-Коюңузчу ата,жогорку окуу жайды эми аяктадым.Мына эми буюрса жумушка орношом.Үй жай тургузуп,машина алып,туруктуу кирешелүү жумушту аркалап андан соң үйлөнсөм кандай дейсиз?
-Билбейм балам,даярына келген келин мунун баарынын кадырына жетээр бекен.
Сен менен бирге турмуштун өйдө ылдыйын,ысык суугун жон териси менен сезип,экөөңөр бирге тургузган ак өргөңөрдүн коломтосу кадырлуу жана жылуу болобу дегеним го.
Биз апаң экөөбүз карьерасы жок эле жашообузду квартирадан баштап,турмуштун ысыгына чогуу күйүп,суугуна кошо тоңуп жүрүп ушунун баарына жетиштик,силердей жаркылдаган мончоктой перзенттерди таптык,Аллахка шүгүр.Эми небере жытын жыттап,бактылуу карылыктын доорун сүрсөк деген тилегибиз орундалса.
Дагы өзүң билесиң балам...
Сиз атасынын пикирин колдойсузбу же баласынын пикирин колдойсузбу?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Азыркы жаштар эле карьера деген балээкет чыкты
Эң туура сөз