Молдоке: "Кандай суроо аксакал сураңыз?", десе. Балам мен ооо 1945-жылы бир чооң күнөө кылганмын да. Аны айтышка да батыналбай турамын", десе. Молдоке "Аай аксакал айта бербейсизби эми уялбай эле", дептир. Анда аксакал: "Ошондо мен бир немецти үйгө жашырып баккан элем", десе, молдо оозунан сөзүн жулуп алып: "Ээй аксакал ага эмне кайгырасыз, күнөө эмес кайра сооп иш кылган турбайсызбы, себеби сиз бир адамдын өмүрүн сактап калып жатпайсызбы", дептир. Анда аксакал: "Ошоо бирок бир жери бар да балам" десе. Молдоке: "Коош эмнеси бар экен", Аксакал: "Ал немистен күнүнө 100 доллар алып турчумун да", дептир. Анда молдоке: "Аа ошентпейсизби, кеп биякта деңизчи, коош аксакал мейли эми күнүнө 100 доллар алсаңыз деле эч нерсе эмес, кыжалат болбоңуз күнөө болбойт, анткени сиз адам өмүрүн сактап калып жатпайсызбы", дептир. Аксакал: "Ээ рахмат балам, рахмат", деп кетип бара жатып, эшикке жеткенде, артына кайрылып: "Балам ошол немецке согуш бүткөнүн айтсам бекен аа" деп койот дейт))
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38