3-БОЛУМ
Рамазан айы жакындап баары даярдык көрүп баштады. Асан аванын үй бүлөсү да Умардын үй бүлөсү үчүн да бул ай абдан маанилүү, маңыздуу ай болчу. Мариям мечитке барды. Жыйып терип тазалап койгону. Юсуфтун коштоосунда барып кайра коштоосунда үйүнө келди. Атасы Мариям бой жетип калганын, ар кыл ойдогу эркектер зынаа көздөр менен карайт деп ,мечитке келүүнү да ,дүкөн аралоону да азайт деген. Күндөр өттү. Ыйык рамазан айы да келди. Шайтандардын баары камакта, күнөөлөр азаюучу ай, бирок бул айда деле напсисин тыя албагандар, адам кейпиндеги шайтандар бар экени өкүндүрөт. Рамазан айынын 1 күнү. Багымдат намазын окуган Юсуф мечит тарап жүгүрдү. Умар менен Куран окуу ал үчүн бакыт эле. Сабак аягында Умарга:
-Менин сүйүктүү устазым мен рамазан айында Куранды толук жаттап Хафиз боло аламбы?
-Ин Шаа Аллах аракет кылсаң баары болот Юсуфжан.
-Рахмат устаз мен сөзсүз аракет кылам
Ошентип күндөр уланып жатты. Бир күнү рамазан айынын урматына мечите ооз ачар анан таалим болмок. Мариям апасы менен барып дасторкон жайды. Күн батып элдер мечитке агылып кирип баштады. Намаз азан айтылып элдер ооздорун ачты. Анан намаз окушту. Намаз окулуп бүткүчөн алма арчып даярдап туралы деп Мариямды жер төлөөгө апасы жумшады. Жер төлөөгө түшкөн Мариям алманы издеп араң тапты. Алманы колуна алган Мариям аркасынан саламатсызбы деген эркектин үнүн угуп коркуп кетти. Коркконунан алмасы колунан да түшүп чачылып калды. Коркутуп алганынан ыңгайсыз болгон бойлуу жигит кечирим сурап алмаларды жерден ала баштады. Мариям унчукпады. Алмаларды жыйнап болгон соң жигит:
-Намаз кайсыл жакта окулуп жатат. Бул мечиттин имамы менин досум болчу. Мен адашып калдым деди
Мариям башын өйдө көтөрбөй
-Түз жүрүп оңго буруласыз
- Рахмат дагы бир жолу кечирим сурайм. Алмаларды көтөрүшүп коёюн
-Жоок жоок өзүм эле
-Аха
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1