Ал тууралуу бизге Пайгамбарыбыз ﷺ сүннөтүндө айтып кеткен. “Ким Рамазанда – ишеним жана сооп үмүт этүү менен түнкү [таравих] намаздарын окуса – мурдакы күнөөлөрү бүт кечирилет” (Бухари)
*Таравих – эркектерге да, аялдарга да окуу уруксат. Сахабалардын учурунан бери эле аялдар таравих окуп келишкен. Эркектерге мечитте, жамаат менен окуу абзел. Ал эми аялдар үйлөрүндө окуганы жакшыраак.*
📝 “Илимий Изилдөөлөр жана Фетвалар боюнча #туруктуу_Комитет” суралды.
❓СУРОО. #Таравих намазы Шариатта барбы же ал динге киргизилген жаңылыкпы (бидаатпы)?
❗ЖООП. «Таравих» намазы – бул #сүннөт. Аны Аллахтын элчиси (алейхис солатту вас салам) Шариатка киргизген жана сахабалар аны аткарып келишкен. Алардан кийин келген мусулмандар бул сүннөттү алардан (сахабалардан) үйрөнүшкөн.
Пайгамбар (алейхис солату вас салам) көз жумгандан кийин, таравих намазына элдерди чогулткан – Умар болгон. Умар – алгачкы төрт халифанын бирөөсү.
Таравих намазы Шариатта бар экенин – бидаатчы болгон рафидит-шииттерден башка – эч ким четке какпайт.
📚 (“Фатава ал-Ляжна ад-Даима”: 7\201)
❓СУРОО: Аял киши таравих намазын каяктан окуганы жакшыраак, үйүндөбү же мечиттеби?
❗ЖООП: Аял таравих намазын мечитке караганда үйүндө окуганы абзел. Деги эли, кайсы намаз болбосун мейли ал парзбы, таравихби же андан башка нафиль намаздарбы – үйүндө окуганы жакшыраак.
📚 (“Фатава ал-Ляжна ад-Даима”: 7\193)
ИсламЖолу - сахабалардын жолу
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
⏺️Аалымдар сөзү
Тайпасына катталыңыздар
Инстаграм/Телеграм @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев