Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу мекендештер! Урматтуу мусулман туугандар!
Сиздерди Жараткандын куту төгүлгөн, руханий тазалануунун, тынчтыктын жана кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садага берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз.
Бул айда Жаратканыбыздын ыраазычылыгына ээ болуу – баарыбызга насип этсин. Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!
Элибиздин пейили кенен, ынтымагы бекем болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз өнүгүп өссүн!
Орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын!”
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев