Бул тууралуу фонддун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
"Президента Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун реформалоо боюнча жарлыкка кол койду. Азыр Министрлер кабинетинде "Аманат" улуттук холдингин түзүү боюнча токтомдун долбоору макулдашуудан өтүп жатат. Бул холдинг бардык мамлекеттик ишканаларды координациялайт. Долбоордун түзүмү, анын түзүлүшү - мунун баары макулдашуу этабында", деди Бакиров.
Анын кошумчалаганына караганда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Аманат" холдингине айланышы ыктымал.
Ачык булактагы маалыматтарга караганда "Аманаттын" курамына "Кыргызалтын", "Нефтегаз", "Манас" аэропорту сыяктуу он алты ири компания кириши ыктымал. Анын уставдык капиталы 100 млн. сомдон ашат.
Уставный капитал нацхолдинга "Аманат" может составить свыше 100 млн сомов. Мирлан Бакировдун маалыматы боюнча, жаңы түптөлүп жаткан холдингдин максаты мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү компанияларды эл аралык биржаларга (IPO) алып чыгуу.
Министрлер кабинети акыркы чечимин сентябрда чыгармакчы.
Министрлер кабинети буга чейин - 2021-жылдын декабрында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Холдингдин түзүүчүсү катары Финансы министрлиги аталып, уставдык капиталы 100 млн. сом деп белгиленген.
Мекеменин негизги максаты эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жер казынасын майнаптуу пайдалануу делген.
Быйыл 16-февралда президент Садыр Жапаров “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган отуз эки долбоор сунушталганы маалымдалган.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматка караганда сунушталган демилгелердин арасында Ысык-Көл облусунда цемент заводун куруу, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тоннага жеткегн “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин өздөштүрүү, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын колдоп, өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын куруу бар.
Жыйында долбоорлордун концепциясы жактырылып, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясынын 2022-жылга бюджети бекитилген.
28-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров киреше бербеген мамлекеттик ишканалар жоюла турганын билдирген.
Чыгашадагы ишканалардын келечеги тууралуу айткан Мирлан Бакиров аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантында, же болбосо убактылуу башкарууга берүү пландалып жатканын айткан.
"Жакында «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлдү, анын курамына сегиз мамлекеттик компанияны кошуу каралып жатат, алардын катарында Кара-Балтадагы спирт заводу да бар, бирок бул маселе аягына чейин чечиле элек", - деген Мирлан Бакиров.
Быйыл жарым жылда республикалык бюджетке мамлекеттин үлүшү бар компаниялардан 6,5 млрд. сом түшкөн, ал эми мамлекеттик ишканалардан бир млрд. сом табылган. Өткөн жылы мамлекеттин үлүшү бар ишканалар бюджетке 11 млрд. сом которгон, ал эми мамлекеттик ишканалар 2 млрд. сом таза пайда берген. (КО)
#Кыргызстан #новости
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев