2019-жылдын 22-июнда Бишкек шаарында Кожомкул атындагы спорт сарайында эл аралык эр таймаш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болду.
RFCH президенти Марат Айдаров ушул мелдеш боюнча “Улуттук Аракеттин” кеңсесине келип, эр таймаш боюнча маалымат берип, ой бөлүшүп кетти.
RFCH президенти Марат Айдаровдун спорт тармагына кошуп жаткан салымы, жогорудагыдай мелдештерди өткөрүп жаткандыгы жакшы жышаан экенин белгилеп, “Улуттук Аракет” мындан аркы ишмердүүлүгүндө да мындай мелдештерди колдоорун жана ар тараптан көмөк көрсөтүп тураарын баса белгиледи.
Коомчулук менен байланыш бөлүмү.
#Аракеттебиз...
Бүгүн БЛОК коомдук бирикмеси тарабынан Улуттук Аракет, Биз Барбыз кайрымдуулук фонду мүчөлөрү, Жогорку Саясий Мектептин угуучуларынын ортосунда Playstation оюндары боюнча турнир өттү. Турнирдин жеңүүчүсү ВПШ нын угуучулары.
Сизда кызыгып жатасызбы?
Анда бизге жазылып катышсаңыз болот!
#БЛОК#АРАКЕТТЕБИЗ#ЖАШТЫГЫМ_САГА_КЫРГЫЗСТАН
Мамлекетибиздин коопсуздугуна кам көрүп, конституциялык түзүлүштү жана эгемендигибизди мыйзамсыз кол салуулардан коргоп, территориалдык бүтүндүктү камсыз кылган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктайбыз!
Улуттун коопсуздугун өз коопсуздугунан өйдө коюп, сырткы жана ички коркунучтардан коргоп келе жатасыздар.
Бул ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү, ары маанилүү миссияны аткаруу үчүн чыныгы патриотизм, чечкиндүүлүк, кесипкөйлүк, каармандык жана өз Мекенине берилгендик зарыл.
Мамлекетибиздин коопсуздугун коргоо жалгыз гана силердин эле эмес, жалпыбыздын милдетибиз.
Тилекке каршы сиздердин миссияңыздар жашыруун аткарылып, көбүнчө коомчулуктан сы