Дегдеп куткон таанышуу декабрдын жыйырма бешинде болду.
-Кыздар,кечиресинер, тортунчу кабаттан Исаева Суйгонду чакырып коесунарбы? -Колуна гул,торт которгон Дуулат акыркы экзаменин тапшырып жатаканага ээрчишип кирип келе ж'н топ кызга кайрылды. Арасында Суйгондун бар экенин алыстан эле байкап атайылап сурады. Кыздар Суйгонду карап кулуп жиберишти.
-Жаны жылды эртелеп эле куттуктаган кандай жакшы жигиттер бар! Жаман жери-издеген кызы мандайында турса тааныбаганы неси?-деген кыздар тамашалай,жигитти баштан аяк сынай карап жатаканага кирип кетишти.
Кыз болсо жатаканага бурула бергенде эле бейтааныш жигиттин караанын таанып озунон-озу сурдоп,тизелерин майда калтырак басып,журогунун катуу кагышын жанындагылар байкап калбаса экен деп башын жерге салып артта келе жаткан. Озунун атын угуп,жигитти тиктеп туруп калды.
-Айий,мага айтпай Аяз атага кат салып жибергенсин го? Кандай сонун белек! Кычыраган,келишимдуу. .. Ичим куйуп ж'т,мени эмнеге ушинтип бейтаанышым издебейт? Тамаша. Эми кечке жоголбой эртерээк кирсен,болбосо мен экоондун не деп суйлошконунорду укпай жарылып кетпейин! -деп шыбырай суйлогон Айжан Суйгондун сол капталынан нукуп алып,Дуулатка жалжылдап тиктеп,"Саламатсызбы, ?"деди да кирип кетти. Жаркылдаган кызга баш ийкеген Дуулат канчалык озун сабырдуу кармап,салабаттуу корунойун дегенине болбой оозунан созу ыргып,толкунданганынан алакандары нымшып тердеп чыкты. Сууланган колдорун аарчыйын десе же гулдестесин кызга суналбайт. Сыртынан далай жолу акмалап,коз сынынан откоруп жургон кырдач мурун,эриндери бойтойгон,кой коздуу,арыкчырай кыздын мандайлаша келгенде ушунча суру бар экенин ойлогон эмес экен. Адатынча соз м'н тамашалай,кулдуруп суйлоп таанышып,жолугушууга жооптошуп алып жумушка кайра чуркап кетем деп эртеден бери озун алдап кутуп турганын эми тушунду. Абкаарып турган абалынан Суйгон чыгарып кетти:
-Мен сизди угуп жатам?-деди дел б'н немедей Дуулаттан козун албай тиктеп тура б'н Суйгонго эми жан киргенсип. Анткени жатаканага кирип чыккандар экоону кызыгуу м!н сынай карап отуп,кубур' шыбырга тушкондорун, ар кайсы кабаттагы терезелерден кыздар баштарын чыгарып карап,шыбырашып жатышкандарын байкады.
-Ааа..-деген Дуулат шашкалактап колундагын гулун кызга суна:-Бул торт сизге,чай ичип коюнуз.
Кыз Дуулаттын колундагыларды кылыя тиктеп:
-Кечиресиз,бирок мен тааныбагандардан белек ала албайм,-деди жылмая. Журогу толкуп ташып дукулдогонун билдирип албасам экен дегендей озун токтоо кармаганга тырышты.
-Мен...мен Дуулатмын,фамилиям Адамов. Келген себебин,кандай айтсам ылайык келет деп мукактанып, калын кара кашын ойдо которо ойлоно тушуп:- -Мен сизди келе жаткан Жаны жылыныз м'н куттуктап коеюн деп эле жумуштан суранып келип калдым. Таласка кетип калсаныз жакшы тилегимди айта албай калам го деп ойлодум.
Суйгон мындай соз угам деп эч куткон эмес. Бейтааныш жигит м'н кыялында далай жолу таанышып,суйлошкон чыгаар,бирок. ... Туш коруп жатамбы дегендей,эки жагына коз чаптырып алды. Жоок,мына козго жатык жатакана. Тигине коншу кыз каш кага суроолуу тиктеп кирип баратат. Мандайында аскер тумакчан,ийнинде уч жылдыздуу погону бар купайкечен бою узун,откур тиктеген жигит турат.
- Чоон рахмат! Мен учун кутуусуз,бирок жагымдуу куттуктоо. Бирок,менин Таласка кетээримди кайдан билесиз?-деди тан калганын жашыра албай кубана.
-Суйгон!- Дуулаттын" Суйгон " дегени ушунча кучтуу сезим м.н айтылгандыктан уян кыз селт этип алды. "Суйгон" дегендин ичинде мурда эч качан,эч кимден эшитпеген жакшы коруу,жакын саноо,чон умут ,сурануу бар эле. Кыз ушуну туйду. Журогу тымызын"тыз" этип алды.- Менин эмнеге келгенимди тушунуп турган чыгарсын. Бирок а3ыр кенен суйлошууго убктым тар б.п жатат. Мен сенин эк3аменин эрте эле бутсо керек деп ойлогом. Кечир,азыр жумушка кечигип жатам. Кел,эртен саат ондордо шашпай жолугушуп,суйлошобуз? -деди кулмундой карап гулун акырын кыздын колуна карматып жатат. Жигиттин колунан кадимкидей жылуулук отуп Суйгон да колун тартып ала албай-Кезиге албайм го,-деди кыздык намысы кое бербей.
-Эртен жолугалы. Анан сен мага эмнеге кезиге албасынды айтасын,макулбу? Ааа,баса,эртен дем алыш да,сен укташын керек. А мен сени ойлонбой эле онго чакырып жаткан турбаймынбы. Кел он бирде кутом.
Экоо тен жарыша кулуп жиберишти. Ушул кулку экоонун ортосундагы кысынуу,тартынуу деген сезимди жокко айдап кеткенсиди. Кыз кулкусун тыя албай,башын чайкады.
-Мен чындап кечиктим,колундагы саатын карап Дуулат шашып калды. -Мен сени саат он бирде тигил бурчтан кутом,-деди да энкейе кыздын чекесинен суйуп шарт жоноп кетти. Кыз артына кылчайып карагысы келди,бирок карай албады.Буту тушамышта калгансып кадам шилтеи албай жатакананын оозунда тура берди.
Ангыча Айжан жугуруп чыкты.-Исаева, сен эмне эс талма тийгенсип турасын.Мени аяп койсон боло,айтпадым беле жарылып кетем деп. Ким экен,не дейт?"Суйгон суйлошуп турган ким? Созолонуп журуп эле курбун бул жигитти каяктан чаап алган?"деп кошуна кыздар жанымды койбой сурап тажатышты. Мен да сыр бербей "Суйгондун суйгону"деп койдум. Кир эми.-Айжан курбусунун абалын тушунгондой жетелей жоноду. -Койчу,чын эле ошенттиби? Дуулат деген жакшы ат экен. Анда откондо биздин корпуска сени эле издеп келген турбайбы? Ушундай да болот экен,ээ. Тиги учоо укса ишенишпейт болуш керек. Эми эртен жакшынакай кийинип алып,жолугуп, жакшылап таанышып кел,-деди Айжан Суйгондун сыртта б'н таанышууну айтып бергендерин угуп болгон сон.
-Чакырса эле бара калсам кандай ойдо калат? Анын устуно ал мага жарытылуу деле эч соз айткан жок да." Эмнеге келгенимди тушунгон чыгаарсын" ден койду.Баса,ал мени Таласка бараарымды да билет экен. Ким айтышы мумкун? Мени бироо тамашалап ойнотуп жаткан жокбу?-Суйгон эки анжы ойдо болуп,куйуноорун же суйуноорун билбей,Айжанга карады.
-Кызык эле кызсын. Эмнеси тушунуксуз! Сени жактырып,таанышайын деп келди. Болгондо да чак тушто,жатаканага издеп келип жатса каяктагы оюн? Карачы кычыраган кышта мынча розаны ким сатып алат. Сени жактырып калган сон бироодон сураштырып, аты жонунду билген чыгаар да. Эртен бара корсон анан билесин..
***
Туну бою туйшолуп,уктай албай,тандын атышын чыдамсыздык м'н куткон Суйгон эрте эле туруп алды. Шырп алдырбай бутунун учу м'н басып келип терезеден сыртка унулду. Тундо да кар жааптыр. Жатакананын мандайындагы бактар карга чулганып,айлана козуно ботончо кооз. Жымжырт. Бир саамга кардан козун тартып ала албай туруп калды.
-Исаева,уйкун качып,саат отпой,журогун "Дуулат" деп согуп жаткан окшойт,ээ? Тан атпай терезеге телмирип туруп калганына караганда. Тушуном,бирок жардам бере албайм,-шыбырай суйлогон Айжан курбусун тамашалады. - саат он бирге чейин коп бар,жата турсанчы?
-Сени шылдындатып эле койсо..Барып кел,деп шыкактаган озун. Эми болсо... Барбай коем,анан отурасын.
-Ой корком,корком! -Экоо тен кулуп жиберишти.
-Андан коро мени м'н журу душка.Чачымды жууп алсамбы? Чачып жалпайып,озумо жакпай турат.
-Кыштын чилдесинде башынды жууп алып,сыртка чыгып минингит боло албай жатасынбы? Мурда куну эле душка тушподун беле,чачын сонун эле болуп т'т. Сен не жыланбаш чыккан жатасынбы? Тебетейинди эле кийип ал,куткан м'н сонун жарашат. Экоонун божурашканынан башка кыздар да ойгонуп,он бирге чейин Суйгонду сулуулашты.
****
"Келбей койбосо экен"деп кыйпычыктап, улам саатын карап,жатакананын сырткы каалгасына мойнун созуп турган Дуулат Суйгонду коруп суйунуп кетти." Жакшынакайым менин" деп ичинен жалынып да алды. Кыздын алдын утурлай басып:
- Мен негизи созго жокмун,бирок бугунку аткан тан м'н сенден бир окшоштук байкадым. Эмне окшоштук дебейсинби? -деди кулмундой кыздын жузунон суйо.
-Эмне окшоштук?-кыз жылмайып,ушул адамга арзып,адашпай эле келгенин тушунду. Анткени кечээтен бери журокзаада болуп,туура элеби деген ойдон арыла албай турган. Аз ыр Дуулатты коруп,унун угуп конулу жайлана тушту.
-Экоонор тен татына экенсинер..
-Рахмат.-эки бети албыра тушту.-Уялтып жибердин го. Жаратылыштын кооздугуна кыздын сулуулугу тен келе албаса керек.
-Жок,кыз кышка,кыш кызга жарашып турат.
Экоо эми табышкан эски тааныштардай узун созго киришип,бак аралай кеткен жолдо кантип жетелешип алышканын да андабай кете беришти. Жолдон суротко тушушту.
-Азыртадан айтып коеюнчу,аскер адамы командировкалап сыртка коп чыгат...- Дуулат коздорун кымындатып, кызга кылыя карады. Суйгон да жигиттин тамашалап жатканын коздорун окуп:-Аа,анда аскер жигиттерге турмушка чыкпагыла,алар уйго жолошпойт экен деп курбуларыма айтып коеюн,-деди
Кыздан мындай жоопту кутпогон Дуулат каткырып кулуп:
- Курбуларына айтсан айт,бирок бул соз Адамовдон башкаларга тиешелуу экен десен. Мен сенин жанындан карыш жылбай калдым го.-Дуулаттын кулку чайыган жузу олуттуу тарта,кыздын карегине кадала карап.:-Сени мурда коргондо эле жон кыз эмес экенинди тушунгом. Бирок таанышууга даабай,батынып ачык бара албай,кундо ана-мына деп журо бердим. Башында анча элес албай,балким кызыгуу тарап кетээр,унутуп калаттырмын деген. Бирок,кун откон сайын сени коргум келип,ашыкчу болдум. Майрамдарда кызып калган кундору тун бир оокум экенине карабай,жатаканана келип,кайсыл терезеде,кай болмодо менин бар экенимди билбей уктап жатат болду экен деп тигиле карап отуп кетчумун. Жашырганда эмне? Анан кыш тушуп калды. Ортодо эки жумалык командировка м.н Балыкчыга барып келдим. Мына ошол жакта сенден алыс журуп,сени закшы корорумду тушундум. Жок,жон эле жакшы корот дегеним жарабайт.Жанымдай жакшы кором. Сыртындан карап,"багып" журуп, мен сен у.н жолонгуч,тирооч болгум келээрине ко3ум жетти.
Табиятынан жашык кы3дын карегинде ысык жаш тегеренип,эрдин бекем кымтый,тамчы жашын сыртка чыгарбай карманып турганына болбой,жаак ылдый куюлду.
-Эмне болду? Мен жаман соз айтым алдымбы,кечирип койчу? Ыйлабасан?- Дуулат кы3дын жашын алаканы м"н аяй арчый,бет аарчысын алып чыгып,кызга карматты. Айтаарга соз таппай,кантип сооротушту билбей шалдая туруп калды.
-Жок, Дуулат,сен озуно алба. Мен кубанганымдан ыйлап жатам. Мага эч ким мынчалык жакшы созун арнаган эмес. Тироочмун десен,мен зарыгып куткон атамдай сезилип кеттин. Сага эркелеп ыйладым,-деди Суйгон кулумсурой жашын суртуп.
-Оой,ошого да ыйлайт бекен? Мен коркуп кетпедимби.. Дуулат кызды кучагына бекем кысты. Кыз да боюн ала качпай жигитке ыктап турду. Экоо копко кучакташып турушту. Кыздын жытына,ысык илебине магдыраган жигит ичи эзилип,коздорунон ооп алды. Суйгонду Цумдун жанындагы кафеге туштонууго чакырды. -Суйгон,мен сен ж'до баарын билгим келет. Озун тууралуу кененирээк айтып берсен. Эгер оор болбосо?
Кыз Дуулаттын кайсы жакка кыйытып сурап турганын тушунуп,оор улутунуп алды.Бир чети сураганы туура,башынан эле ачык айтып,о3унун жетим оскон кыз экенин азыртан билген он деп ойлоду.
-Мени 6-июнь куну торот уйуйун эшигинин алдынан танкы саат жетилерде табышыптыр. Бирок,врачтардын айтуусу б'ча мен ал торот уйундо торолбоптурмун. Ошон у'н туулган кунум 6-июнь деп жазылып калыптыр. Фамилиям да ойдон чыгарылган, Иса пайгамбар колдоп журсун деп Исаева дешкендир деп калам. Мени эч ким издеген жок. Бирок мен кутуп жашагам.Али кунчо кутом. Бирок жыл откон сайын умутум очконсуп барат. Менин атам ким? Апам кайда? Эмне себептен мен таштанды кызмын.?-деген суроого жооп издеп таппадым.-кыздын конулу чогуп,ушкурунуп алдым. Дуулат озун ынгайсыз сезип:
- Эч нерсе эмес.. Эгер кааласан чогуу аракет кылабыз. Кантип эле бир жолу табылбасын. Капа болбо. Сен эми жалгыз эмессин го? Курбуларын да жакшы кыздар.Таласка кайсы кыз м'н барасын? Эгер кааласан,бул жакта калып, Жаны жылды чогуу тосолу. Достор Колго пансионатка чакырып жатышат. Кандай дейсин?
- Жоок,рахмат. Мени Жийденин уйундогулор Жаны жылды биз м'н тосуп кет дешкендеринен макул болуп койгом. Улуу кишилерге барбай койсом уят го.
*****
Ичинен кыйылып жибергиси келбей турса да, Дуулат "барбай эле койчу,мен сени ала качып кетишпейби деп журокзаада болуп турам"деген оюн батынып айта албады. Ал жаман ойдон озун озу алаксытмакка откон кеткендерди айтып,кызды кулдуруп отурду. Суйгон жигиттен козун тартып ала албай,суктана тиктеп "суйлогонун, кулгонун да кандай жагымдуу" деп ичинен жакшы коруп отурду.
Кун кечтеп калганда жатаканага узатып келген Дуулат кыздын чекесинен аяр суйуп:
-Таластын кулчотайын коп коп жеп,жакшы эс алып кел. Бирок,сени кутуп,сагынып калган бир адам бар экенин эсинден чыгарбай,эртерээк келсен ээ?-деди. Кыз жатаканадагылар коруп койбосо экен дегендей, Дуулаттан озун оолак кармай,уялынкы баш ийкеди да жылмая коштошуп кирип кетти.
****
Журогуно суйуу уялаган кы3 ажары ачылып,ботончо кыялкеч,наздуу боло баштады.
-Кандай бактылуусун Суйгон!-деп коп кыздарды тымызын суктантып,Дуулат м'н кыз'жигит болуп жарым жыл суйлошуп журушту.
-Кундо сени коруп,ооп алып анан жумушка барайын деп журуп,уч жолу жумуштан кечиктим. Корбой калсам куну бою ойлоно берем. Мындай жашоо болбойт. Уйдогулорго кат салып жиберди,кеттик алтынчы куну айылга ,-деди бир куну Дуулат кызды университеттин алдынан кутуп алып. Кыз кылыктанып "ойлонуп коройун"деди жылмая.
-Алтынчы кунго чейин ойлонуп,оокат кеченди камдап дайын болуп тур. Болбосо,ак койной кийгизбей эле ала качып кетем,кийин мага ыйлактаба.-Дуулат кызды кучактап коздорунон суйо шашыла басып кетти.- Сабактан чыккандан кийин кыздарын м'н озуно жаккан койнок караштыра бер,ээ?
Бир бутунго айланалы деген бутумго келген эки жашты шаардан дос'курбулары узатып,эстеликке деп суротко тушуп,"очпос отко" гул койгону барышса,ошол убакта эмнегедир от жок экен. Бакытка балкыган эки жаш анда аны деле элес алышкан эмес...
****
Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дегендей,дарбазанын оозуна токтогон машинага калдастап,кучагын жая жеуе келген тамылжаган кызыл жуздуу кемпир баш багып,"кимин келинимсин? "деп алып,ортодо ак койнокчон,башын томон салып отурган Суйгонду коруп,эки бетинен ооп,соомойу м'н жанындагы келиндин колундагы чыныдан сары май алып оозантты. Андан сон чачыла чачылып,уйго баштап кирди. Суйгон бул кайненеси экенин тушунуп,суйунучтон коздорунон жаш куюлду.
-Балакетинди алайын десе,чийдей улбурогон кыз турбайбы. Астындагы тошогун калындатып салып бергиле,уй салкын,ушуп калбасын. Ыйлаба,тегенерейин, жаман жер эмес. Башындан бак кетпей,кошогон когорсун! Ак жоолугун башындан тушпосун! .-деп суйлонгон эне чекелери саймаланып кооздолгон чон байлам ак жоолугту башына салып,чекесинен опту.
Суйгон ыйласа,коштоп келген курбулары да ыйлап,босогодо турушканын коргон келиндер:
-Иий,кокуй,келинибиз ыйлаганы тушунуктуу, бул конок кыздар не ыйлайт! Ырас о3дору эле келген жакшынакай кыздар экен,колдон чыгарып ийбей ылайыктап коруп,о3убуздун эле айылга алып калсакпы?-деп тамашалай кулуп калышты. Экоо аны угуп тып басылышты. Ансыз деле Дуулаттын жолдоштору жолду катар тамашалашып:
-Дуулат, Суйгондун эки курбусун сага аяш кылып берсекпи? Бугун сенин тоюн отсо,эртен биз улантсак кандай дейсин,-деп келатышкан.
- Жакшы болот эле..-деп Дуулат да аларды коштой, Суйгонго акырын коз кысып, Айжан м'н Асылды чычалатышкан болчу. Эми болсо.."Чын эле алып калышпасын "дегендей экоо кошогодогу Суйгонго ыктап отуруп калышты.
-Ботом,баарын жарданып карап туруп албай,чайынарды алып келбейсинерби? Тамагынар бышты беле? Алыс жол жургон немелердин о3огу карарды да. Дуулатты балдары м'н чакыргыла,тамактанып алышсын.
#СенЖанаМен
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев