Чүй облусунда аянты 300 миң чарчы метрди түзгөн Wildberries логистикалык борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу КР Экономика жана соода министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга КР Экономика министрлигинин, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Wildberries ЖЧКсынын өкүлдөрү кол коюшту. Документке "Казань Экспо" эл аралык көргөзмө борборунда "Россия-Ислам дүйнөсү: Kazan Forum 2024" эл аралык экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.
"Чүй облусунда трансчекаралык электрондук сооданы тейлөө үчүн аянты 300 миң чарчы метрди түзгөн заманбап лог
Күйдүргүгө шектелип жаткан бейтаптын абалы орточо оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинин карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Анын айтымында, адистер жерине барып мал союлган жердеги топурактын үлгүсүн жана кандын калдыктарын алышкан. Учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы жакынкы күндөрү даяр болот.
"Бейтаптын оорулуу музоосу болгон. Ал малдын ылаңын билчү. Аны союуга бейтаптын төрт тууганы катышкан. Эт алып-сатарларга 8,5 миң сомго берилген. Ал киши үйүндө малдын буту-колун гана калтырган. Айтымында, ич этин ыргытып жиберген. Бирок кайсы жерге ташта
Бишкектин четинде кызгалдак талаалары гүлдөдү.
Бул кооздукту фотограф Владислав Ногай тартып алган.
Кыргызстан өзүнүн кызгалдак талаалары менен белгилүү. Алар борбор калаага абдан жакын жайгашкан. Кызгалдак адатта май айында гүлдөйт. Ала-Тоонун этеги ачык кызыл түскө боёлот. Өлкөнүн бардык аймактарында өскөн кызгалдак же Papaverales rhoeas ушундай гүлдөйт.
Бир кезде Кыргызстандын аймагында апийим кызгалдактары өстүрүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, 1970-жылдардын башына карата республикада апийим чогултуу дүйнөлүк мыйзамдуу өндүрүштүн 16 пайызын түзгөн.
Көп өлкөлөрдөн келгендердин башын бир жерге чогулткан эл аралык иш-чара 19-майда аяктайт.
Президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Ала-Арча жаратылыш паркына алып барды. Бул тууралуу мамлекет башычынын маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө лидерлерин ал жерден төкмө акындар, алп жигиттер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
"Кол өнөрчүлөр аллеясын бойлото басып, өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салты жана маданияты менен таанышып, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда жасап жаткан уникалдуу буюм-тайымдарын көрдү. Мындан сырткары, коноктор тамак-аштан даам татышты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле "Камбаркан" ансамблинин жана "Ак Марал" бий тобунун аткаруусунда концерт
Батыш өлкөлөрү Азия-Тынч океан аймагында аскердик катышуусун күчөтүп келе жатканы белгилүү.
Бишкекте Пакистандын жарандары тигүүчү цехтерде мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 28 чет элдик жарандын визасынын жарактуу мөөнөтү бүтүп калган.
"Документи жок чет элдиктер бренд кийимдерди тигишкен. Тартип бузгандар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына жеткирилген. Алар административдик жоопкерчиликке тартылышат", — деди УКМК.
  • Класс
Россия европалык жүктөрдү ташуудан тарткан чыгымын жакынкы чет өлкөлөрдөн компенсация кылып алды.
ATI. SU жүк ташуучу биржасында РФтин жакшы мамиледе болгон коңшуларында автомобиль менен жүк ташууга суроо-талап өсүп жатканын Sputnik Ближнее зарубежье жазган.
Беларуста бир жыл ичинде 99 пайызга арбыган. Эң көбү Россиядан болуп, экспорт 30 пайызга өскөн.
Казакстанда өлкөгө киргизүү 10 пайызга, ташып чыгуу 9 пайызга көбөйгөн.
Кыргызстанга жүктөрдү былтыркыга караганда 27 пайызга көп ташып киришкен, экспорт 72 пайызга өскөн.
Россияга киргендер 17 пайызга, чыккандар 36 пайызга арбыган. Беларусь, Кыргызстан, Казакстан багыттары активдүү болуп жатканын айтышты.
Өзбекстанга алып кирүү 51 пайыз
"Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum" форумунун алкагында өткөн Russia Halal Expo эл аралык көргөзмөсүнө Кыргызстандан 12 компания катышты
Ата-мекендик компаниялар эт, бал, сүт азыктары, кургатылган жемиш, консерва сыяктуу продукцияларын коюшкан. Көргөзмө аркылуу алар потенциалдуу сатып алуучуларды таап, келишим түзө алышмакчы.
❗️Кызыктуу, ыкчам жана так маалыматтар биздин Telegram каналда 👉👉👉 https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
Показать ещё