4- БӨЛҮМ
Бул жолу Бегайым менен Шатман экөө көз караштар менен гана бири-бири менен сүйлөшкөн болушту. Экөө нан ооз тийип гана үйдөн чыгып кетишти. Башкы врач шашпаганда эмне. Эгер ал жок дегенде бир чыны чай ичкенге макул болгондо, Бегайым аз убакыт болсо дагы бул үйдө болот эле го. Кетип бара жатканда Канышай бир башкача көз караш менен караганы Бегайымды уялтты. Ал дагы бир нерсени байкап калгандай туюлуп, кыздын ак жүзүнө кан толуп уялып жер карап бара жатып жердеги ташты тээп алып чалынып кетти. Башкы врач жан тарта чыканагынан кармап:
– Бегайым абайла? — деген болду. Ооба, врач карыяга эмне дары чектеш керек экенин ойлоп бара жаткан. Экөө качан ооруканага келгенде Бегайым өзүнүн кабинетине кирип, дароо күзгүгө каранды. Уялганы дале билинип, өңү кызарып турганын көрүп, бери жактагы столуна олтурган кезде дежурный врач чакырып калды.
***
Кечтин киришин чыдамы кете күткөн Шатман, улам эле жол карай берди. Эмнеге мынча жол караганга ашыкты аны өзү да билбейт. Ак халаты боюна жарашкан Бегайымдын элеси көз алдынан кетпей, эмнегедир санаа тарткан адамдай кабагы бүркөлүп, айылга жаңы келгендеги жаркылдаган абалы суз тартып, сырт келбетинен билинип турду, кимдир бирөө үчүн санаа тартып жатканы. Ушул жашка келгени мынчалык бирөөнү күтпөсө керек. Эмнегедир эле оорукана жак көзүнө жылуу учурап, ошол жактан кандайдыр бир жакшы кабар уга тургансып тымызын сөз күттү. Андайда убакыт дагы токтоп туруп калары анык кеп. Ушул бир кичине окуя эле “Сүйүүнүн бир мүнөтү, бүтүндөй турмушту ичине камтып турат” деп окуган сөздүн чындыгына Шатман эми гана ишенип, ал сөздү айткан киши башына келгенде айтканын аңдады.
Бир көрүп ушундай абалга кабылам деп эч ойлогон эмес. Кең шаарда беш жыл окуп, канча кыздардын арасында жүрүп дагы мындай абалга кабылганын эстей албады. Чынын айтканда бирөөнү сүйүп, бирөөнө көз артпаганын ушул саам моюнга алып турду. Кап, кайдан дагы Бегайым көзүнө көрүнө калды эле. Эгер ал көзүнө көрүнбөгөн болсо, башка бир нерсени ойлойт беле ким билет.
Ушул азаптуу мүнөттөрдө билди, убакыттын өтпөгөнүн. Ал эми сабак өтүп жатканда “убакыт кандай тез өтөт” деп наалыса, эми убакыттын токтоп туруп алганына нааразы болуп эшиктин алдындагы столдо олтурганда жанына өз атасы Турдубек басып келип:
– Шатман, деги ишиң кандай? Мугалим болгон кандай экен? — деп, эки суроону катар берип жооп күтүп туруп калганда Шатман адатынча:
– Байке, ар бир иштин башталышы кыйынчылык тартуулайт. Азыр көнүп калдым. Башында азга кыйналдым. Кыйынчылык болмоюн улуу иштер жаралбайт. Ал жагын өзүңүз деле билесиз да.
Турдубек дагы өз оюн бербей:
– Шатман сен такыр туура эмес кесипти тандап алдың. Азыр деген акчалуу адамдын заманы. Мугалимдик иш, тээ союз кезинде катуу бааланган. Ал эми ушул акча кубалаган заманда керек болсо мугалимдерге, байдын окуучу балдары катуу сын айтып калбадыбы. Аз айлык алып иштесең, эртең эле элден чыгасың. Керек болсо конокко да колунан келген кишилерди чакырып калган. Айтмакчы, билесиңби азыр биздин мектепте эркек мугалим жок. Эркек деген берекелүү акча тапканда гана үйдө береке болот. Азыр сен, менин тилимди албайсың. Бирок качан аял алып, аялың “тиги жок, бул жок” дегенде гана менин айткан сөзүмдү эстейсиң. Атам эски киши. Анын айтканы менен болсоң, азыркы акча биринчи орунда туруп калган жаңы заманда өкүнүп каласың го? Ар бир адам өзүнүн заманына жараша иш кылганы оң.
Айткандай сенин классташың Олжобек он миң долларга машина алып, азыр бизнес менен алек болуп, атасы менен апасын Турцияга эс алганы жиберди. Мен, сени, мени эс алдыр дегенден алысмын. Эң негизгиси өз оокатыңа тың болсоң болду. Андан дагы азыркы ата-энелер баласаак. Ушул жагы дагы мени ойго салып келет. Дегеним сенин мээнетиң акталбай калбаса болду. Шатман мектепти араң бүткөн классташы Олжобектин кыйын чыкканын укканда ичинен арданып кетти.
Ооба, ал окуган жок, ал турсун окууга кызыккан да эмес. Мектепти аяктары менен Дордойго барып, соода тармагына иштеп кеткен.
Эки курдай кафеге да чакырган. Кийин мал союп сатып иштеп жатат деп уккан. Эми минтип оозго алынган ишмер болуп чыга келгени Шатмандын оюн бузду. Албетте ичи тарыды. Бирок сыр бербей Турдубектин айткан сөзүнө минтип жооп берген болду:
– Байке, ар бир адамдын маңдайына жазган тагдыры бар. Мен акчага кызыкпайм. Бирок кимдир бирөө да мектепте иштеши керек да. Баары эле бизнести алып кете албайт. Мугалимдик кесиптин дагы жакшы жагы бар, иштеген ишим өзүмө жагат.
Турдубек башын чайкап:
– Менин айткан кебим сага жеткен жок, бирок аялың айтканда гана менин сөзүмдү эстейсиң. Канчалаган мугалимдер ишин таштап, башка ишке өтүп кетишти. Сен да алардай болуп ишиңден тажап, башка иш издеген учур алыс эмес. Андан дагы азыркы окуучулар сабак окубайт. Ушул акча кубалаган заманда мектептин балдарынан бери бир гана акчаны ойлоп калбадыбы. Кечээ баягы сени окуткан Сейил эже конокто олтуруп кеп кылды. “Азыркы окуучу балдар менен союз учурундагы окуган балдардын айырмасы асман менен жердей. Ал кезде балдар зээндүү болучу. Азыркы балдарга азыр айтсаң азыр унутат. Андан дагы ооздон сөз талашкан окуучулардын саны арбыды. Булар кийин кандай кесиптин ээси болот билбейм. Керек болсо онунчу класстын балдарынан бешинчи класста өткөн нерсени сурасаң билбейт. Эмне деген муун өсүп келе жатат артта билбейм. Чынында азыркы мугалимдерге боорум ооруйт” деп айтты. Айткандай нервиңди коротпой, башка ишке өтсөң боло, али кеч болуп кала электе?
Бир жагынан атасынын айткан кеби да туура. Ата менен эне кантип балага жаман нерсени кыймак эле деген ойду ойлоду. Антсе да өз оюндагыны бербегенге аракет кылды. Ата-бала бир топко өз ойлорун бербей сөз талашып, акыры бир пикирге келе алышпай турганда Бегайым келип калды. Кыздын келгени экөөнүн тең оюн буруп, экөө ушуну эле күтүп турушкансып олтурган орундарынан тура калышты. Албетте Турдубек атасынын илдетине дабаа боло турган кызды сыйлап тура калды. Ал эми Шатман кечке күткөнүн билгизип турду.
Бул жерден дагы жагымдуу көз караштар чагылыша түштү. Кыздын тигиле карган көз карашы Шатмандын жүрөгүн тилип кетти. Эх, ушул жашка келгени азыркыдай жагымдуу көз карашты эч жерден байкабаса керек. Эгер атасы Турдубек жанында болбосо бир сөз айтып калат беле ким билет? Кыздын артынан Турдубек басты, анан Шатман сыр бербеген киши болуп артында келе жатып, кыз жөнүндө дагы жакшы ойдун кучагында калды.
Бегайым ичкери кирип, карыяга жакын келди да, үнүн жапыс чыгарып акырын сураган болду:
– Ата , жакшы болуп калдыңызбы? — деп. Карыя көзүн акырын ирмеп:
– Буйруса жакшы болуп калдым. Сен кызым ийнени да оорутпай жакшы саят экенсиң. Андан дагы сенин сайган ийнеңди алганда уйкум тынч болуп, жаным жай алып калды. Ылайым ишиңен баар тап.
Кыз өзүнүн дарегине карата жакшы сөз укканына ичи жылып, көңүлү өсүп, кабагы ачыла түштү. Аңгыча Канышай сөзгө аралашты, Бегайымдын жанына келип:
– Кызым, эми сен менин тилимди алып, атаңа ийне сайган соң, даам сызып кет. Атайын сага арнап тамак жасатып койдум эле. Байкасам сенин жолуң жакшы экен. Минтип сен сайган ийнеден абышка да жакшы болуп көңүлү ачылып калбадыбы. Жаман жышаандын белгисин берип катуу коркутту эле, минтип сен келгени баарыбыздын кабагыбыз ачылбадыбы.
Канышайдын айткан кеби дагы кызды кайдыгер калтырган жок. Ичинен ойлоп койду “кандай жакшы кишилер” деп.
Бул жашоодо жагымдуу сөз адам баласынын көңүлүн кандай көтөрөт. Мындай жакшы сөз айтышпаса деле Бегайым өзүнүн ишин жасаганга милдеттүү. Ошентсе да колу иште болгону менен кулагы жакшы сөздү угууда болду. Качан ийнени сайып болгон соң карыя акырын үн катты:
– Кызым, эми апаңдын эмгегин баалап тамак ичип кеткендей бол. Бул жашоодо шашкан менен бардык иштин бүтө турган учуру келет. Даяр тамакты таштаган да болбойт.
Карыянын айткан кеби дагы бир жагынан жөндүү болуп, акырын башын ийкеген болду. Кыздын назик кыймылы, көздөрүндөгү жагымдуу көз карашы, жүзүндөгү нуру карыянын жаш кезин эске салды. Эмнеге эле бул кызды келин кылып алгысы келип калганына эми гана баам салды.
Ооба, мындан элүү эки жыл мурда тун сүйүүсүнүн ээси жүрөгүнө чоң салган Барканды эстеди. Ал дагы кудум Бегайымдай жылдызы жанган кыз эмес беле. Бирок ал кызга жетпей калган. Аскерге кетип келсе, ал башка айылга турмушка чыгып кеткен. Кудум ошол Баркандын элесин эми байкады. Ичинен ойлоп койду “Болду, эмне болсо дагы бул кызды келин кылып алыш керек” деп.
Кыз сырткы үйгө чыкканда, Канышай эпилдеп тасмалга чакырды. Чын эле эттүү кылып жаркоп жасатып койгон болучу. Жаңы гана тасмал четине олтурган кезде Шатман да келип калды. Бул Канышайдын алдына ала жасаган иши болучу.
Тасмал четинде аз эле кишилер болушту. Турдубекти кошунасы чакырып калып, жаңы эле үйдөн чыгып басып кеткен.
Бегайым эмнегедир эле өзүнчө сүрдөп, өңү кызарып чыкты. Тамак ичкенге деле көңүлү чапкан жок. Ушул жашка келгени азыркыдай сүрдөбөсө керек. Андан дагы Шатман улам эле курч көз карашы менен карап, сүрдөгөнгө түрткү берип салды. Бир кезде ортодогу тынчтыкты бузуп Канышай өзү баятан бери камдап алган сөзүн айтып баштады:
– Бегайым, сен эми бул жерде дайыма иштеп кала турган болдуңбу же башка жакка которуп жиберишеби? Тиги сенин ордуңда иштеген келин кайра келип ишиңди тартып албайбы? — деген кебим деп, сөзүн оңдоп койду.
Бегайым берилген суроого жооп бергенге шашылган жок. Ичип жаткан тамагын токтотуп, жай үн менен жооп берген болду:
– Мен эми окуумду мындан ары дагы улантсамбы деген оюм бар. “Жакшы болсо билип ал, жаш куракта билим ал” дегендей, билимди жогорулатыш да керек. Азырынча иштеп, иштин көзүн билип алыш да керек болуп жатат.
Сөз ушуну менен уланды. Баятан бери үнсүз олтургандардын арасында кандайдыр бир шаңдуулук пайда болду. Бир кезде Шатман дагы сөзгө кошулду, өз оюн айтмакка:
– Чынында окуп билим алган бир тең, бирок иш жүзүндө үйрөнгөнгө жетпейт экен. Мисалы, биз өзүбүзгө керектүү темада сабакты окуп үйрөнгөнүбүз менен ошол окуганыбызды иш үстүндө мектеп окуучуларына түшүндүрүп берүү такыр башка нерсени талап кыларын бир кезде билген эмес болчумун. Ишке азыр гана менин көзүм ачылып келе жатат. Ар бир иштин өзүнүн ичине каткан белгисиз сыры болорун билген эмес элем. Айтылган кеп бар эмеспи “Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан” деген. Ансыңары ушул акча кубалаган заманда адам болуп жашагандын өзү кыйын. Шатман берилүү менен өзүнүн оюн түшүндүрүп айтып жатканда сырттан Турдубек келип калып сөз үзүлдү. Турдубекти көргөндө Бегайым дагы уялып кетти. Эмнеге уялды аны билген жок. Бирок Шатмандын таасын айткан сөздөрүнүн үзүлүп калганы көңүлүнө көлөккө түшүрдү. Канышай дагы жаңы сөз уланып келе жатканда деп ичинен ойлоп, уулу Турдубекке карап:
– Кел уулум — деген болду. Турдубек орун алып олтуруп жатып:
– Эртең мал кезүү экен, Чыныбек келип айтып кетти. Баягы ишке эртең барыш керек болучу. Бул сөздүн артында “мал кезүүнү эми ким кайтарат?” деген сөз жатканын баары түшүнүп турушту. Бирок азга сөз үзүлүп, тынчтык өкүм сүрдү. Шатман тасмалды караган тейде:
– Анда мал кесүүнү мен кайтарып келейин да, бүрсүгүнү ишиме кайтайын. Директор эки күнгө араң уруксаат берген. Канышай кара күчкө:
– Жок балам, эки күнгө келип сен мал кесүүнү кайтармак белең? Эртеңкиге чейин киши табылып калар.
Турдубек сөздү бөлүп:
– Жапар келип калса болбойт беле. Ушундайда баланын пайдасы тийбегенин карачы — деп, Шатмандын иниси Жапардын айылда эмес экенин ушул сөзү менен билгизди. Сөз ушул жерге келгенде Бегайым шашканын билгизип, олтурган ордунан турду да:
– Мага уруксат берсеңиздер барайын, шашып жаттым эле. Канышай ою ордунан чыкпай калганына өкүнүп:
– Олтура турсаң болбойт беле… деген болду. Бегайым дагы баштагы сөзүн кайталап:
– Бара турган жерим бар эле, сиздер шашпай олтуруңуздар. Кызды Бермет узатып чыкты. Шатман жакшы эле өзү узаткысы келди, бирок жагдайга карап аракет кылган жок.
Качан Бермет сырттан киргенде Канышай:
– Бул кыз абдан жакшы кыз экен. Шатманыма ушул кызды эле алып берип койсок кандай болот? Окуусун да бүтүп келиптир. Андан дагы жакшы жердин кызы.
Бул сөздү укканда Турдубек:
– Апа, сизге анан бизге жаккан кыз уулуңузга жагат болду бекен?
Канышай кабагын түйүп:
– Атайын экөө ээн олтуруп сүйлөшсүн деген ойдо тамак жасатсам, ал оюм да ишке ашпай калбадыбы — деп, оюн ачыкка чыгарып алды. Шатман бул сөздөрдү укканда өңүнө кызыл жүгүрүп уялып кетти да:
– Апа, мен үчүн убара болбой эле койгула. Азыр менин үйлөнөйүн деген деле оюм жок. Эгер үйлөнө турган оюм болсом, ачык айтып эле алып келмекмин. Мени азыр иш кызыктырып турган кез.
Канышай жаман көзү менен карап:
– Азыр сенин үйлөнчү учуруң. Мындан ары дагы канча убакыт жүрөт элең. Атаң “айыксам, Бегайымдын үйүнө куда түшүп барам” деп оолугуп жатат.
Турдубек, Шатманга карап:
– Шатман, атаң менен апаңдын көңүлүнө жаккан кызды албасаң болбой калат го. Анда тойду ылдамдаталы. Жакшылыкты кечиктирген жеринен болбойт.
Бермет сөзгө кошулду:
– Турдубек, сен ал кыздын атасы менен жакшы мамиледесиң да. Атамды убара кылбай эле сен өзүң эле бүтүрүп койчудайсың. Айткандай кийинки айда бул кызды Табылдынын баласы алганы жатканын кулагым чалды эле. Анда ага чейин барып сөйкө салып кыздын башын байлап койгонубуз жөндүү болуп жүрбөсүн?
Канышай калдастап шашып:
– Бермет, укканың чын болсо анда эртелеткендей бололу. Абышканын да көңүлү өсүп калсын. Эки күндүн биринде эмне болуп кетет аны ким билип коюптур. Ушул Шатманымдын колуктусунун колунан чай ичкен күндү көрсөм кана?
Шатман эч сөзгө кошула алган жок. Баарынан дагы Бегайым тынч жаткан сезимин козгону аз келгенсип атасына, апасына жагып, алар дагы өзү ойлогон ойду ойлоп жатканын билген эмес. Эч сөзгө кошулбай олтурган Шатман өзүнүн бул абалы менен эле ал кызга үйлөнгөнгө макул экенин билгизип алган үчүн, бул жерден эч ким Шатманга сөз айтып кайрылган жок.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2