
Кызыл өрүк күбүлгөндөй,
Көздөн жашы төгүлгөндөй.
Кезиктирдим жаш сүйүүмдү,
Кеткен эле көңүл бөлбөй.
Кайырма:
Кызыл өрүк,кызыл өрүк,
Кызык тагдыр бизди бөлүп.
Кызыл өрүк,кызыл өрүк,
Кайгы тарттым кайра көрүп.
Кызыл өрүк данеги элең,
Кара көздүн кареги элең.
Колуктумду тапкан кезде,
Кайгы болдуң кайра келген.
Кайырма:
Кызыл өрүк,кызыл өрүк,
Кызык тагдыр бизди бөлүп.
Кызыл өрүк,кызыл өрүк,
Кайгы тартым кайра көрүп.
Кызыл өрүк,атаганмын,
Кайгы тартып жашаганмын.
Көңүлүмө муузду салган,
Кош мамеле жасаганың.
Чылымов Б.Ж.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2