9-БОЛУМ
— Болду эми, анын жанында отура бербей, баланы ошончо урасыңбы? — деп койду кайра боору ооруй Урмат.
— Көрүнгөнүңөр асыла берсеңер урам да, элдин төркүндөрү жээнин жакшынакай эле багып чоңойтот экен, менин балдарымды батырбайсыңар, буларга эчтекеден айтпаптыр, — деп кайрадан буулугуп ыйлап кирди Мээрим.
— Болду эми, ыйлай бербей, бала деген токмок жеп чоңоет, андан эчтеке болбойт, өзү дагы башкача ээнбаш, бияктан айтсаң кайра эле шоктонуп турат, — деп Зыйнат жумшактай сүйлөдү, — Ага эле эмнеге ыйлайсың, эртең ойноп калат.
— Катуу уруп койдум, тоогуңарга тызылдабасаңар урбайт элем, — деп баласынын жанына жатып алды Мээрим, Султан басып калган баласын көтөрүп уктатып тамакка отурду. Урмат менен Айкөкүл тамакты ичип алып өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти.
— Айко, сен мага качан төрөп бересиң? — деди Урмат өздөрүнчө киргенден кийин.
— Төрөгүм келбейт.
— Эмнеге?
— Сенин эки балаң башка жакта жүрбөйбү, Аскаттарды көргөндө ошону ойлоп кетем, сен ичкениңди койбосоң мен да кетип калышым мүмкүн, анда менин балам дагы кор болсочу?
— Кайдагыны айтпачы, сен эч жакка кетпейсиң.
— Иче берсең кетем. Сөз бересиң, аткарбайсың.
— Чын айтам, ичпейм.
— Көрө-өбүз, — Айкөкүл терс бурула кетти.
— Көрөсүң, ичпейм дегенден кийин ичпейм.
— Макул эми, ичпесең эле ойлонуп көрөм.
— Эң биринчи уул туруп бересиң.
— Макул, заказ алдым, — Күлүп койду Айкөкүл.
— Сен эч ойлонбо, көп деле ичкеним жок го?
— Күндө кызуусуң го?
— Кээде боло берет, бекерчи болсом табылат да.
— Ичпей койсо болбойбу?
— Болот, зериккенде ичүүгө туура келет, — Кучакташып жатып алып сүйлөшүп кирди, — Мен сени сүйөм, ошондуктан айтканыңды аткарам.
— Ишенем, анткени мен дагы сени сүйөм!
— Алтышка, мындан ары грамм ичпей келем, а сен мага өө-өлай төрөп бересиң э?
— Жарайт.
— Жаным, алтышкам.
— Болду эми уктайлы.
— Азыр эрте эле го, уйкуң келдиби?
— Ооба, уйкум келип жатат, карасаң көзүм жабышып баратат.
— Ма-акул, уктай гой алтышкам, — деп өөп коюп кучактап жатып калды, ошол бойдон кереметтүү уйкунун туткуну болуп мемирей жатып калышты. Эртеси Аскат ордунан тура албай онтоп, ысытмасы көтөрүлүп жатканда ооруканага алып баруудан чочулашып дары берип карап турду Мээрим, көзүндө жаш, өзү дагы көздөрү шишип калган.
— Апа, эми эмне болот? — деди үрпөйө Зыйнатты карап.
— Кудай сактасын, жакшы болуп кетет, чекесине суудан бас.
— Жакшы болуп калса экен.
— Коркпо, эртең эле ойноп кетет, өчүң бардай урдуң да, бирдеме уксаң керек, өзүң ачуулуу келдиң, — деди Зыйнат.
— Эчтеке укканым жок, жөн эле ызаландым.
— Толубайды мактап жатышат, өткөндө эки-үч жерден аты байга алыптыр деп уккам, кызы менен баласын өзүңдү кыйнай бербей эле берип койсоң болот эле…
— Апа-а, ошол бакса мен бергим келбей жатат дейсиңби?
— Мейли-мейли, чоңоер кудай аман койсо.
— Эгерде макул десе Аселди дагы берейин дегемин апа, анын Аскаттан тажап калганын билдим, анан кантип ызаланып ачуум келбейт, өз баласынан атасы тажап жатса башка бирөө жактырабы? — дагы ыйлап кирди, — Бул экөөнүн шору көп экен, булар деп мен дагы куурайм го чоңойгуча…
— Кой садагаң кетейин, кейий бербе, ага дагы кудай бардыр, баланын убалы жетет, көзүм өткөнчө эптеп багам, андан кийин боор көтөрүп калышса кор болбойт, — деп кызын тынчтандырды.
— Бейбаштыгы да өтүп жатпайбы, жоошураак болсо жүрө берет эле, — деп эне-бала сүйлөшүп жатканда Аскат кы-кыстап көзүн ачып:
— Апа, апа суу! — деди.
— Азыр, суу берем балам, — Мээрим тура калып муздак чай алып келип башын өйдө кылып ичирди, кылк-кылк эттире жутту да:
— Апа, мени эмнеге урасың? — деди.
— Сен шок болуп жатпайсыңбы?
— Атамдан коркуп качып келгенмин да.
— Эмнеге?
— Каныбектердин терезесин сындырып койгом, Сырга апанын тоогунун бутун чолок кылгам.
— Ошондой шоктук кылбай жүрбөйсүңбү анан.
— Рогатканы атсам эле тийип кетип жатпайбы.
— Экинчи атпай жүр макулбу, рогаткаңды мен алып бекитип коеюн, — деп Мээрим Аскатты башынан сылап өөп койду.
— Рогатканы экинчи атпайм апа, мени кечирип койчу.
— Алтыным десе, кечирбей анан, сен чоңоюп калбадыңбы, а сен чоңойгонуңду билбей эле шоктук кыласың, Аселди урасың, антпей карындашыңды ойнотуп жүр да.
— Ооба, мен эми бейбаштык кылбайм, сенин сөзүңдү угам апа, — деп сүйлөп калганда ага чай берип көзүн карап калышты.
— Аскат, сен жакшы болуп калдыңбы? — деп Асел анын жанына келди, кыз эмеспи, бир тууганына жан тарткандай болуп бетинен сылап жатып, — Сен эми оорубайсыңбы? — деди.
— Эми Аскат оорубайт садагаң, — деп Зыйнат Аселди өөп бооруна кысты, — Ар кимдин өз бир тууганы өзүнө кымбат да тобо-о, Аскат экөөңдү эптеп боору көтөртүп койсом анан өлсөм арманым жок эле, — деп оор үшкүрүнүп алды. Мээрим менен Султан райондон батир алып көчүп кетишти. Аскат менен Асел Зыйнаттын колунда калды, Урмат аны көрсө эле жини келип кагып силкип турат. Бир күнү коңшунун баласы менен урушуп кетип үйгө келгенден коркуп жол боюнда ыйлап жатса Урмат көрүп калып желкесинен кармап сүйрөп эшиктин алдында отурган апасынын алдына түртүп ийди:
— Бу шүмшүгүңдү кой дебейсиңби, көрүнгөн менен мушташып жолдо ыйлап жүрөт.
— Ким менен уруштуң ой бала?
— Марсел өзү мени жетим дебедиби?
— Эмнеге, жетим эмесмин дебейсиңби.
— Жетимсиң, сени эч ким жакшы көрбөйт, сен таштандысың деп мени шылдыңдады, — деп жер чукулап Аскат ыйлап жатты.
— Калп айтат, сенин атаң-энең бар да балам, мен Марселдин апасын айтам, кой ыйлаба, — деп Зыйнат сооротуп койду, — Бара гой, суу алып келе калчы, Асел экөөңөр сууга барып келгиле.
— Азыр тайне, жуунуп да келейинби?
— Ооба, бети-колуңду жууп кел, сууну көтөрүп бутуңду булгабай кел макулбу?
— Ооба тайне, — деп Аскат бат эле ызасы тарап ойноо неме сууга чакаларды көтөрүп жөнөп кетти, Асел аны менен кошо тыпылдап жүгүрүп кетип баратат: «Аа-а, байкуштарым ай, атаңарга жетсин убалыңар, ушунча кор кылган, менин колумдан эмне келет, чабалекейче чыйпылдап коргогонум менен аргам жок да», — деп ойлонуп ар бир саатта ушул эки наристенин келечегин ойлонуп сай-сөөгү сыздачу болду. Чаканы эптеп көтөрүп Аскат, анын артында Асел жетип келди:
— Тайне, суу алып келдим, — Аскат эдиреңдей келип калды.
— Мен дагы тайне, — Асел ага жете кошо кыйкырды.
— Ай-лаанайындар десе, үйгө киргизип койгула, жеңең тамак жасасын.
— Ооба, — деп Аскат үйгө кирип кетти. Билинбеген күндөр бири-биринин артынан бири өтө берди, арадан алты ай өткөндө Аскат үчүнчү класска окуп жатты, бирде ыйлап, бир сооронуп, бири эсинен кеткис күн болуп кала берсе, кээси унутулуп кала берип ай жылга алмашып өтө берди. Зыйнат катуу ооруп калып ооруканага жатмак болгондо Толубайдыкына такси менен эки баланы алып келди. Аны көрүп эле:
— Келиңиз апа, — деп жиберди Толубай, — Жакшы жүрөсүзбү?
— Жакшы айланайын, мен сенин аманатыңдан кутулайын, мен картайдым, ооруп жатам, эртең ооруканага жатам, Мээримдин өз үй-бүлөөсү, баласы бар, Аскат менен Аселди өзүңө тапшырайын.
— Мейли-мейли апа, алып келгениңиз жакшы болду.
— Өзүңдүн балдарың, кандай чоңойтсоң да эрк өзүңдө балам, эми Мээримге таңганыңды кой, — деди да Аскат менен Аселди өөп кайра эле келген такси менен кетип калды. Толубай уулу менен кызын көрүп анча кубанбады, эшигинин алдында «Ауди-100» машинасы туруп калган. Экөөнү өөп үйүнө кабак бүркөй кирип кетти. Мээрим балдарын жеткирип бергенин Зыйнат ооруканага жатканда угуп тим болду: «Бакса баксын, балдарым жаман болуп кетти, кудай ай деги күйөөгө эмнеге тийдим экен, ушул экөөнү кор кылбай чоңойтуп алып деле тийбейт белем», — деп ичинен сызып алды. Султан жоош болгону менен балага катаалыраак болчу, эшикте ойноп жүргөн жеринен башын оорута матек алып, кулакка чапкылап, же байкатпай түртүп ийип ыйлата берчү. Аскат Султанды абдан жаман көрөт. Ал базарга жүк ташуучу болуп иштеп калган, кечинде келгенде Мээримдин кабагы бүркөө экенин көрүп:
— Эмне болду? — деди.
— Эчтеке, апам ооруканага келип жатып калды.
— Ооруп жатыптырбы?
— Ооба.
— Жакшы эле бекен?
— Ооба, сууктан ооруп калса керек.
— Анан эмнеге капаланып алгансың?
— Балдарды апам атасына берип коюптур.
— Берсе берет да, өзү ооруп жатса кантип карамак эле?
— Сен жакшы болсоң ошолорду өзүм эле карайт элем.
— Мээрим, болбогонду айта бербесең, кантип багабыз, экөөбүз өзүбүздүн кардыбызды тойгуза албай жатып кантип айтасың?
— Жок дегенде жанымда болот эле.
— Ачка алып жүрө берет белең?
— Мен ичкенди ичип жемек, эптеп өзүм карайт элем.
— Кой Мээрим, жаман айтышпайлы, кечке чарчадым, — деп Султан сыртка чыгып кетти, Мээрим чай кайнатып даярдап алдына койду.
— Канча иштедиң?
— Жүз элүү сом таптым.
— Жакшы болду, чай менен май алып алалы, эртең базардан эле шекер ала кел макулбу?
— Ооба, — Султан карды ачканга чайды ичип жатты: «Өзүбүздү тойгуза албай жатсак балдарым дейт, өзү баксын атасы, мага эмне өз баламды чоңойтсом жетет», — деп ойлоп жатты ичинен. Мээрим кээде башы көзүнө карабай сүйлөп жиберет, анын кыялына көнүп бүттү, чындап сүйгөнү үчүнбү же жооштугубу андайда унчукпай кутулат. Алар ошентип күнүнө иштеп кара курсактын камын көрүп жашап жатышты, кээде бир аз көбүрөөк тапса ичип алчу болду, аны көргөндө жаагын жанып какшанып жанын койбойт. Бүгүн дагы бир аз ичип койгон экен келээри менен оозун жыттап:
— Сен иштегениңди бүт эле ичип жүрө бер, — деди.
— Чарчаганда ичет экенсиң да, суук да болуп калды.
— Өлбөйсүң, ичкенде эле үшүбөй калмак белең?
— жылып калам да Мэрим, мен тапканымды бүт ичкен жокмун, алып келип жатам го, кечке жонума ун көтөрүп ташыйм.
— Болуптур эми, биротоло көнүп кетпесең эле болду.
— Көнбөйм коркпо.
— Коркпойм, өзүңө жаман.
— Эмне кетип каласыңбы?
— Кетсе кетип калам.
— Үч баланы бириктирип багасыңбы?
— Аны өзүм билем, — деп Мээрим чычалап кетти.
— Кой, ар кайсыны сүйлөшүп урушуп кетпейли, андан көрө тамак жасачы, кардым аябай ачты, кечке мүшөк көтөрүп чарчадым, жеңил жумуш жок да, жазга чейин иштеп турсам жазда мал алып тоого чыгып кетебиз, — деп Султан жамбаштап жатып калды.
— Эчтеке жок, эмнени жасайм, картошка, пияз да калбай калган.
— Алып келе гой, эртең кайра ачка чыгып өлбөйүнбү, — деп Султан чөнтөгүндөгү акчаны алып берди, Мээримдин жанында азыраак каткан акча бар эле айтпады. Камоктон кант, чай менен май, картошка, пияз алып келип:
— Макаронго жетпей калды, азыр жүз элүү сом эчтекеге жетпейт экен, — деп кирди наалый.
— Ошону жеп турсак анан дагы болот да.
— Ушу жашоодон деги тажап кеттим.
— Элдин баары эле ушундай жашоодо, биз эле бекенбиз, акыры биз дагы оңолоорбуз, — деп Султан кенебеди, — Буйруса балам чоңойгуча үйлүү жайлуу болуп, мал күтүп калсак, — деп кыялданып калды эле Мээрим аны жактырбай:
— Жомоктогудай жашоону элестетпей жөн отурчу, курсак тойгуза албай жатып кайдагы үй, кайдагы мал? — деп ээрдин түйрүп койду.
— Эмне кыялданса дагы болбойбу?
— Жокту кыялданганда эмне…
— Кудайым жаштын тилегин берет имиш, адегенде ой-кыял болсо андан кийин ишке ашат көрөсүң, адам таттуу кыял, жакшы максат менен жашашы керек.
— Сен эле кыялдана бер, ишке ашып баратса көрөөрбүз, — деп Мээрим картошка кууруп кирди. Бир аздан кийин ысык чай менен куурулган картошка жеп алып жатып калышты.
Алар жашаган үйдө бир оорулуу бойдок отуздардан ашкан эркек бар эле. Ал кирип чыкканда Мээримди карай берчү, ал Султандын эрте кетип кеч келгенин байкап калды, кээде акыл-эстүү эле адамдай учурашып калчу, кээде түнөрүп унчукчу эмес, айланадагылар аны: «Чохнытый», — деп коюшчу, Султан кетээри менен ал бир күнү Мээримдин бөлмөсүнө түз эле кирип келди, баласын эмгизип тургусу келбей ич кийимчен жаткан ал чоочуп тура калды:
— Эмнеге келдиңиз?
— Коркпо, кайра эле кетем.
— Айтыңыз, эмне ишиңиз бар?
— Мен сага жардам берейин дегем, — деп чөнтөгүнөн эки жүз сомдукту алып чыкты, — Мага мунун кереги жок, өзүмө жетет, алып бир нерсеңе жарата бер.
— Кереги жок рахмат.
— Тартынбай эле кой, эгерде керек десең күнүгө берип турам.
— Сиз кайдан аласыз?
— Иштейм.
— Каякта?
— Жашыруун, — деди да эки жүз сомду коюп чыгып кетти, Мээрим ойлонуп жатып калды: «Сүйлөгөнү жакшы эле го, кайда иштейт болду экен, бул эмес акыл-эстүүлөр иш таппай жүрүшөт, алдап акчасын ала берейин, эмне болмок эле», — деп өйдө болду, ал күнү Турдубай үч-төрт жолу кирди, акырында Мээрим:
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6