Предыдущая публикация
Жарты кылба мүчөмдү
Кечире көр кылып койгон күнөөмдү.
Ар бир күнү амандыгын сураймын,
Бактылуу кыл түбөлүккө бүлөмдү.
~~~~~~~~
Оо жараткан ! Жыйнайынчы эсимди,
Жарык кылчы караңгылык кечимди.
Өчүп барат жүрөктөгу махабат,
Күчтүү кылчы сага болгон сезимди.
~~~~~~~~
Оо жараткан! Ачып койчу багымды,
Жашмын азыр сындырбачы шагымды.
Башкаларга үлгү болуп турайын,
Албасынчы жамандык менин жагымды.
~~~~~~~~~
Оо жараткан! Жашайынчы ыйманда,
Сыноо берип мени көпкө кыйнаба.
Бактылуу кыл жыгылайын намазга,
Өткөрөйүн өмүрүмдү жыргалда.
Автору.Азирет Нурбекович.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 186