
Көпөлөк кууган кездерим.
Көп жылдап алыс жүрсөм да,
Көркөмүң эстен кетпеди.
Оюмда дайым, оюмда дайым,
Түркүн гүл өскөн тескейим.
Алтынга теңейм тоо-ташын,
Ак карлуу бийик аскасын.
Алыстап кетсем Ат-Башым,
Көрктөнгөн кайың, арчасың.
Көкүрөк толсун, булбул угулсун,
Көрктөнгөн кайың, арчасың.
Көгүлтүр килем талаасы,
Элимдин тунук санаасы.
Ак сай, арпа, арашан,
Жаныма кубат абасы.
Токою толсун, көк-жашыл консун,
Ат-Башы бакыт калаасы. Жазган:Ирина Ан.Калыбек Тагаев
#ЫрСаптар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев