Надира шаардын кызы. Жашынан акылдуу эрке болгону менен чарбачылыка эпсиз болуп өстү. Көзүнүн карасындай болгон жалгыз кызын, апасы көп жумшабай, аярлап, аздектеп өстүрдү.
Акыл-эстүү аял, кызынын жан дүйнөсүнүн таза, бийик болушун биринчи орунга коюп, аны жаш-тайынан китеп окууга кызыктырды. Акыл эс жана рухании жактан өсүп жетилген эрке кыз, бой жеткен соң, өз бактысын айылдан тапты.
Надира жигити менен кол кармашып, жолдору начар, уюлдук байланышы жок, ичүүчү суусу тартыш алыскы айылга кеткен.
Ошондон бери беш жыл өттү. Келин болуп келгенден бери, ата-энесин көңүлүн карап, абалын сурап, аларга кам көрүдөн чарчабайт.
Алгач айыл иштерине кыйналып, колунан эч-нерсе келбей, ашырып-бышырып-күйгүзүп жүрүп барын үйрөнүп алды.
Уй саай албай, көзү көгөрүп, очокко нан коём деп колу күйүп... Бирок, Надира жашып-ыйлаган жок. “Башыңа түшсө байтал жорго” - деп, үйрөнүгө болгон аракетин салып талпынды.
Азыр эрте мененки алты да туруп, төрт уйду саап сүткө өткөзөт. Үйгө келип чай кайнатып, суу жылытып коет.
Ал ортодо уйкудан турган ата-энеси менен үйлөнбөгөн кайнагасына ысык чай демдеп, дасторкон жайып берет. Жайдын күндөрү кородогу самоорго кайнатып, чоктун чайын берет. Сүт тартып, май, каймагын жасайт. Кышы жайы уй саалгандыктан бул үйдөн курут, быштак үзүлбөйт.
Үй ишин бүтүрө салып, мектепке жүгүрөт. Мугалимдик кесиптин ээси болгондуктан, ал мектепте да мыкты мугалимдердин катарында. Бул убакыттын ичинде эки баланын энеси болду. Күнүмдүк тиричилик менен ары-бери чуркап жүргөн күндөрдүн биринде беш баланын энеси болгон, камкор кайненеси айыккыс ооруга чалдыкты.
Эки кичине балага кайыненеси, үчүнчү болуп кошулду. Бирок, Надира бул жолу да чыдамдуулук менен сабырдуулуктун чыныгы үлгүсүн көрсөттү.
Апасы ооруп калды дегенди угуп, шаарда турган улуу эжеси ыйлап-сыктап келди. Бир аптадай кашында болуп, жуундуруп, чачын тарап, тамагын берип, жүгүрүп жүрдү. Бирок, кетееринде апасынын кулагындагы алтын сөйкөсү менен алтын шакегин өзү менен бирге ала кетүнүүнү унутпады.
Ошентип күндөр өтүп жатты. Коңшу айылда турган ортончу кызы, бала-чакасы менен апасын кароого келди. Ал дагы үйдөгү жалгыз келинди кыйнабай, өз жардамын көрсөттү.
Ал дагы он күндөй жаткан соң, кетееринде апасынын кутучасын аңтарып, алтын, күмүш заттарынын биразын өзү менен алып кетти. Күндө келип чай ичип кетип турган, айылдагы кичүү кызы да калган алтын зергерлерин алып кетти. Кутучада жалгыз гана алтын көздүү шакеги гана калды. Эртеси күнү төркүнүнө барып, эс алып келген Надира, кайын-энесинин бүк түшүп ызаланып ыйлап жатканын көрөт... Көз жашын тыя албаган кайнене: “үч кызым бар деп сйымыктанчуумун, бирок үчөө тең сен сыяктуу салмактуу боло албады. Кыздарымдын көр дүйнөнүн кулу экенине мурун маани берпептирмин. Мени асты-үстүмө түшүп чын көңүл менен баккан, сен гана экенсиң. Бактылуу бол! Балдарың да өзүң сыяктуу кичи-пейил, акыл-парасаттуу, бийик болуп өзсүн” деп батасын берди.
Түшкү чайга келген кенже кыз, чай үстүндө апасынын кутучасында калган жалгыз алтын шакек, келинге тийешелүү экенин, апабызды адал багып жүргөн Надира экенин айтып, эми ал шакекке эч-кимдин менчиктештирбөөсүн сурайт.
Жүзүн төмөн салган Надира: мен апамды алтын үчүн багып жүргөн жокмун. Бул менин келиндик парызым. Апам буйруса сакайып кетет. Баары Алланын колунда. Мага ал кишинин батасы жетет, - деп чай куймак болуп атасынын идишине колун сунган да, карыя көзүнөн бууланып аккан жашты көрсөтпөө үчүн аргасыз, жайылган тасмалдын четинен туруп жөнөдү.
Саналуу күндөрүн өткөзүп жаткан апа, өйдөнү карап, ойлонуп жатып, үч кызы менен келинин салыштырды. Келиндин бираз колу бошой калса, колуна китеп ала коюп, көзү талыса да үңүрөйүп, барактарды тиктегенден тиктеген. Келинин ички-дүйнөсү, рухании казынага мол экенин ушул күнгө чейин баам салбай келиптир. Байкап караса, кыздарын жалт-жулт эткен жалтырак дүнүйөлөргө кумарлантып тарбиялаган өзү экен.
Сырткы материалдык баалуулуктарга гана көңүл буруп, алардын ички руханий казынасын эске албаганын кеч түшүндү. Күнүмдүк тирликте жалт-жулт эткен дүнүйө маанилүү болгону менен, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан адамга, адеп-ахлактуу таза пейил гана кажет экен. Жан кыйналып турган кезде, коро толо малдында, ширелишкен дүнүйөнүн да, кутучага толгон алтындын да бир тыйынчалык жардамы тийбейт экенине ынанды.
Өмүрүнүн соңку көз ирмеминде, кыздарынын бары келип, “апалап” тегеректеп, көздөрүнөн жаш агызып отурушту. Кыйналып ары барып-келип жаткан энеге, босого тараптан түшкөн жарык гана жылуулук бергендей болду. Дал ушул учурда босогодо турган жалгыз келини гана чын ниет менен кайын-энесинин эки дүйнө жамандык көрбөсүн тилеп, өзү билген сүрөлөрүн кобурап окуп турган…
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4