Калык айткан Жумгал деп,
Мидин жазган Жумгал деп.
Биз билгенден кыргызда
Жумгал деген ырлар көп.
Бул жетишпей калгансып,
Мен да жаздым Жумгал деп
Алтын көкүл тоолорун
Айдан ары ашчудай.
Чокуларың түн күзөйт
Чекте турган сакчыдай.
Мал киндиктүү экенсиң
Бабам күткөн жакшы жай.
Бүт дүйнөнүн койлору
Бир өзүнө батчудай.
Бир жолу эмес, миң жолу
Жер экенсиң жазчудай.
Таамай сөздү таппаган
Талантымдын аздыгы ай!
Торпуларың тогуз мин...
Адырларын алты миң...
Түздүгүндө түр жемиш
Даамын татсам бал-ширин,
Ак буудайын жалтылдайт
Нурун чачса жайкы күн.
Жылдыз толгон көгүң бар,
Жыргал экен ар түнүн.
Жүрөк сүйгөн селкиңе
Жүздөшөмүн кайсы күн?...
Баатырларын бакыйып,
Баркы менен аты улук.
Чыгып келген жарыштан
Ракеттей атылып.
Орден толгон төшүнө
Олтургум бар баш уруп.
Азаматтар ошолор
Ысык, суукка катыгып,
Пайда берген өлкөгө
Малдын санын ашырып.
Оо, Жумгалым, Жумгалым,
Айтса бүтпөс жыргалым.
Опкогураак жан элем
Ойдогудай сыйладың.
Менин сага кааларым
Миңге жетсин бир малын.
Элсиз жердин көркү жок,
Элин менен жыргагын.
Күмүш болсун күндөрүн,
Алтын болсун жылдарын.
Б.Сарногоев
https://youtube.com/channel/UCyHXzEOldXeKhzc8MCyeq5A
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15
Урдум ошол жумгалды .
Чечекейим дем туруп.
Жан дуйномду булгады
Бироо жумгалды мактаганда ушуну айткан экен.
Башын башпы кумганбы
Же талталдап бироо жулганбы
Мынтип журсон бир жылда
Курутасын жумгалды
Таз башына жазам деп
Таза колум булгады....
Башын башпы кумганбы?
Же искектеп бироо жулганбы?
Минтип журсон мас болуп
Сен курутасын Жумгалды! !!
Сенин тас башына жазам деп,
Менин таза колум булганды.