окуу жайга жөнөп кетти. Курбуларына жолугуп сергийм деп ойлогон, тескерисинче аны бул жайда жагымсыз сөздөр күтүп турган экен. Баары эле анын бир көрүп тааныбаган балага тийип алганын айтышат, анан да тою жок тийгенин сөз кылышып, "кана сенин өчпөс сүйүүн аны бир эле мунотто сатып жибердин го" дешип кычыгына тийип жатышты. Ага ушул эле сөздөр жетишпей турган, ансыз да Жанарга таарынып жүргөн болсо эми аны жек көрүүгө өттү. Баарын жасаган ошол, ал да мендей ыңгайсыз абалда калып мен уккан сөздөрдү угушу керек деп тиштене Уланга конгуроо кылды.
Аз убакыт өтпөй тагдырлары бирикпей калган эки суйушкон окуу жайдан анча алыс эместе жайгашкан бактын ичинде отурушту. Уландын бул жолугушууга келээрине анча ишене бербеген Назик аны көргөндөн баштап ыйлап ыйын токтото албай жатты, бул менен экөөнү айрыган тагдырга наалат айтып жаттыбы же жигиттин келгенине жетине албай анысын али да мени сүйөт деп жооруп тагдырдан ыраазы болуп жаттыбы айтоор үн сөзсүз аны кучактап көпкө ыйлады. Кабагы салынкы азыр кимди болсо да жетээр жерине жеткире согууго даяр тургандай болгон Улан да кыздын көз жашына жибибей коё алган жок.
-болду токтот, мен сенин көз жашына чыдап карап тура албасымды билесиң да.
-кантип? Кантип ыйлабай коём, сени менден айрышты, экөөбүздү эки жолго салышты, деп окуянын болгон өткөнүн токпой чачпай жебиреп айтып, көзүнүн жашын кол кылып отурган кызды бооруна тарта кучактап,
-ыйлаба жалгызым, мен бир айласын табам, сөзсүз, сени ал жигит өз колу менен мага тапшыра турган кылам, болгону сен ага берилбе, мени гана күт мени гана сүй, деп көз жашын арчып сооротуп жатты.
Жигиттин бул сөздөрүнө эрээркий Назик бир кыйлага чейин жаштанып отуруп гана сооронуп андан сурап калды.
-эмне кылганы жатасың? Баары бир атам ыраазы болбойт, алардын ыраазычылыгы жок мен эч нерсе кыла албайм.
-ал жагын ойлонбо, атаң албетте уруксат берет, сен болгону мага ишен, деп шыбыр сүйлөгөн жигит кыздын башын өзүнүн мойнуна жоолой сылап отурганы менен ою кайдадыр алыстарда эле, көздөрү ачык туруп эч нерсени көрбөй ичтеги белгисиздикке сунгуп.
Назик жигиттин айткандарын аткарылат деп деле ойлонгон жок, болгону ал аны тушунгонуно курсант болуп Уланын биротоло жогото электигине, анча мынча сагынганда көрүшүп туруу мүмкүнчүлүгү бар экенине сүйүнүп отурду.
-бар эми үйүнө, экөөбүздү бирге корушсо артыңдан ушак кеп ээрчийт, деди бир убакта Улан.
-сен мени жанындан айдап жатасыңбы, деп унуройо тиктеген кызга карап,
-эгер түбөлүк бирге болууну кааласак шашылбашыбыз керек, эгер бул жолугушууну билип койсо сени алыстарга алып кетишет, ошондуктан муну сыр тут, деп жүзүнөн сүйүп ордунан туруп кетти.
Назик Улан кеткен тарапты узата карап отуруп, качан анын карааны көрүнбөй калганда гана ордунан туруп, күндүн ушунусуна да шүгүр кылып кубанычтуу үйүнө жөнөдү.
Жүзүндө билинер билинбес жылмаюсу менен кирип келген келинчегин көргөн Жанар алдынан жайдары тосуп чыкты.
-менин эркем келген тура, карачы кандай ажарлуусун, сага жылмайып гана жүргөн жарашат.
Назик анын сөзүнө жооп айтышты ойлонуп да койбой өзүнчө бактылуу болуп, ичкериге кирип кеттт. Жанар болсо анын үйгө өзү кайтып келгенине ыраазы болуп кала берди башка нерсенин баары экинчи орунда дегендей. Бир аздан кийин ашканага баш багып Назиктин тамактанып жатканын көрүп, эркелете келип жанына отуруп калды эле ал адатынча туруп кетпеди. Ашпозчу аял кожоюнунун отурганын көрүп бирок тамак алып келүүну суроого батынбай арыда карап туруп калган, бул экөөнун бир убакта тамактанбасын билчүү. Жанар ага карап жылмайып койду, алып келе берин дегенчелик кылып ымдап. Назик алардын эмне кылып жатканын байкайын дебейт, дегеле айланасында эмне болуп жатканын көрбөй өзүнчө башка бир ааламда калкып жүргөндөй өзү менен өзү бактылуу.
"демек анысы менен көрүшкөн" деди Жанар, бул оюнан деми кыстыга. Ал баарына даярмын дебеди беле, Назиктин сүйүүсү үчүн күрөшүп женээрине ишенген эле го, эми мынтип биринчи эле кагылышууда өзүн колго ала албай жатканы эмнеси, сүйүү дегенин ушундай беле, кызганыч дегени ушул болсо керек, жүрөктү өрттөп тамактан аба өткөрбөй бууй кармайт тура, бул күчкө кантип туруштук берет. Столдун четин ушундай күч менен ныгыра кармап алган экен, аны качан Назиктин жалдырап караган көз карашын көргөндө байкады. Ушул көздөр үчүн, ал көздөрду өзүн каратуу үчүн баарын жасап жатпайбы, ушул көздөр аны баардык азаптардын арасынан сууруп чыгып жашоого угуттоп жатпайбы анан кантип ага жаман ойду ыраа көрдү, ушуларды ойлоно акылына келген жаман ойду алыс кууп жубайына мээрим толо көздөрү менен жылмая карап колдорунан ооп койду...Ошол күндөн тарта экөө бир столдо отуруп тамактана турган болушту, бирок мамилелери мындан аша элек, жок дегенде мурдагы эки башка үйдө жашаган учурундай болуп тамаша чын аралаш сүйлөшүп ойношпойт да. Жанар бул жагына да шүгүр деп алдыга үмүт артып жашап жаткан учур. Назик болсо Уландын айткандарын эстеп этият болуп күйөөсүн жакын жолотпой журот, сабагына барып ал жактан гана күлүп жайнап албаса үйүнө келгенде ооз ачып суйлобойт. Сабакта отуруп, көчөдө жүрүп да эки жагын элендеп карай берчүү болду Уланын көпчүлүктүн арасынан издеп, ал өзүм жолугам сен мага чалба шек алдырып коёсун деген. Канча жолу телефонун кармап анын номурун терип туруп кайра өчүрүп коёт , айтканын аткарбаса Уландын ачууланышын жакшы билет эле. Ошондой күндөрдүн биринде сабакта отурган, мугалимдин айтканын угумуш болуп андан көзүн албай карап отурганы менен ою алыстарга алып учуп, аңгыча жанында жанаша отурган курбу кызы сүйлөп калды.
-байкушум, кыйналып кеттиң го, болду жетишет антип кайгырбачы.
Назик чочуп кетти, кимден-кимден бул кыздан мындай сөз күтпөгөн. Бул жоошунан келген анча ачылып сүйлөй бербеген кызга башкалар анча деле көңүл боло беришпейт, Назик гана кайда барса аны кошуп алчуу беркилерге жакпай турганын билсе да. Ал да бардар үй булоодон чыккан кыз айылдан келгени эле болбосо, бирок бул шаарда өскөн жалаң атактуулардын кыздарына тең келип жүрүү оңой эмес эле, ошондон улам дайым өзүн тартып жакшы ачыла берчүү эмес. Эми мынтип күтүүсүздөн эле ал Назиктин жан дүйнөсүндө болуп жаткан бурганакты сезип, башка эч ким капарына албаган абалын байкап отурганы аны таң калтырды.
-баары жакшы, деп ооз учунан жылмайган болду Назик, башка курбуларынан сактангандай эле буга да сыр билгизбей.
-жок Назик сенде баары жакшы эмес, керек болсо азыр мугалимдин сүйлөп жаткан бир да сөзүн уккан жоксуң, бул эле эмес башка сабактарда да ушундай эле абалдасын. Сен мени кандай эсептейсин билбейм бирок мен сени курбум деп билем, сенин мындай абалда жүрүшүнө мен чыдабай кетип жатам. Мен сага жардам бергим келет, каалайсынбы Улан менен жолугушуу уюштурам, деди.
Мындай болушун эч күтпөгөн Назик канча жылмайып өзүн кармаганга аракет кылганы менен көзүнүн кычыктарынан жаштары өзүнө ээ жаа бербей куюла берди, акыркы күндөрү аны түшүнүп боор тарткан адамды биринчи жолуктуруп жаткангабы.
Гули да ушуну эле күтүп тургандай октом сүйлөп абалды башкарууну колго алып алды.
-болду Назик сыгылба, бардык нерсенин жолу болот, бүгүн сени ага жолуктурам. Баары кокустук болгондой уюштурам, мен анын досун тааныйм, андан сурап кайда жүргөнүн билип экөөбүз күтүүсүздөн ал жайга барып калабыз, баары кокустук болот.
Канчалык тартынып турса да каалоосу артып эркинен тыш башын ийкеп макул болду. Гули өзү айткандай Назиктин катышуусусуз баарын уюштуруп сабактан чыккандан кийин курбусун ээрчитип бакты карай жөнөп калды. Анын айткандарына ишенип курбусунун жетегинде бараткан Назик алдыда болуучу жолугушууну элестетип сүйүктүүсүнүн жытын алыстан сезип кубанып басыгын тездетип жүрүп отуруп бакты ортолоп басып калышканда теннис аянтчасынан Уланды көрдү, ракетканы бекем кармап берилуу менен теннис ойноп жаткан экен. Аны көрө көздөрү жайнап булуттан чыккан күнгө окшоп жарк эте күлүп коё берди. Улан да кудум анын жытын туйгандай башын көтөрүп айланасын карап кызга көздөрү чагылыша түшүп, карап турбастан ракеткасын таштап маңдайында турган сүйүктүүсүно карай кадам таштады. Экөө кучакташа бир биринин жытына тойо жытташкандан кийин жетелешип ичкерини көздөй адам аз жайга карай бет алышты.
Четте турган көздөн далдоо жайдагы отургучка жете келишип жаңы эле орун алышканда,
-Назик, Жанар эмне жумуш менен алектенгенин билесинби? деди Улан.
Кыз бир азга нес боло түштү, анын күткөну бул эмес болчу, азыр ал кандай сагынганын айтышын ага гана арналчуу жалгызым деген эркелетчуу сөзүн угам деген, дегеле Жанар тууралуу сүйлөшүүгө даяр эмес эле азыр ушул тапта.
-ал эч кайда иштебейт, деди араң илептерин кыбыратып.
Кыздын абалын байкап өзүнүн сөзү ага анча жага бербегенин көрүп турса да андан ары суроосун уланта берди жигит.
-анда эмне менен жашайт?
-анын атасы ким болгонун айтпаган экенмин да сага, аяш атам... деп келе жатканда,
-саламаттыкты сактоо министри болгон, апасы чоң ишкер эле өлкө ичиндеги дарыканаларды чет элдик дары дармектер менен камсыз кылчуу, деп сөзүн улап кетти Улан.
Назик биринчисин билсе да экинчиси тууралуу кабары жок экен, ага бул нерселердин кызыгы да жок эле, ошондуктан азыр эмне деп айтаарын да билбей турду.
-андай ата энеден жакшы байлык калаары турган кеп дечи, бирок Жанар анчалык акылын жогото элек да ошондой чоң бизнести токтотуп койгудай, бул жааттагы кесипкөй эмеспи өзү дагы, деп сүйлөнүп колунун манжаларын кырсылдатып отурган жигитке карап аны тааный албай турду Назик. Ал эч качан бирөөнүн жашоосуна көз артып жашабаган, башкалардын кандай жашаарына кызыгып да көрбөгөн, Уландан да алдын мындай мүнөздү байкабаган экен. Алдын анын бай атактуу адамдар тууралуу сүйлөп калганын укканда бул анын кыялы деп билчүү, бирок эч качан алардын жашоосун изилдеп артынан түшкөнүн кулагы чалбаптыр. Эми мынтип өзү туулгандан бери таанып акыркы күндөрү бир уйдо жашап жаткан адам тууралуу кайдагы кулагы чалбаган маалыматты айтып отурат. Назик го мейли кызыкпаптыр ошон үчүн билбейт экен а бирок алардын буга эмне тиешеси бар эле.
Улан башын көтөрүп ундобой отуруп калган кызга карап анын жүзүнөн таң калуу да эмес башкача бир ирээнжиген жузду көрүп кыздын белинен тарта бекем кучактай башынан сылап ийинине жолду. "Кантип мындай чоң ката келтирүүгө жол койдум, жок бул али андай нерсеге даяр эмес экен, мен эмне билбейт билем Назиктин эч качан андай жолго барбасын. Бул эч качан башканын аягына кол салбайт, башка жолун ойлоп табуум керек, балким Жанарды мындан да катуу жек көрүүсү керектир ошондо баарына даяр болуп калат, өзү өч алууну самап кайрылмайынча ал нерсе болбойт" деп ойлонуп жатты, азыр оюндагысы ишке ашпашын билип. Ал көп күндөрдөн бери Жанар тууралуу суруштуруп өткөн жашоосун бүт изилдеп болгон, эмки планы андан кегин алуу эле, ага албетте күчтүү жардамчы керек Назикке окшогон. Бул ойлорун билдирбеш үчүн кызды өзүнө бекем тартып кыса кучактап жай сүйлөп жатты.
-жалгызым менин, Жанардын чыныгы жүзүн ачайын деп жатпаймынбы. Балким ага сен эмес эле атаңдын колдоосу керек болгондур, эгер атаң муну түшүнсө баары башкача болот беле дегеним.
Жок адашасын Жанар андай кылбайт, эгер ал ошону кааласа атам менсиз да колдоосун көрсөтмөк, ал болгону мени сүйөт, чексиз сүйөт, деп айткысы келди бирок батынып айта албады.
-жок Улан, ал чындап эч кандай бизнес менен алек болбой эле, деди кайдыгер гана.
-макул жалгызым, мен жөн гана куру кол отура бербей эмнедендир баштайын дегем. Ошон үчүн ыңгайлуу учурду күтүп сага кабарлаша албай жатпадымбы, бир кабарым менен жолугайын деп, сени канчалар сагынганымды билсен эле. Эч нерсе эмес сен аны ойлонбо, болгону өзүңдү этият кылсаң болгону, деп эки колу менен анын жүзүн сылай өзүнө карата берип Назиктин жүзү али да баягысындай эле томсоруп турганын көрүп шашып калды.
-жалгызым сага эмне болду? Бул эмне деген жүз? Мен сенин капаланганынды көрүп чыдап тура албайм, болду сени эч кайда коюп жибербейм азыр биротоло алып кетем.
Анын бул сөздөрүн угуп эми Назик шашып калды, анткени Уландын эч нерседен тайманбаган айтканын аткарган мүнөзүн жакшы билет. Аны канчалык сүйгөн менен ата энесин уятка калтырып алардан кечип бирге кол кармашып кете албайт эле.
-жок Улан, шашылба, өзүн айткандай биз шашылбашыбыз керек, качан атам ыраазы болгондо гана баары болот, болгону мындан ары жоголбочу, мен сени сагынаарымды билесиң да, деп жалбарып жиберди.
-макул жалгызым, мен качан сенин айтканына каршы чыга алчуу элем. Сен башкалар үчүн каалагандай колдончуу оюнчук көрүнсөн мен үчүн сөзү эки болбогон ханышамсын, мындан ары экөөбүз баттан жолугуп турабыз.
Мына башында эле ушул сөздөрдөн баштаса эмне болмок, ал өзүн кыз үчүн сөзү эки болбос хандай элестетип алганбы же кыздын көңүлү да өзүнө окшоп назик экенин унутуп койгонбу.
Бул ирет Назик биринчи болуп кетүүгө убакыт келгенин айтып артка чегинди.
-макул жалгызым бара гой, сени эч коё бергим келбесе да азыр андан башка аргам жок, күтүүно туура келет. Бирок ишен бир күн келет экөөбүз эки тарапка эмес бир багытка кете турган, ага чейин өзүңдү сакта, деп анын жүзүнөн сүйуп, сүйүктүүсүнүн өзүнө тааныш назик жылмаюсун көргөндө гана буркан түшкөн жан дүйнөсү тынчтана түшүп аны кучагынан бошотту.
Алар артка кайтып келгенде Гули ошол калган жайында экен, эки курбу ээрчишип эч нерсе болбогондой андан ары жолун улап кетишти. Жолдо бара жаткан экөө тең батынып эч нерсе айта алышпады. Гули кылганын милдет кылып жатат днбесин кааласа өзү айтаар десе, Назик бир эле жан тартып койсо ичимдегини жарбайын балким буга кызыксыздыр деп өз ойлору менен алек болуп окуу жайга жетип эки тарапка бөлүнүп кетишти.
Жай гана унааны башкарып өзүнчө ойго чомулуп баратты Назик. Чындап эле ушул күнгө чейин ойлонбогон экен, же оюна келсе да артка жутуп терендерге катып келгенби. Жанар да адам эмеспи анда да өзүнүкүндөй эле жүрөк болоорун ал сүйүшү мүмкүн экенин эске албаптыр. Балким анын сүйүүсү меникинен да күчтүүдур, а балким мүнөзү менден чечкиндүүдур, ал Уландан да өткөн тайманбас болсочу энсегенине жетүү үчүн баарына даяр турган. Андай болсо менин эмне жасап жатканымдын баарынан кабардар болгон чыгаар, эмнеге мени токтотпойт, кой дебейт же коё берип жибербейт. Ооба деди өзүнө өзү жооп бере, ал мен сыңары Улан же башка көпчүлүк сыңары эле сүйүүнүн алдында алсыз, болгону мени өзүнөн узакташтырып албас үчүн баарына көз жумуп, мендей эле келечектен үмүт кылып чыдап жатат деп ойлонгончо үйүнө да жетип келди.
Жанар күндөгүдөй эле ачык маанай менен алдынан тосуп чыкты.
-Мына эркем да келип калды, билген го менин кардым акчанын, деп колундагы сумкасын ала үйгө кирип,
-Кана эжекекеси дасторкон жазып өз колдорунуз менен жасалган даамдуу тамактар менен жалкоо ининизди бир сүйүнтүп коюнузчу, деп ашпозчуга кайрылды. Ашпозчу эжеси алардын бирге кирип келгенин көрүп кубанычтуу жылмая, жакшы сөзгө эргип өз жумушуна киришти.
Ал менен сүйлөшкөн ар бир адам ырахат алат, анткени Жанар адамды ашыкча мактап аргасын да кетирбейт, кемчилигин коргозуп сазайын да бербейт, бар болгон гана чындыкты таамай айтып коркомдоп адамдын көңүлүн көтөрүп коёт. Эң кызыгы Назик да алдын ал менен сүйлөшкөндү жактырчуу, анда санда кокустук болуп жолугуп калган кезде жанынан чыгаргысы келбей быдылдап каалашынча эркелечуу. А эмнеге азыр антпейт. Анын күнөөсү эмне өз сүйүүсү үчүн курошконундобу, а эмнеге мен анте албадым, чечкиндүүлүк кылбадым, ар шылтоону таап кечендеткен өзүм эмеспи атам сындайт деп кийин аяш атам өттү деп, балким жөн эле ушундай болоорун күтүп жургондурмун. Максатына жеткиси келип курошкондор эч нерсеге карабай, кыйынчылыктан коркуп качпай бетме бет чыгып тескерисинче анын өзүн качырат экен го. Жанар да андайлардын бири болуп калганы үчүн күнөөлүбу, сүйүүсү үчүн күрөшүп атасы өлгөнүн шылтоо кылбай алдыга кадам таштаганы үчүн күнөөлөп жатамынбы, же мен өзүм андай күчтүү боло албаганым үчүн аны жектеп жатамынбы деп ойлоно кийимин алмаштырып ылдый түштү. Столдун үстү көз жоосун алып үйдөгү абал аябай жагымдуу көрүнүп турду Назиктин көзүнө, тамак да бүгүн өзгөчө даамдуу болгонго окшойт, же алдын бул жөнөкөй нерселерге маани бербегенби. Утуру уурданып Жанардын жүзүнө карап коёт, эч бир кири жок кыйтырлыгы жок жан дүйнөсү алаканга салгандай апачык болуп жүзүнө чыгып турат. Кызык кантип ушул адам мени максатына жетүү үчүн пайдаланмак эле, болушу мүмкүн эмес Улан адашат, деп жатты.
Жанар да анын бүгүн башкача экенин байкаган болгону чоочутуп албайын деп байкамаксан болуп отурат. Экөө бири бирин уурданып карап отуруп бир убакта экөөнүн көздөрү чагылыша түшуп, Жанардын таза тунук жылмайган көздөрүнө карап турууга күчү жетпеген Назик биринчи болуп көздөрүн тартып кетти. Аны уялып калды деп түшүнгөн Жанар абалды оңдоп,
-Эркем бир кун уйдогулордон кабар алып келебизби, деди.
-билбейм, деп жалооруй караган жубайына карап,
-мына так азыр жонойбуз, журу кийин даяр бол, атам жумушта апам менен кеңири баарлашып кайтабыз, деп орундуктан туруп барып Назиктен жооп күтпөй эле колдон ала жетелеп жөнөдү.
Өзүнүн ата энесин Жанар да апа ата деп калган тура, качандан бери... деп оюнун акырына чыкканга улгурбой күйөөсүнө баш ийе ордунан туруп жөнөдү.
Балдарынын бирге кирип келгенин көргөн Жамила жетине албай сүйүнүп, ары жак бери жагына өтүп жатты. Жанарга карап дүйнөдөгү эң бактылуу жашоосунан ыраазы болгон көз карашыты байкап ичи жылыса кызынын тагдырына моюн сунгандай жоошуй түшкөнүн көрүп жымындайт. Назик апасын катуу сагынганын азыр анын жанында отуруп гана сезди. Атасынын келишин куткончо эне бала тое баарлашып сагынычтарын жазып отурушуп, атасы эшиктен кирип келээри менен мойнуна асыла эркелеп көптөн бери жетишпей жаткан мээримдердин ордун толуктап жатты. Карачы жашоосу кандай керемет, аз убакытта көзүнө парда тагып алып эле ушунун баарын парда артына жашырып көрбөй калган экен да. Ушуларды ойлонуп жыргап отурганы менен баары бир өзүн эркин сезе албай жатты кайдадыр кечигип жаткандай, бул үй эми ал үчүн мурдагыдай эркиндик тартуулабай калган экен көрсө, Жанардын үйүндө өзүн мындан эркин тутаарын ойлоду. Азыр дагы Улан экөөнү салыштырып жиберди, талашсыз Уланды сүйөт, сагынат, көргүсү келет бирок Жанардын жанында эч нерседен кысынбай өзүн өтө эркин алат. Уланга суйлоордон алдын ойлонуп абайлап сүйлөйт ал капа болуп калышы мүмкүн, а Жанарды капа болот деп ойлонбойт анткени ал өзүнөн эч капа болбосун билет, ошондо мен кимисин жакшы билем.
Ал оюн Жанардын,
-Кетели ээ эркем, деген сөзү бөлүп жиберди.
Бул тайманбас, атамдын алдында да тартынбай эркелетип жатканын карабайсынбы, деп анын ордуна өзү уялып жер карап калды.
Ооба Жанар тайманбас, баарын ачык айтат атасына окшоп, ошондой тарбияга уйронгон. Кадыр да ушул сапаты үчүн жактырбадыбы аны, ал үмүтүм ошол деп айтып жаткан болсо демек чын эле ошондой, ал түпкү оюн жашырып жалгандан сулуу сүйлөгөндү билбейт деп кызын чындап жактырган кадырлай ала турган жигит экенине ишенген. Анткени кызынын эркелиги жагат атасына, башка бирөөгө барса ал сапаты калып кетет деп чочулаган да. А Уландын оозунан бир да кызы тууралуу сөз уга албай койгон, анын уккусу келген сөздөр ушул болот деп өзү чечкен эле турмуш тууралуу сөз кылып туруп албадыбы кашайып. А атанын каалаганы такыр башка эле, кызына куйо болчу адамдын эмне менен алек болоору эң акыркы орунда турчу анын уккусу келгендердин ичинен, эң башкысы кызын чындап суйоорун билсе болду эле, а сүйүү баарына жеткирет деп ишенет ал, муну өзү жоон териси менен сезип келбедиби. Улан ушул жерден уттуруп койгон.
Балдарынын жуздорунон сүйүп, атасы кызын тое эркелетип этият болгула деген сөзүн жүз кайталап узатышкан соң эрди катын бири бирин бактылуу карап коюшту.
-Көрдүңбу, айткам сага, деди Кадыр жубайын ийинден кучактай.
-Ооба десең, ылайым ушинтип бактылуу болушсун садагаларым деп жалынып алды Жамила дагы бир ирет.
Жубай эсептелгенден бери биринчи жолу бирге үйдөн чыгып бир унаада жүрүп, маанайы ачык жайдары жүргонун көрсө да батынып бөлмөгө бирге кире албай, эркесине бейпил түн каалап кала берди Жанар, ашыгып кадам таштап алып жакындап келе жаткан бактысын чочутуп албайын деп.
Өз бөлмөсүнө кирип тошогуно кулаган Назик бүгүнкү күндү тизмектен өткөрүп ойго чомулуп жатып эмнегедир Жанардын ушул тапта эмне кылып жатканына кызыкты. Эч уктай албаганда туруп бөлмөдөн сыртка баш багып, бутунун учу менен басып Жанардын болмосуно барып бирок кирип барууга даабай каалганын артында туруп калды. Каалга бир аз ачык калган экен, ал да уктай элек көрүнөт жарык жанып кичине ачык калган жылчыктан коридорго түшүп турат. Мына анын ары бери баскан дабышы да угулду. Назик кулагын такап ичкерини тыншап калды, эмнеге экенин өзү деле билбейт, эмнегедир анын жашоосуна кызыкты, ал эмне менен алек болоорун билгиси келди. Көптөн кийин гана анын сүйлөгөн доошу чыкты, телефондон сүйлөшүп жатканга окшойт, адаттагыдай эле сабырдуу болуп көп угуп аз сүйлөп жаткан тура, сөздөрү кыргызча эмес. Жакшылап тыншап,
"албетте барам, бирок азыр эмес. Мен силерди эч качан башкага алмаштырбайм, болгону аз убакыт керек, бул жакта жумуштарды бүтүрүп алуум керек, акчаны жыйып кийин барам, бир аз чыдап убакыт берип тургула" , деген англис тилиндеги сөздөрдү угуп бутунун учуна чейин калтырап кетти...
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6