
Сөзгө сөздү кынап тур,
Сөзмөрлөргө сынаттыр.
Чыңалганда эң сонун,
Чыгармадан чыгат сыр.
Ыр дүйнөгө багыт бур,
Ырыс тилеп, багып тур!
Сан миң ойду камтыган,
Санат менен бакыт кур!
Такшаласың, сынасың,
Ташка башың урасың!
Өзүң иштеп өзүңө,
Өнөр жолун курасың!
Ойлоп баарын жазып көр,
Ооруп өңдөн азып көр!
Орой кылбай мамиле,
Оокатыңдай назик көр!
Алп акынды жандагын,
Алкыш болсун алганың.
Эмгектенсең токтобой,
Эгем берээр калганын.
Жолболду Султанбек уулу


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3