*Достор менен болгон адептер.*
● Менден мамилесин үзгөндөр менен мамиле кыла
берем.
●Аманаттарды өз убагында ээсине кайтарып берем.
●Берген убаданы аткарам.
●Досума жардам берем, анын абийирин төкпөймүн.
●Кемчиликтерди кечире билем, ар дайым жоомарттык кылам.
●Тааныган, тааныбаган адамдарга салам айтамын.
●Башкаларга насаат айтам жана мага айтылган насаатты кабыл кылам.
*УБАДАГА БЕК БОЛГУН!.*
Мусулмандын негизги милдеттеринин бири, берген убадасын так аткаруу болуп эсептелет. Убадага бек болуу, өзүн-
өзү урматтап-сыйлоонун жана сүйүктүү элчинин сүннөтүнө
амал кылуунун белгиси. Аллах Таала: «Убадаңарды аткаргыла. Акыйкатта убадаңарды аткарганыңар тууралуу жооп
бересиңер» – деп айткан. (Исра: 34).
● Ошондой эле: «Ким
өз убадасын аткарса, Аллахтан корксо… Чындыгында, Аллах такыбаларды сүйөт” – деген. (Алу Имран: 67).
●Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Мунафыктын белгиси үчөө. Сүйлөсө жалган сүйлөйт,
убада берсе аткарбайт, эгер аманат берилсе ага кыянат кы-
лат» – деп айткан. (Муслим).
●Абу Хусна риваят кылган хадисинде мындай дейт: «Пай-
гамбар (С.А.В) пайгамбар боло электе аны менен жолугушууга убадалашып, анан убадамды yнyтyп коюпмун. Үч күндөн
кийин убадалашкан жерден өтүп баратып, Пайгамбардын
(С.А.В) мени күтүп отурганын көрдүм. Ал мага карап:
– «Оо, жаш жигит! Мени кыйнадың го, сени үч күндөн
бери күтүп олтурам» – деди. (Абу Дауд).
Эй, бир тyyганым! Убаданы аткаруу – жакшы
адептүүлүктүн белгиси. Бул кандай жакшы сыпат. Бирок,
Аллахтын сөзүн унутуп, бул сыпатка ээ болбогон адамдар да кездешет. Аллахтын жек көрүүсүнө жана азабына ким чыдай алат? Ушундай эскертүүлөрдөн кийин да “саат жетиде
келем” деп убада берип, анан эч нерсе болбогондой саат сегизде келген адамдар бар. Ал байкуш канчалык зыян тартып
жатканын кайдан билсин.
Убаданы аткарбоо көп көйгөйлөргө себеп болот. Карызды өз убагында кайтарбай, убадалашкан келишимди бузуп
коюу менен ортодо келишпестиктер пайда болот. Жумуштан кайткан кезде баласына жакшы көргөн нерсесин алып
келем деп убада берип, убадасын аткарбаган адам жөнүндө
оюң кандай?
●Бирөө досуна айтат имиш: Саат жетиде мени күтүп тур,
эгер саат сегизде келбесем саат ондо кете бер.
*....уландысы бар....*
______________________________
📖 *Булагы: ЖАШООҢДУ ӨЗГӨРТ*
✍ *Даярдаган: БЕГИМАЙ Э*
______________________________
- WhatsApp: 0703 388 202
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - t.me/islamnurukg - YouTube: https://www.youtube.com/channel/UCU7PoaVsXOxDUX8vZhD4a4Q
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев