Күндөрдүн бир күнүндө ажалы тооруп, өлүм жакындаганын сезип уулуң чакырат.
Уулуна " балам мына ажалым жетип азыр акыркы сааттарымда жашап жатам, менин өз байлыгымдан бутума жылуу байпак кийгизип көм бул суранычым , анан дагы табытымды биздин шаардын эң күчтүү догдурларына көтөртүп мүрзөгө узат"- дейт.
Анан дагы колуна бир конверт карматып, "а муну мени мүрзө жайга койгондон гана кийин окуйсуң"- деген экен.
Ошентип ичээр суусу түгөнүп ал бай адам каза болот.
Кандай аракет кылбасын, эмнелерди айтпасын молдолор бутуна жылуу байпагын кийгизгенге караманча каршы болушат.
А бирок мүрзөгө табытты көтөрүшүп барганга ошол шаардын атактуу доктурлары макул болушат.
Ошентип атасын коюп , куранын окуп жигит колун чөнтөгүнө салса баягы кат колго урунат.
Ал катта атасы "мына балам мен дагы бул дүйнөдөн чын дүйнөгө көчтүм, бирок көрдүң го өзүм жыйнаган байлыктан бир байпакты да жаныма ала кете алганым жок, а доктурлар кандай аракет кылса дагы кудайдын амирине баш ийип, акыркы сапарыма өздөрү көтөрүп барды, байлык догдурдун күчү менен дагы сактап кала алган жок.Демек сен дагы дүнүйөнүн түбүнө жетпейсиң, балам колундан келишинче адамдарга жардам берип, жетимдердин чекесинен сылап, жесирлерге кайрылыш.
Эч качан акчанын кулу болбо " - деген экен.
Анын сынарындай жакшыларым жашоодо бирөөгө керегибиз тийип жашаганга кудайым жеткирсин.
Кутман таңыбыз менен!!!!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16