Оо жараткан! Жарты кылба мүчөмдү
Кечире көр кылып койгон күнөөмдү.
Ар бир күнү амандыгын сураймын,
Бактылуу кыл түбөлүккө бүлөмдү.
~~~~~~~~
Оо жараткан ! Жыйнайынчы эсимди,
Жарык кылчы караңгылык кечимди.
Өчүп барат жүрөктөгу махабат,
Күчтүү кылчы сага болгон сезимди.
~~~~~~~~
Оо жараткан! Ачып койчу багымды,
Жашмын азыр сындырбачы шагымды.
Башкаларга үлгү болуп турайын,
Албасынчы жамандык менин жагымды.
~~~~~~~~~
Оо жараткан! Жашайынчы ыйманда,
Сыноо берип мени көпкө кыйнаба.
Бактылуу кыл жыгылайын намазга,
Өткөрөйүн өмүрүмдү жыргалда.
Автору.Азирет Нурбекович.
Ар бир ирмем кымбат артка кайрылбас,
Тамчы суунун жеткин кадыр баркына.
Күн батканда түн бир узак болот дейт,
Жардам бербейт балуу анда алтын да...
Азиретиавыт Нурбекович...
БИЗ ЭМИ
Тааныштык, сүйүшүп табыштык,
Таң күнү смс жазыштык.
Тагдыр да жазмышын көрсөтпөй,
Болсо экен турмушта калыстык...
Бактылуу, жактыруу, сезим бар,
Бүтөлек үйүм бар, жерим бар.
Бүткөнчө үйлөнсөк кызмат кыл,
Ата-энем мактаган болгун жар...
Аз эмес, көп эмес жүрүппүз,
Урушуп жарашып күлүппүз.
Канчалык алыстап кетсек да,
Табыштык биз демек сүйүппүз.
Эки айыл, жолубуз жарым саат,
Сен тарап басамын арымдап.
Каттатпай ар күнү кыйнабай,
Ушул жыл жаныңа алып жат.
Биз эми үмүт деп күткөн күн,
Турмушка кадамды койсок бат...
АЗИРЕТИАВЫТ НУРБЕКОВИЧ...
МЕН ӨЗГӨРӨМ
Мен өзгөрөм, койдум жаңы кадамды,
Баалай билем жакшыны да жаманды.
Бул күндөрүм өтүп кетет эрте эле,
Күнөөлөбөйм жашап жаткан заманды.
Мен адашпай, басам туура жолумда,
Чын жүрөктөн жакшы ниет оюмда.
Максатыма жетсем болду өкүнбөй,
Мейли байлык болбосо да колумда.
Мен өзгөрөм, күнөө жолду көрбөгөн,
Момун болом ак кара деп бөлбөгөн.
Мамилени бирдей кылам баарына,
Башкаларды жерге уруп күлбөгөн.
Мен жаңылбай, жашоо сүрсөм оюмда,
Жакшы жубай жолуктурам жолумда.
Эң бактылуу бүлө болуп түбөлүк.
Батаа алсам, үлпөт кошкон тоюмда.
Автору.АзИрЕт НуРбЕкОвИч...
ЧЕЧИМ
Кадам сайын ачылып жаңы барак,
Сени мени бактылуу жазып жатат.
Бул өмүрдүн гүл отун чогуу кечип,
Бул күндөрдүн сынынан жаңылбасак....
Күткөн, бүткөн бул күнгө жетебиз деп,
Жүрсөк керек тээ башта кетенчиктеп.
Жолугушсак болмок аттиң балалыктан,
Чыкмак анда сен жөнүндө эчен китеп...
Жүрөгүмдү багынткан сендей пери,
Жүз кылым да жашасам келбейт эми.
Канча кыздар жүрөктү багынталбай,
Сындан өтүп өзүңө тең келбеди....
Күткөн күндөр жакындап келет улам,
Жаратканым жакшы күн бере турган.
Жазылбаган тагдырга чөгүп кетпей,
Сен экөөбүз бүт баарын жеңе турган....
Кадам сайын ачылып жаңы барак,
Сени мени бактылуу жазып жатат.
Бул өмүрдүн гүл отун чогуу кечип,
Бул күндөрдүн сынынан жаңылбасак