3-сезон 57 - БӨЛҮМ
Зыйнат оюнда эч нерсе жок, машинасынын артына кoон-дарбызды толтура салып, Yсөндү жанына олтургузуп алып жолго чыкты. Тынбай жүрүп олтурушуп Чоллон-Атага тез эле кирип да келишти. Машина токтоору менен Асан менен Жанатка алып келаткан альбом, түр карандаштарын, дептерлер менен журналдар салган сумкасын көтөргөн бойдон, Yсөн машинадан түшөөр түшпөстөн эле кыйкырып кирди:
- Аcа-а-а-н! Аса-а-а-н!-Өзүн дароо короону көздөй атты. Бирок Асандан да, башкадан да дабыш чыкпады. Дарбаза ачык болгону менен, баякы бака-шака түшүп астанасынан
адам кетпей туруучу кутман короо ичи, баякы батырат батпай каткан малынан, баккан адамдарынан ажырап, аңгырап ээн калган колхоздор менен совхоздордун короо-
сaрайларына окшоп дүлөй тынчтык басып турду. Ар жакта байланып турган кара дөбөт, а дегенде зоолусун үзүп адамды басып жечүдөй болуп ажылдап барып, Yсөндү көрүп жаагы жап болду. Анан куйругун булактата шыйпаңдап «Сени сагындым, бизди таштап кайда жүрөсүң?» дегенсип Yсөндү көздөй бой уруп кыңшылап жиберди.
Дарбазадан кирген Зыйнат, эшиктердин улам бирин тартып коюп, супсуну сууп, мостоюп турган Yсөнгө томсоро карап үн катты:
Киши жок бекен, ыя балам?
- Ооба, баарында кулпу экен.
- Балким, кошуналар билээр, сурап көрчү.
-Айнектен сурайынбы?
-Ой айнектен сурабай эле, үйүнө кирип сура.
- Aа кокуй де, сура анда Айнектен.
Yсөн огородго кирип, темир тор тосмодон кыйкырды:
- Айне-е-е-к! Бери чыкчы, мен Үсөнмүн.
-Апа-а, ал Айнек деген кызынын аты.
Кыз Yсөндүн үнү чыгаар-чыкпастан эле үйүнөн атып чыкты.
-Качан келдиң, Yсөн?
- Азыр. Биздин үйдө эч ким жок экен, сен билбейсиңби, булар кайда кетишти?
Кыз Үсөнго жооп бергенче, ар жактан энеси чыкты.
- Аа, балекетинди алайын, Yсөнүм турбайбы, качан
келдин, балам?
- Азыр эле.
- Ким бар жанында?
- Апам бар.
-А, Зыйнат да келдиби? Кандай үйүңдү сагынбай жакшы журөсүңбү?
- Ооба, сагынбай эле.
-Сагынба кагылайын. Зыйнат өз апаң да. Булар эртең менен эле үйдө болучу баары. Жайнагулгө кетишсе керек.
Булардын сөзүн ар жакта угуп турган Зыйнаттын жүрөгү шуу дей түшүп, шашыла басып келип салам айтты.
- Саламатсызбы, эже!
- И, саламат алдыңа кетейин. Кандай, жакшы турасыңарбы?
-Жакшы элебиз. Эмне, Жайнагүл Казиевна бир жакка кетти беле?
-Төрт-беш күн болуп калды го, ал келин ооруканада.
-Эмне болуп?
- Уккан жок белеңер, жүрөгүнөн приступ болуп pеанимацияда ал келин.
Зыйнат делдейе түштү.
- Уккан эмесмин!
Көзүнө жаш айлана түштү.
Жаман болгон тура, жакшы болуп кетcе болду,-кайра бурула берип көз жашын сүрттү.
- Апа, эмнеге ыйлап жатасыз. Мамам эмне болуп ооруп калыптыр?
- Билбейм, балам, экөөбүз жаңы эле келбедикпи?
- Эми кайда барабыз?
- Ооруканага барбайбызбы?
Зыйнат машина менен оорукананын алдына токтоору менен эле Yсөн чый-пыйы чыгып кыйкырып жиберди.
-Апа, тигине Асан, чоң энем, тайнем, Жанат эжем баары ушул жерде экен. - Үсөн машинадан түшүп эле, өз үйүрүн көздөй, кыйкырып учуп жөнөдү.
- Ас-а-а-а-н! Аса-а-ан!
Бардыгы үн чыккан жакка жалт карашты. Үсөндү көргөн Асан да чуркады. А Зыйнат болсо өз кулагынан өзү үркүп, эмне деген сөз угаар экенмин деген ойдо чалыштай басып келатты. Кына менен Тумар экөө тең Зыйнатты бyрула карап, токтоп калышты.
- Кандай балам, жакшысыңарбы?
- Биз жакшы элебиз. Жайнагүл Казиевна ооруп калдыбы? Жакшыбы деги?
- Жакшы деп жатышат. Yстүнө киши киргизбей жаткан. Жанакы катуу оорулар жаткан жерде болучу, бүгүн палатага алып чыгабыз дептир. Ошон үчүн үстүнө чыкса киргизеби деген үмүт менен келгенбиз. Эмнеси болсо да жүрөгүбүздү тушүрүп салды. Инфарк деген оору жаман болот турбайбы. Врачтардын кылдаттыгынан эле аман калды го жаны. Чуркашты го байкуштар. Бул ооруну жаман деп коркутуп да жатышат.
-Оорунун баары эле жаман, жакшы оору жок. Бирок инфаркты башынан бир эмес эки-үч жолу өткөрүп сексен-токсонго чыккан көп эле адамдарды көрүп жүрөм. Кудай сактасын, коркпой эле койгула. Үйүңөргө келип эч ким жок, кошунаңардан угуп журөгүм түшүп калды.
-Журөк түшкөндү айтпа, балам. А деп жыгылганда: «Мал болбой калды гo!» - деп коркконумдан ыштаныма сийип жибериптирмин. Эч нерсени билбей, тил-оозу жок сулк жатып калса болобу. Кокустан жанында киши болбой, балдары менен жалгыз болгондо анык өлмөк экен.
Мындай ооруну көрбөгөн куураган жан, эс-алдырабыз деп ары-бери сүйрөп жүрүп, ажалдан мурда өзүбүз өлтүрмөк экенбиз. Дагы Кудай жалгап, ошол тушта өзүнүн врачы
келип калганы абийир болбодубу.
- Азыр жанында ким бар?
Эч ким жок эле догдурлар өздөрү карап жатышат.
Башка палатага которобуз дегенинен Толкунбек кирип кеткен, - деп Кына оозун жыйгыча болбой, ар жактан чыгып келаткан оорукананын бөлүм башчысы Нуржамал Исаевна менен дарылоочу врачы Бурмакан Абдыкеримовнанын жанында катар басып келаткан Толкунбекти көрүп, Кына Зыйнатка шыбырай сүйлөдү.
Жайнагүлдүн догдуру.
Ушул саамда ар жактан Yсөн чуркап барып: «Па-па - деп Толкунбекти кучактап калды.
- Тигил эки келин экөө тең
a!
- Ой, күчүк, сен кайдан? Ким менен келдиң?-Жерден көтөрүп алып, бетинен өптү.
- Апам менен келдим.
Толкунбек эки уулу менен жетелеше басып келип, Зыйнат менен кол алышты.
- Качан келдиңер?
-Азырыраак эле келдик. Деги, Жайнагүл Казиевнанын ден соолугу жакшыбы?
-Жакшы, жакшы, Кудая шүгүр.
Сиздер турбайсыздарбы, Жайнагүл Казиевнанын врачтары?
-Ооба, мен дарылоочу врачымын, Нуржамал Исаевна бөлүм башчыбыз. Коркунучтуу мезгил өтүп кетти, коркпоңуздар. Палатага азыр эле алып чыктык. Сиздерди көрүп бастык, айтып коёлу деп.
-Ырахмат, ырахмат! Жакшы сөзүңүздөр бар экен.
Кирүүгө болобу? Биз бүгүн кайра кетебиз. Учурашып, санаам тынып кетсем жакшы болот эле.
-Сиз Зыйнат Эсенова эмессизби? Жайнагүл Казиевна, сизди реанимацияда эс-учун билбей араң жатканда да эки-үч жолу сурады. Кечээ да сураган. Ырас келип калыптырсыз, сиз кирип чыгыңыз. Көп сүйлөшүүгө болбойт, ушуну
эсиңизге алыңыз.
-Түшүнөм, деди Зыйнат.
- Бизди киргизбейсиңерби, ыя кыздарым, -деди Тумар, кабагы бүркөө.
-Жок, апаке, сиздер бүгүн кирбей эле коюңуздар. Кызыңыз жакшы болуп калды. Эки энеси экөөңүздөр тең капа болбонуздар. Эртең деле күн бар. Зыйнат Эсеновна кирбесе болбойт да, кетем деп жатпайбы.
- Ооба, кирсин Зыйнат.
Зыйнат менен Yсөн киргенде Жайнагүлдүн көздөрү ачыла түштү. Дароо эле Yсөн: «Ма-м-а-а!»-деп барып, кучактай жыгылганы баратканда врач кармай калды.
- Антип үстүнө жыгылууга болбойт, тынч туруп учураш.
Эне-бала өбүшүп учурашышты. Yсөн жашылданын минтти:
- Мама, эмнеңиз ооруп жатат?
-Журөгүм.
- Качан айыгат жүрөгүңүз?
-Айыгып калдым, балам.
- Мен сизди түшүмдө көргөмүн.
Зыйнат минтти:
- Болду эми, мен учурашайын.
Yсөн көз жашын колу менен жанып алып, кетенчиктей берди.
- Апа, мен Acанга барайынбы?
- Бар, бара бер.
Оорунун күчү оңойбу. Кечээ эле көргөн адамдын көз жоосун алып жаңы ачылган гүлдөй кулпунуп туруучу сулуу аялдын, өңү өчүп, алагар көздөрү алайып, арыктап калган алсыздыгын көрүп, боорукер Зыйнаттын көз жашы төгүлүп кетти. Күнүлөшүнүн бетинен өөп, жаздыкта уйпаланып жайылып жаткан узун чачын жыйып, саамайын кулагына кыстырып, маңдайынан сылады.
- Кандай, жакшы болуп калдыңызбы?
- Кечээтен бери жашоодон үмүт кылып калдым. Эгерде өлүмдүн баары ушул инфарктай болсо, кандай өлгөнүн адам билбей калчудай экен. Мен ооруганымды эсиме толук келrенден кийин билдим. Кокустан кaйталап кармаса, ай-буйга келбей эле жүрүп кетчүдөй болуп калдым. Эс алып, эсиме келгенден кийин биринчи эле балдарды, анан сени ойлодум.
-Мениби?
-Oоба, сени. Инфарктын коркунучтуу оору экенин билем. Кокустан кайталап кармаса, оңбой калдым го. Ошондуктан сага айтайын дегеним, балдардын бирин эмес, баарын сага тапшырдым, сени Кудайга тапшырдым.
Зыйнат чочуп кетти.
- Ал эмне деген сөз, Жайнагүл Казиевна, өз балдарыңыз, өз турмушуңуз өзүңүзгө буюрсун. Сиз али жашсыз.
Инфарк менен ооруган көп эле адамдарды көрүп жүрөм
сексен-токсонго чыккан. Коюңуз андай сөздү экинчи кулагыма угузбаңыз.
- Зыйнат Жайнагулдү таң калычтуу тиктеди.
Секирбей угуп турсаң,- деди Жайнагүл тынымдан кийин,- экөөбүз бири-бирибизди карышкырча карашып жүрүп, акыры кимибиздин ким экендигибизди жакшы эле билишип калдык го дейм. Мен сени мурда күнөөлөсөм, кийин баякы сенин Москвадан жазган катыңды алгандан тартып кунөөлөгүм келбей калган. Эми ойлосом, ошол Толкунбекти сенин үйүңдөн кармаган кезде, мен деле жаш экенмин, курч да экенмин. Толкунбек экөөңдү ошондо эле кeчирип койсом болмок. Бирок кечире алган жокмун. Менин кемчилигим ошол болду. Азыр мен да өзгөрдүм, сен да өзгөрдүң, заман да өзгөрдү. Бири-бирибизди сыйлап, бири-бирибизди ойлоп иш кыла турган мезгил келип жетти.
«Жети күндүн бири өлүм» дегендей, өлүм деле бат экен.
Жайнагүлдүн сөзү ушул жерге жеткенде тыштан дарылоочу врачы кирип тынчсыздана сүйлөдү.
-Көпкө олтуруп калдыңыз. Жайнагүл Казиевнаны көп суйлөтүүгө болбойт.
- Кечиресиз, сүйлөткөн деле жокмун. Анда биз кетели.
Зыйнат ордунан турду.
Жайнагүл минтти:
-Зыйнат, carа оюмда ойлоп, дилимде тилеп журген тилегимди дагы толук айталбай калдым. Акыры айтам. Ырахмат келгениңе. Yсөн жок экен, ээ!
- Ал бая эле чыгып кеткен. Мен сиздин ооруп жатканыңызды билбей эле, Yсөндү учураштырып келейии деп келгемин. Жакшы калыңыз. Эчтеке ойлобонуз.-Эңкейип бетинен өптү.
Зыйнат Жайнагулдүн Yстүнөн ойлуу чыкты. «Кудая тобо, балдарын мага табыштап, мени Кудайга табыштоону ойлогонуна караганда бир кеп бар. «Мен өлсөм, баары бир Зыйнатты алат» детени го, Анан дагы, мен да өзгөрдүм, сен да өзгөрдүң, заман да өзгөрдү. Бири-бирибизди ойлоп иш кыла турган мезгил жетти.- деген сөзүн кандай түшүнүүгө болот. Кызык.
- Биз сени күтүп калдык, балам. Кудагый экөөбүздү киргизбейбиз деп жатпайбы. Кийин кечке жуук догдуру кеткенден кийин келгиле,-деди түнкү дежур болуучу сестра кыз.
Бардыгы машинага олтурушту. Толкунбектин машинасы да, өзү да көрүнбөгөнүнөн сурап жибере жаздап барып, тилин тиштеп токтоду. Анткени Жайнагүлдүн жанакы табышмактуу сөзүнөн кийин сактанып" калды. Бул эки кемпир оюнда: «Жайнагүл кокус ажал жетип бирдеме болсо, бул бейбактын көктөн тилегени жерден табылып, Толкунбекке тийип алат да» - деп жаткандай болуп, Зыйнат өзүнөн өзү шектүү шекинет болуп турду. Анан дагы бая күнкү келишинде: «Зыйнат Мүсүреповго турмушка чыкканы жатыптыр» - деп Жайнагүлдүн, Толкунбекти кантээр экен деп сынап айттым деген сөзүн эстеп келатты. Эмне үчүн сынады экен?! Мен балам үчүн, Жайнагүлдүн эмгеги деп, анын адамкерчилигин жогору баалап талпактап жүрсөм, буларда кандайдыр бир табышмактуу сыр бар сыяктанып калды, - деп ойлоп койду.
Зыйнат чайга да караган жок, тамакка да күткөн жок-
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4