Предыдущая публикация
Мен ыр жазсам,
Эске түшөт элесиң.
Эстейсиңби сен да мени,
Анда качан келесиң?
Сага жазган ырларымды,
Окуп сен.
Кат жазбастан,
Айтчы кайда жүрөсүң?
Эстеп алып,
Сенин наздуу күлгөнүн.
Орунунан козголгонсуйт,
Жүрөгүм.
Күн батканда,
Кайра мага таң атпай.
Түшүнчү эркем,
Кусалыктан жүдөдүм.
Мен ыр жазсам,
Санаам тарап бир азга.
Сөздөр келет,
Куюлушуп бир башка.
Сени эстейм ар убакта,
Ашыгым.
Кабарың айт,
Жүрөсүң сен кай жакта.
Көрүп билип сен да,
Баарын сезесиң.
Кабарың айт,
Айтчы кайда жүрөсүң?
"И-М".
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев