Манастын доорун тактоо чыны менен өтө талаш маселе, ошондой болсо да белгилүү журналист жана “Манаc” изилдөөчү Темирбек Токтогазиев “Манас” таануучулардын илимий эмгектерин окуп чыгып, эпостун бир нече варянттарын бири-бирине салыштырып, Манаска байланыштуу жерлерди түрө кыдырып Кытай музейлеринен жаңы маалыматтарды таап, Айкөл Манас тарыхта орду бар тарыхый инсан экендигин далилдеп чыгышы кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Анда эмесе урматтуу окурман Темирбек Токтогазиевдин Чет Бейжиндин архив-музейинен тапкан 7-8 кылымдарга таандык сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жана чоңойтулуп боёк менен боёлгон варянтын назарыңызга салабыз. Сүрөттө башына ак калпак кийген, ак куладай ат минген, алп адамды, жана ага таазим кылып тартуу тартып турган бир нече адамдарды көрүп турасыздар. Бул сүрөт менен биздин залкар манасчылардын тааныштыгы жок болсо да, Саякбай Каралаев, М. Чокморов, Ш. Рысмендиевдердин айткан манасындагы дал келүүлөр Манас баатыр тарыхый инсан экендигин далилдөөчү чоң маалымат экендигинде шек жок. Мисалы С. Каралаевдин вариянтында:
Анжияндан качырган
Алооке баштык карысы
Капкадан чыкты Манаска:
-Журтту бекер кырба деп
Эр Манастын алдына
Тартуу тартып суранып.-
Чет бээжиндин хандыгын
Сизге бердим, эр Манас.
Туткундарды өлтүрүп
Сындырбаңыз белимди
Айтканыңа көнөйүн
Кыргында өлгөн эрлердин
Кундарын толук төлөйүн
Кеңири таштап пейилди
Кароол кандын баарысы
Таазим кылып манаскы
Кулдук уруп ийилди (СКВ).
Айкөл Манас атабыздан Чет Бэйжиндин алтын тагына олтуруу аземи. Мынды дагы эпостун айрым варянттары менен дал келүүлөр бар Мисалы:
Искендер тийбес Бейжинге
Илесин таап кол салдык.
Чалыяр жетпес Бейжинди
Чалкан салып ичине
Чаркыбыз жетип биз алдык
Топон суу тийбес бейжинди
Тоз-тоз кылып эл-журтун
Талкалап жатып биз алдык
Таш талканын чыгардык
Айзанын учун кан кылдык.
Асман жерди чаң кылдык
Аралап жүрүп кытайды
Кырып жоюп дал кылдык
Алтын таажы кийгизип
Айкөл Манас баатырды
Чоң Бейжинге кан кылдык! (СКВ)
Ошол эле Чет Бэйжиндеги музейден табылган дагы бир сүрөт. Сүрөттө кытай кийимин кийген алп адам хан тактыда олтурса аны тегеректеген бир нече адамдардын кыргыз элине гана тиешелүү болон калпак кийип тургандыгы даана байкалат. Эгер бул Манас атабыз болсо анда эмнеге ал кытайча кийинип алган деген суроо туулушу мүмкүн? Бул суроонун жообун да эпостун саптары ачып олтурат. Мисалы: Манасчы Мамбет Чокморовдун вариянтында Коңурбай амалкөйлүк менен Манаска жагыныш үчүн:
Амалы бар чоң манжу
Сөзүн айтып эритип
Ар бир түрлүү ойлонуп
Алтындан айчык жаткырып
Кан ушундай кийет деп
Бу форумду сен кийсең
Калмак кытай ушул эл
Ич койнуңа кирет деп
Жакага көөхар жаткырып
Далыга алтындан айчык койдуруп
Арстан Манас баатыргы
Ченин алып келген жер
Ай далы алтын шуру чок
Бэйжинди сурап турганда
Кийип турган алтын чен
Муну эр манаска берген жер- деп айтканы бар эмеспи.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев