_Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим_
*Достор менен болгон адептер.*
● Менден мамилесин үзгөндөр менен мамиле кыла
берем.
●Аманаттарды өз убагында ээсине кайтарып берем.
●Берген убаданы аткарам.
●Досума жардам берем, анын абийирин төкпөймүн.
●Кемчиликтерди кечире билем, ар дайым жоомарттык кылам.
●Тааныган, тааныбаган адамдарга салам айтамын.
●Башкаларга насаат айтам жана мага айтылган насаатты кабыл кылам.
*УБАДАГА БЕК БОЛГУН!.*
Мусулмандын негизги милдеттеринин бири, берген убадасын так аткаруу болуп эсептелет. Убадага бек болуу, өзүн-
өзү урматтап-сыйлоонун жана сүйүктүү элчинин сүннөтүнө
амал кылуунун белгиси. Аллах Таала: «Убадаңарды аткаргыла. Акыйкатта убадаңарды аткарг