6-БОЛУМ
Күндөр зымырап өтүп жатты. Айт майрамы да келди. Мариям апасы экөө мечитке дасторкон жасашты. Мечитте адам ушунчалык көп болгондуктан эл батпай калды. Тамак жасайлык деп Мариямды апасы жер төлөөгө пияз ,картошка алып чыкканы жумшады. Жер төлөөгө түшкөн Мариям пиязды алып картошканы бир топ издеп калды. Жер төлөөдөн үн чыкканын уккан Умар жер төлөө тарап басты. Анын оюнда ууру бүгүн да келип ушул жерге жашынып жатса керек деди. Картошканы араң тапкан Мариям алдынан Умарды көрүп жашынганга жер таппай көздөрүн жумуп алды. Умар да ыңгайсыздана ары карап басып кетти. Айт майрамы баарына жакты. Эң кызыгы бул сапар да кайрымдуулукка түшкөн акча жоголду. Умар каттуу ачууланды. Мечиттен акча уурдабай алдыма келсе ошол акчаны берет элем го. Умардын ачуулуу отурганын көргөн Билал себебин сурады . Умар ууру түшүп кайрымдуулук акчалары уурдалганын айтты. Билал Умарды сабырга чакырганы менен өзү да ачууланып алды. Анан Умар
-Макул эми Аллахыма тапшырдым. Асан ава ишине кайтса жакшы болмок. Жаңы кароолчу жакшы иштебей жатат.
-Ооруп жатат деп уктум эле. Кабар алып бардыңбы?
-Ооба өткөн жума баргам.
Бүгүн да барайын дегем. Сен да жүр шылтоо менен кызынын колун сурайсың 😀
-Эмне кандай кыз ?
-Мариям өткөндө сурадың эле. Ошол сен сураган кыз Асан аванын кызы экен.
-Аай ий чоң кыз болуп калыптыр го. Мен шаарга кетип жатканда 4 жашта болсо керек эле .
-Азыр 19 жашта. Бирок быйыл узатылбайт экен.
-Мейли досум. Башканын багына жазылса керек.
-Эмне аракет кылбайсыңбы ?
-Мага апам кыз тапты. Аты Хафиза экен. Ыйманына бекем,салиха кыз деп уктум . Буюрса 2 ай ичинде той.
-Оо Ма Шаа Аллах. Тойунда кызматтабыз досум.
Эки достун маегин сырттан келген Али бузду.
- Ассалому алейкум досторум
Умар ордунан туруп
- Уалейкум ассалам досум кел
-Келдик келгенде да жакшы жаңылык менен
Умар:Эхей бүгүн жакшы жаңылык көп окшойт айтчы кана
- Үй тургуздум эми үйлөнөйүн деп жатам .
Умар: Сен дагыбы? Качан той ошондо
-Ушул айдын аягы
Биилал: Сен эле калдың досум. Али экөөбүз аял жетелеп алдыңдан өтсөк көзүн күйүп кала бересиң эми деп күлүп калды
Али Билалга кошулуп :
-Ооба эми жашың деле келди. Жалгыз жүргөнүң жарабас, жакшы кыз чыкса жар кылып ал
Умар: Макул макул экөөңдөн кийин менин тойум болот.
Билал: Али сен да биз менен Асан аванын үйүнө барасыңбы. Асан ава ооруп калыптыр сурап келейлик.
Али: Макул барам.
Үч дос ээрчише басып Мариямдын үйүн көздөй сапар алды. Айыл арасын кыдыра баскан үч досту көргөн адамдар : "Булар адамбы же периштеби"-дегендей тиктеп жатышты. Үчөөнүн тең ыйманы бүтүн, жүзүнөн жылдызы төгүлгөн хафиздер. Асан аванын ал акыбалын сурашып:" Баатыраак ишке чыгыңыз сиз жок мечитти уурулар басты"- деп күлүп калышты. Асан ава үч доско өткөн кеткенди айтып сүйлөп берди. Анан Умар:
- Уруксатыңызды берсеңиз кетейлик деп калды
Асан ава бата берип конокторду узатып койду.
Ошентип Алинин тойу жакындап калды. Алинин жубайы боло турган кыз Мариямдын жаккын курбусу Хадижа эле. Мариям тойго даярданып жатты. Өзүнө жарашкан пушту көйнөгүн анан көйнөктү көркүнө чыгарган жоолугу. Той башкалардыкындай эле заңгыраган той канада болду. Бирок кыздар бөлөк балдар бөлөк той канада отурушту. Тойдун жүрүшүндө оюндар, диний суроолор берилди. Мариям диний суроолорго озунуп биринчи жооп берип жатты. Көргөндөр кандай гана ыйманы бүтүн кыз экен ээ деп жатышты. Эл арасында Умардын апасы да бар эле. Мариямды Умарга алып берем деп ойлоп койду. Бирок Умар апасына быйыл үйлөнбөйм деген да. Той аяктап калды. Келгендер Хадижага жакшы калоо тилектерин айтып белектерин берип үйлөрүнө кайтып жатышты. Мариям да Хадижа менен коштошту. Той канадан чыгып такси издеп калды. Аңгыча Умардын апасы келип:
-Кайсыл жакка барасың кызым ?
-Мариям айылдын атын айтты.
-Ии биз да ошол айыл тарап барабыз такси айтпай эле биз менен кет. Азыр таксилерге да ишениш кыйын кызым-Кандай болот экен деп Мариям тартынып турду
-Сонун эле болот. Азыр балам келет. Караңгы да өзүн жалгыз жүрбө биз таштап өтөбүз.
-Рахмат эже
-Кимдин кызы болосуң ал айылда
-Асан дегендин. Мечит кароолчусу
-Аа Асан менин күйөөм менен дос эле. Күйөөм дүйнөдөн өткөн соң каралашып турган. Жакшы адам Аллах ыраазы болсун андан. Апаңа барып Амина деген аяш энем барбы десең айтып берет
-Хоп эже сурайм сөзсүз
-Эже эмес аяш эне күлүп
-Макул аяш эне
Умар келип токтоду. Амина машинага отуруп Мариямды жанына отур дегендей кол көрсөттү. Мариям да отурду.
-Умар балам Мариямды Асан аяш атаңдын үйүнө таштап өтөлү ээ
-Макул апа. Сиз эмне десеңиз да макулмун го
-Эмне десем дагыбы ?
-Албетте бейишим
-Анда Мариямга үйлөн деп калды
Умар бул сөздү күтпөгөнгө ыңгайсыз боло түштү. Мариям да уялып эки бетти албырып кызарып чыкты. Амина эне күлүп
-Тамаша чүрөктөрүм деп сөзүн оңдоп койду. Машина Мариямдын үйүнүн алдына токтоду. Мариям Амина энеге рахмат айтып түшүп калды. Мариямдын алдын тосо чыга келген апасы сени таштап кеткен ким дегендей суроолуу карады. Мариям:
- Амина аяш энең болом деди .
- Иий Амина бекен. Көптөн бери көрө да элекмин. Макул эми кир үйгө.
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2